Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С. Назылбековдун "Энелер күнүнө карата куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С. Назылбековдун "Энелер күнүнө карата куттуктоосу

19 май 2023, Пятница
360
0

Урматтуу энелер! 

Кымбаттуу апалар! 


Бүгүн Сиздердин баалуу урматыңыздарды даңазалаган өзгөчө күн. 

Баарыбыз үчүн эң ыйык, асыл инсандарыбыз болгон энелерибиздин күнү. Андыктан, мамлекетибизде белгиленип келе жаткан «Энелер күнү” менен баарыңыздарды Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм!

Жүрөгүбүздүн төрүнөн орун алган асыл энелерибизге, апаларыбызга арналган бардык каалоо-тилектерди Жараткандан кабыл болуусун тилек кылам. 

Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. 

Себеби, жер жүзүндө кандай гана жакшы саамалыктар жаралса, анын башаты бул энелер. Анткени, бул дүйнөнүн башаты энелердин мээриминен башталат дешет.

Биз адашсак жол көрсөтүп, мээримин аябаган таалим-тарбия берип, турмуштун кыйынчылыгына, түйшүгүнө карабай эрезеге жеткирген баатыр энелерибиз, урматтуу апаларыбыз  менен сыймыктанабыз. 

Урматтуу   апалар!

Ардактуу энелер!


“Эне үйдүн куту” деген асыл сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Аялзатынын эң асыл мүдөөсү, аруу тилеги – үй-бүлө туткасын бекем кармап, бала тарбиялап, анын ысык суугуна чыдап, эли жерин сүйгөн инсандарды тарбиялоо деп эсептейм.   Аны менен гана чектелип калбастан Сиздер мамлекетибизди, анын ичинде шаарыбызды ар тараптан өнүктүрүүгө, коомубуздун ынтымагын, достугун, ыйманын сактоого да зор салым кошуп келе жатасыздар. 

Андыктан Сиздерди дагы бир жолу, “Энелер күнү” менен куттуктап, дайыма бактыбызга аман болуп, төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн куту болуп жүрүшүңүздөрдү каалаймын жана Жараткан сиздерге энелик, аялдык бактысын бергенден аянбасын.

Майрамыңыздар менен!

          

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)