Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму болду

Убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму болду

10 май 2023, Среда
335
0


Бүгүн, 10-май күнү Ош шаардык Кеңешинин Ош шаарынын Набережный көчөсүнүн 2 “А” дарегинде муниципалдык шартта курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн түзүлгөн убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчилигинин курулуштун жүрүшү боюнча маалыматы угулду. Курулуш графигинин кечеңдеп жаткандыгы жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын координациялык кеңешинин чечимдеринин аткарылуусу боюнча эл өкүлдөрү тарабынан берилген суроолорго жооп бере турган “Дельта-Лот”курулуш компаниясынын компетенттүү жетекчилиги отурумга катышпагандыгына байланыштуу депутаттык комиссиясынын отуруму курулуш компаниясынын жетекчиси Б.Камаловдун катышуусунда өз ишин 11-майда улантуу боюнча чечим кабыл алды.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)