Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын мэриясынын Коллегиясынын жыйыны өткөрүлдү

Ош шаарынын мэриясынын Коллегиясынын жыйыны өткөрүлдү

06 февраль 2020, Четверг
1 274
0

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын Коллегиясынын жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.Разаков, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. 

Жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” жөнүндө Жарлыгынын аткарылышынын жыйынтыктары жана 2020-жылга карата милдеттер жөнүндө маселе каралып, тиешелүү токтом кабыл алынды. 

Жыйынтыгында шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон меке-ишканалар шаардык мэриянын баалуу белектери жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)