Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эл аралык илимий практикалык-конференция болуп өттү

Эл аралык илимий практикалык-конференция болуп өттү

26 май 2023, Пятница
1 613
0


Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 30 жылдыгы жана Кыргызстандагы юридикалык илимди өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болду. Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Административдик иштер боюнча Жогорку Соттун орун басары Бакирова Нургүл  жана чакырылган коноктор катышышты.

Төрага өз сөзүндө “Илимпоздорду, студенттерди, жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучулук жана профессордук жамаатын Ош шаардык Кенешинин депутаттарынын атынан шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө, илим-билим тармагында алгылыктуу иштерди жасап жаткандыгына терең ыраазычылык билдирүү менен бүгүнкү конференциянын ишине ийгиликтерди каалады. Азыркы учур илим менен билимдин заманы экендигин,  кайсы өлкөдө илимге, билимге маани берилсе, көңүл бурулса, камкордукка алынса, ошол жерде ийгилик боло тургандыгын, ошол мамлекеттер ар тараптан ийгиликтерге жетип жаткандыгы далилденип келе жаткандыгын баса белгилеп, илимий практикалык конференциянын катышуучуларынын илим кенин казууда жана жаңы ачылыштарды ачууда зор жетишкендиктерди каалады”.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)