Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » “Алай” футбол клубунун футболчуларын сыйлоо аземи болуп өттү.

“Алай” футбол клубунун футболчуларын сыйлоо аземи болуп өттү.

10 февраль 2020, Понедельник
1 375
0

Бүгүн Ош шаарынын “Алай” футбол клубунун футболчуларын сыйлоо аземи болуп өттү.  Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Ош шаарынын вице-мэри Н.Кадыров, КРнын Футбол Федерациясынын баш катчысынын орун басары Н.Букуев, “Алай” футбол клубунун вице-президенти С.Аматов жана футбол команданын оюнчулары катышышты.

Ош шаардык Кеңеши, Ош шаарынын “Алай” футбол клубдук командасына өзгөчө көңүл буруу менен ар тараптан колдоого даяр, биз силерден бир гана жеңишти камсыздап берүүңөрдү күтөбүз деп билдирди Ж.Ормонов. 

Ошондой эле, Төрага Ош шаардык Кеңешинин атынан Турция мамлекетинин Анталия шаарында футбол боюнча өткөрүлүүчү тандоо машыгуусуна даярдык көрүү үчүн сертификат тапшырды. 

Ош шаарынын “Алай” футбол командасы 2019-жылдагы Премьер Лигада 2-орунду камсыздаган.   

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)