Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Нооруздун келиши менен мамлекетибизде, ордолуу Ош шаарыбызда тынчтык, бакубатчылык өкүм сүрүп, дайыма ден соолукта, амандыкта, ачык маанайда жүз көрүшөлү!

Нооруздун келиши менен мамлекетибизде, ордолуу Ош шаарыбызда тынчтык, бакубатчылык өкүм сүрүп, дайыма ден соолукта, амандыкта, ачык маанайда жүз көрүшөлү!

20 март 2020, Пятница
1 535
0

Урматтуу касиеттүү Ош шаарынын тургундары!


Сиздерди улуу «Нооруз» майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

«Нооруз» - жаңылануунун жана жаз менен кошо адамдардын жүрөктөрүнө жылуулук тартуулаган, жан дүйнөнү 

тазарткан касиети менен биз үчүн баалуу. «Нооруз» көп 

улуттуу элибизди ынтымакка жана ыйманга чакырган, тазалыктын майрамы. Андыктан, Ош шаардык Кеңешинин 

эл өкүлдөрүнүн атынан баарыңыздарды улуу «Нооруз» майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жаз күнүндөй аруулуктун, сулуулуктун, мээримдүүлүктүн, ынтымактын жана боордоштуктун белгиси болгон «Нооруз» 

жергебизге ырыскы, элибизге кут береке, барчылык, токчулук алып келсин. Улуу мамлекетибиздин эли бакубат болуп, 

жараткан оору-сыркоодон баарыбызды оолак кылсын!

Нооруздун келиши менен мамлекетибизде, ордолуу Ош шаарыбызда тынчтык, бакубатчылык өкүм сүрүп, дайыма 

ден соолукта, амандыкта, ачык маанайда жүз көрүшөлү!


«Нооруз» майрамыңыздар менен!



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)