Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинде туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинде туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

17 май 2023, Среда
301
0


2023-жылдын 17-майында Ош шаардык  Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселери боюнча туруктуу депутаттык     комиссиясынын отуруму болуп өттү.  

 Күн тартибинде  төрт маселе каралып, отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы М.Маматов алып барды. Отурумга шаардык  Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселери боюнча туруктуу депутаттык     комиссиясынын мүчөлөрү А.Салиева, Д.Абдибаева, Б.Жолдошбаев, М.Абдыманаповдор жана депутаттар Б.Колдошов  М.Маматкулов, мэриянын кызматкерлери, тиешелүү тармактардын өкүлдөрү катышышты. 

Каралган маселелер боюнча тиешелүү тармактардын жетекчилерине депутаттар сунуштарын, суроо-талаптарын жана сын-пикирлерин айтышып, сессияга сунуштала турган маселелердин чийкилигинен туруктуу депутаттык комиссиянын кийинки отурумуна кароого калтырышты.




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)