Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

04 май 2023, Четверг
353
0

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы М.Маматов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, депутаттар-комиссия мүчөлөрү Б.Жолдошбаев, Д.Абдибаева, Т.Жээналиев, Ашимжан кызы Айпери жана М.Абдыманаповдор, депутаттар Б.Баетов, Ш.Бакир уулу, Э.Раимов, Н.Алмазбек кызы жана шаардык мэринин орун басары З.Юсупов, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын эскилиги жеткен, жараксыз болуп калган автоунааларын эсептен чыгаруу жана шаардагы ээлери аныкталбаган электр көмөк чордондорун райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү боюнча жумушчу топтун аткарып жаткан иштери боюнча маселелер карашты.
Депутаттар тарабынан шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен суроо-жооптор болуп, талкууланып жана тапшырмалар берилип, туруктуу депутаттык комиссия чечимдерди кабыл алды. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)