Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эң негизгиси – элибиздин ден соолугу!

Эң негизгиси – элибиздин ден соолугу!

19 март 2020, Четверг
1 462
0

Урматтуу касиеттүү Ош шаарыбыздын тургундары!


                Дүйнө жүзүн каптап, жалпы коомчулукту тынчсыздандырган коронавируска каршы күрөшүү жана аны алдын алуу милдети баарыбызга жүктөлүп турат. Бул оор учур баарыбыз үчүн өзгөчө сыноо. Өлкө башчыбыз билдиргендей, тилекке каршы, биздин өлкөбүздө да, бул илдетти жуктурган жарандарыбыз аныкталды. Мындай оор кырдаалда мамлекетибиздин эң башкы милдети — жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо экендиги Кыргыз Республикасынын Президенти  тарабынан баса белгиленди. Коомчулукка белгилүү болгондой, бул илдеттин алдын алуу максатында мамлекеттик деңгээлде жана шаарыбызда атайын штаб түзүлүп, тиешелүү аракеттер жүргүзүлүп, дарыгерлер, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана бардык кызматтар атайын даярдыктардан өтүшкөн. 

Демек, коронавирусту жок кылууга биздин бардык мүмкүнчүлүгүбүз бар жана дараметибиздин жетүүсү анык.   Эң негизгиси - баарыбыз биримдикте жана ынтымакта болуп, жарандык милдеттерибизди так аткарып, элди дүрбөлөңгө салган провокацияларга алдырбашыбыз абзел.   Бүгүнкү күндө шаарыбыздын бардык аймактарында медицина кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, илдетке чалдыкпоонун алдын алуу аракеттерин көрүшүүдө. 

Мамлекетибиз тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөргө жана балдарыбызга карата кам көрүлүп, бүгүнкү күндө бардык билим берүү мекемелери убактылуу ишин токтотушкан. Андыктан, үй карантининде отурган ар бир балага ата-энелер өзгөчө кам көрүп, зарылчылыгы жок көчөгө чыгарбай, талап кылынган нормаларды сактообуз зарыл.  

Урматтуу шаардыктар!

                Кылым каарыткан касиеттүү шаарыбыздын эли дайыма ынтымакты бекем тутуп, пейилинин кенендиги, дилинин тазалыгы менен өзгөчөлөнүп келет. Биздин меймандос элибиздин ак дасторкону дайыма жакшылыктарга гана жайылып келген. Кудай колдоп бул оор илдеттен кутулсак, дагы деле алдыда ырыскылуу күндөр көп.  Биз, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, сиздерди, урматтуу оштуктар жана шаарыбыздын коноктору, тартипти бекем сактап, жарандарга коюлган эрежелерди так аткарып, өздүк  гигиенаны сактап, бул жаман илдеттен арылууга ар бирибиз атуулдук парзыбызды аткарып, салым кошууга чакырабыз.


Ош шаардык Кеңеши.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)