Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарына 6 шаардан келген депутаттардын иш сапары эл өкүлдөрүнүн ортосундагы футбол мелдеши менен жыйынтыкталды

Ош шаарына 6 шаардан келген депутаттардын иш сапары эл өкүлдөрүнүн ортосундагы футбол мелдеши менен жыйынтыкталды

29 апрель 2023, Суббота
355
0



Жалпысынан 7 шаардын командалары кичи футболдо күч сынашып, натыйжада Нарын шаардык Кеңеши 1-орунду алды. Байгелүү 2-орунду Талас шаардык Кеңеши багындырса, 3-орунду Жалал-Абад шаардык Кеңешинин эл өкүлдөрү татыктуу жеңишке ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Ош шаардык Кеңеши тарабынан даярдалган атайын кубок, медалдар жана дипломдор тапшырылды. Эскерте кетсек, ынтымакты жана биримдикти чыңдоо максатында уюштурулган депутаттардын ортосундагы тажрыйба алмашуу иш сапарлары жана футбол боюнча мелдештер жыл сайын 7 дубанда кезек-кезеги менен өткөрүлүп келет.





Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)