Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы өткөрүлдү

10 март 2020, Вторник
1 469
0

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы өткөрүлдү. Сессиянын башталышында төрага Ж.Ормонов шаарыбыздын экономикалык, социалдык тармагын өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымдары, үзүрлүү эмгеги жана шаардык Кеңеши менен кызматташуудагы алгылыктуу иш аракеттери үчүн бир катар кызматкерлерди Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлады. 

Сессиянын күн тартибинде шаардын социалдык турмуш тиричилигине байланыштуу беш маселе каралды. 

Биринчи маселе катары Ош шаардык Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын депутаттарынын аткарган иштери жөнүндө төрага Ж.Ормонов маалымат берди. Андан соң Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө, Ош шаарынын кээ бир жер тилкелеринин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү, жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүңдө маселелер каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.    

    

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)