Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Курулган тротуарлардын сапатын текшерүү улантылууда

Курулган тротуарлардын сапатын текшерүү улантылууда

16 май 2023, Вторник
306
0


Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынан жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнөн турган депутаттык комиссия тарабынан 2023-жылдын 13-15-май күндөрү Ош шаарынын У. Салиева тар көчөсүндө, Королёв, Заднепровский, М. Аматов, Э. Алиев жана № 5 “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 177-көчөсүндө жаңы курулган тротуарлардын сапаты текшерилди. 


Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган көчөлөрдөгү 2022-жылы курулган тротуарлардын кемчиликтери аныкталды. Депутаттардын көчмө жыйыны протоколдоштурулуп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар даярдалды.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)