Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында каржы жана экономика тармагынын кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ош шаарында каржы жана экономика тармагынын кызматкерлеринин күнү белгиленди

20 июнь 2018, Среда
4 703
0
Бүгүн, 2018-жылдын 7-июнунда Ош шаарынын мэриясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын каржы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык салтанатуу азем болуп өттү. Салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Каналиев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри С.Турдуев, шаардагы мекеме-ишканалардын каржы экономика тармактарынын кызматкерлери, чакырылган коноктор катышышты.
Салтанаттуу аземде Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Каналиев каржы жана экономика тармагынын кызматкерлеринин жасаган эмгектерине кеңири токтолуп, бүгүнкү кесиптик майрамы менен шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ормоновдун жана депутаттардын атынан кызуу куттуктап, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын жана гүлдестелерди тапшырды.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)