Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңеши административдик кызмат орундарынын кенже тобунун кадрлар резервине сынак жарыялайт

Ош шаардык Кеңеши административдик кызмат орундарынын кенже тобунун кадрлар резервине сынак жарыялайт

12 май 2023, Пятница
555
0


Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

-  жогорку билим же орто кесиптик билим (багытына талап коюлбайт).

2.Иш стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:


-  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: 

- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; 

- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн   зарыл болгон көлөмдө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) мамлекеттик жана расмий тилдерди.

Билгичтиги:

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

- командада иштөө.

Көндүмдөрү:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; 

- эмгектин жаңы шарттарын тез өздөштүрүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

Кароо-сынакка катышуу үчүн керектелүүчү документтер:

           Сынакка катышуу жөнүндөгү жеке арыз (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен) Резюме (электрондук                 даректи көрсөтүү менен),
  1. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы.
  2. Паспорттун көчүрмөсү.
  3. Аскердик билетинин көчүрмөсү.
  4. Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгон же соттолбогондугу жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен).
  5. Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн).
  6. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер эмгек стажы бар болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн.

Документтерди кабыл алуу боюнча кулактандыруу Ош шаардык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланган. Толук маалыматты www.oshkenesh.kg сайтынан алса болот.

Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Ош шаары, Ленин көчөсү, 221 (№39-кабинет). 

Сурап билүү телефону 7-11-96.

Сынакты өткөрүүнүн убагы жана датасы кошумча маалымдалат.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)