Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү.

25 июнь 2018, Понедельник
3 637
0

Бүгүн Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү. Салтанатка Ош шаарындагы ардактуу кесип ээлери чакырылып, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормоновдун жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин куттуктоолору жана сыйлыктары тапшырылды. 

Төрага Ж.Ормонов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердигинин жогорку натыйжалуулугун, алардын кесипкөйлүгүн арттырып, моралдык-этикалык сапаттарын жакшыртууга багытталган тиешелүү аракеттерди колго алуу зарыл экендигин белгилеп, салтанаттын катышуучуларын Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктады.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)