Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

24 февраль 2020, Понедельник
1 273
0
2020-жылдын 20-февралында Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү. Отурумга депутаттык комиссиянын төрагасы Н.Рашев, мүчөлөрү: К.Камчы уулу, К.Мамбетов, Х.Хакимов, А.Турдубай уулу, Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимов, Ош шаарынын тиешелүү кызматтарынын жетекчилери катышты.
Отурумдун күн тартибине Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча курулуш иштерине макулдук берүү, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү, Ош шаарындагы кээ бир жер тилкелеринин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү маселелери кирген.
Кызуу талкуулардан кийин күн тартибине киргизилген 3 маселенин ичинен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү, Ош шаарындагы кээ бир жер тилкелеринин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндөгү маселелер шаардык Кеңештин сессиясына сунушталды. Ал эми Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча курулуш иштерине макулдук берүү жөнүндөгү маселе тиешелүү талкуулардан кийин, маселеге байланыштуу айрым иш кагаздарын тактоо тапшырмасы менен кийинки отурумдун кароосуна жылдырылды.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)