Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эрдиктин, каармандыктын жана чыныгы мекенчилдиктин майрамы 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата.

Эрдиктин, каармандыктын жана чыныгы мекенчилдиктин майрамы 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата.

24 февраль 2020, Понедельник
1 552
0
Эрдиктин, каармандыктын жана чыныгы мекенчилдиктин майрамы 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата.
Бүгүн 21-февраль күнү Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чаранын алкагында Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Самибай Артыковдон кабар алды. Ардагерибиз 9 кыз, 7 уул, 82 неберенин, 136 чеберенин бабасы жана 4 кыбыранын бубасы катары 99 жаш курагын жашап жаткан учуру.
Төрага Ж.Ормонов Самибай Артыковдун басып өткөн жолун угуп, жаштар үчүн согуштагы кыргыз элинин мекен үчүн өз өмүрүн аябагандыгы, мекенди өз урпактарына сактап, мурас кылып калтырган ата-бабалардын эрдиктерине жана майтарылбас улуу рухуна таазим этерин белгиледи.
Согуштун ардагери менен жолугушуунун аягында Мекенин, өз үйүн, өз ишин жана жакындарын, өлкөнүн келечегин коргоого даяр эр жүрөк жана руху күчтүү жоокерлерибиздин майрамы экенин белгилеп, бардык Мекен сакчыларына бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалады.






Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)