Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » Ош шаардык Кеңешинин аткарган иштери жөнүндө

Ош шаардык Кеңешинин аткарган иштери жөнүндө

13 август 2018, Понедельник
2 386
0
           Ар бир маселе шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылаар алдында туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарында каралды. Бул боюнча социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 8 отурум, бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 7, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 11 отурум, мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 7 отурум, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча 8 отурум, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 8 отурум өткөргөн. Отурумдарда депутаттар жерине чыгуу менен каралган маселелерди талкуулашып, орун алган көйгөйлөрдү чечүү аракеттерин көрүштү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия аймактык кеңештердин жана шаардагы базарлардын иштери менен жеринде таанышып чыкты. Комиссия тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде №11-«Жибек жолу» аймактык Кеңешинин №222-кварталындагы фельдшердик-акушердик пунктка мамлекеттик акт алынды. Аталган кварталдагы жолдор оңдолуп, №105-маршруттук каттам жүрүп жатат. №12-«Курманжан-Датка-2» аймактык кеңешиндеги эч кимдин баласына кирбеген көпүрөөлөр шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан такталып, аларды муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Шаардагы базарлардын ишмердигин жакшыртуу боюнча комплекстүү программа иштеп чыгуу Ош шаарынын мэриясына сунушталды.
Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия шаардагы социалдык-маданий тармагындагы мекемелердин жетекчилери менен жолугушуп, алардын ишмердиги, орун алган көйгөйлөр жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштары жөнүндө маалымат алды. Ошондой эле депутаттык комиссия көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан «Жаштык» лагери боюнча шаардын вице мэринин маалыматын угуп, лагерде жашап жатышкан 18 үй-бүлөнүн кызыкчылыгынан лагерде дем ала турган 800 баланын кызыкчылыгы артык экендигин белгилешти. Шаардык мэрияга, лагерди анда мыйзамсыз жашап жаткан адамдардан бошотуп, мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусу үчүн шарттарды түзүү тапшырмасы берилди. Андан соң, көзөмөл иретинде шаардык Кеңештин төрагасы жетектеген депутаттар лагерге барып, анын абалы менен таанышып келди. Аткарылган иштердин жыйынтыгында аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 25 бала лагерде жайында эс алып кайтышты. Депутаттар лагерди көрктөндүрүү маселесин шефтикке алуу боюнча чечим кабыл алышты. Аталган депутаттык комиссия тарабынан Ош шаарындагы мектептердеги жана балдар бакчаларындагы окуу-тарбия иштеринин натыйжалуулугу жана балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маселе каралды. Комиссия мүчөлөрү айрым мектептердин жана балдар бакчаларынын иштери менен жеринде таанышып чыгышты. Жыйынтыгында №31-Курманжан-Датка», №35-Атабаев, № 34-Түлөбердиев, №10-Ленин мектептеринде, №60-«Арча-Бешик», №71-«/мүт», №40- «Наристе», №1-Жибек», №37-«Байчечекей, №36-«Асан-/сөн» балдар бакчаларында болушуп, алардагы аткарылып жаткан иштер менен катар, окуу-тартия иштеринде жол коюлган бир топ кемчиликтерге жана чечүүнү талап кылган көйгөйлөргө күбө болушту. Мунун жыйынтыгында 30дан ашуун мектеп жана балдар бакча жетекчилеринин, шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин жана шаардык мэриянын өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссиянын кеңейтилген отуруму өткөрүлүп, анда кемчиликтерди жоюп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча кеңири талкуу болду. Отурумда негизинен айрым мектептердин нормадан тышкары толушу, микроучастоктор боюнча окуучулардын мектепке начар тартылышы, окуу китептеринин жетишсиздиги, орус тилдүү мугалимдердин жетишсиздиги, тестирлөө борборунун жоктугу, жетекчилердин бир кызматта узак мөөнөттө отуруп калышы боюнча сөз болду. Андан сырткары, туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы окуу-тарбия иштерин оңдоп жакшы жолго коюу, балдардын тамак-ашынын сапатын жакшыртуу боюнча ой-пикирлерин билүү үчүн, айрым мектептердин, балдар бакчалардын жетекчилери жана шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрдү. Өткөрүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча, мектептердеги жана балдар бакчаларындагы окуу-тарбия иштерин жогорку деңгээлге көтөрүү, орун алган кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү чечүү максатында, шаардык Кеңештин төрагасынын атынан шаардын мэрине жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучуга тез арада шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысын дайындоону камсыздоо, мектеп директорлорун, балдар бакчаларынын башчыларын ротациялоо иштерин жүзөгө ашыруу, ал эми өз милдеттерин аткара албаган жетекчилерге мыйзам чегинде кескин чараларды көрүү, билим берүү мекемелеринин жетекчилерин дайындоодо мыйзам бузууларга жол бербей, алардын квалификациялык талаптарга жооп берээрин сөзсүз түрдө эске алууну камсыздоо, окуучуларды микроучастоктор боюнча окууга тартуу жөнүндө мыйзам талаптарын жүзөгө ашыруу жана окуучулардын жашаган жери боюнча окуусуна шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жогорку окуу жайлар менен келишим түзүп, мектептер үчүн орус тилдүү мугалимдерди жана башка жетишпеген предметтик мугалимдерди даярдоону уюштуруу, алдыңкы мугалимдердин эмгегин стимулдаштыруу, «мыкты мугалим» конкурстарын уюштурууда, критерийлерди кайрадан карап чыгып, конкурска катышкан мугалимдердин эмгек тажрыйбасын, мыкты окуучуларды, олимпиада жеңүүчүлөрүн, өзгөчө сертификат ээлерин даярдаган эмгектерин эске алууну камсыздоо, мектептерди жаңы окуу жылына кабыл алууда формалдуу карабастан, кабыл алуу комиссиясынын акыйкат ишин талап кылуу, чарба маселелери боюнча мектептерде орун алган кемчиликтерди окуу жылы башталганга чейин чечүүнү камсыз кылуу, өз статусуна ылайык окуучуларга тиешелүү деңгээлде билим сапатын камсыз кылбаган мектеп-гимназиялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу, балдар бакчаларында балдардын тамак-ашынын сапатын көзөмөлгө алуу боюнча конкреттүү сунуштар жөнөтүлдү.
Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия жерине чыгуу менен Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын иши менен таанышып чыкты. Таанышуу учурунда депутаттар Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жана Амир-Тимур кичи шаарчасында жаңыдан өрткө каршы бөлүмдөрдү ачуу зарылдыгына, өрткө каршы кызматында атайын техникалардын эскилигине, газга каршы жабдуулардын жетишсиздигине, өрт өчүрүүчү автоунааларда норма боюнча төрттөн рукав болушу керектигине карабай, болгону бирден рукав бар экендигине күбө болушту. Аталган кызматтын жетекчилигине жогорудагы көйгөйлөрү чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилди. Туруктуу депутаттык комиссия ошондой эле, шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо боюнча башкармалыгынын жана шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын ишмердиктери менен таанышты. Бул башкармалыктарга 2016-жылдын 29-мартында бекитилген Ош шаарынын Башкы планынын негизинде жер тилкелеринин зоналарга бөлүү планын тез арада иштеп чыгуу тапшырылды. Бул тапшырмалардын аткарылышы жана башка маселелер боюнча, жогоруда аталган кызматтардын маалыматтары 2017-жылы шаардык Кеңештин сессияларында угулат.
Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумдарында «Умму Мухаммад», «Сулайман Тоо» медреселерин ачуу демилгечилеринин тизмелерин, Ош шаарын коопсуз шаарга айландыруу багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат, Ош шаарындагы мекеме-ишканалар тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштери тууралуу шаардык мэриянын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматы, шаардык ички иштер башкармалыгынын шаарда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматы угулду. Шаардык Кеңеш жана анын туруктуу депутаттык комиссиялары тарабынан булардан башка да көп маселелер каралып, алар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Отчеттук мезгилде Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун 4 отуруму өткөрүлүп, анда шаардык Кеңештин сессияларын өткөрүү жана сессиялардын күн тартибинин долбоорлору жөнүндө маселелер каралды.
Шаардык Кеңеште келип түшкөн документтер жана каттар менен мыйзам чегинде иштер жүргүзүлдү. Жыл ичинде шаардык Кеңешке бардыгы болуп 1148 кат келип түшкөн. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 1, Бишкек шаардык Кеңешинен 3, Жогорку Кеңештен 5, Министрликтерден, агентстволордон жана Бишкек шаарындагы башка мекемелеринен 22, мамлекеттик кадр кызматынан 2, Ош шаарынын мэриясынан 228, шаардын кызматтарынан 552, укук коргоо органдарынан 56, жарандардан 140, мамлекеттик эмес уюмдардан 36. Келген бардык каттар мыйзам чегинде каралып, кат ээлерине тиешелүү жооптор берилди. Каттардын мазмунуна кайрылсак, шаардык мэриядан келген каттар негизинен шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна маселелерди сунуштоо жөнүндө, шаардын кызматтарынан келген каттар ар кандай муктаждыктар үчүн жергиликтүү бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө, ал эми жарандардан келген каттар материалдык жардам берүү, социалдык коргоо, турак-жай жана жер участкалары боюнча.
Кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча келген каттар бюджет, экономика жана өнөр жайы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отурумдарында каралып, алардын айрымдары шаардык Кеңештин сессияларынын кароосуна киргизилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын чатырын оңдоп-түзөөгө 500 миң сом бөлүндү.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы, төраганын орун басары, айлык акы алып иштеген туруктуу депутаттык комиссянын төрагасы жана депутаттар жыл башынан бери 90 ашуун ар кандай иш-чараларга, жолугушууларга, салтанаттарга, эл аралык форумдарга катышышты. Булардын бардыгы шаардык Кеңештин сайтында жана жергиликтүү «Ош шамы» гезитинде чагылдырылып турду. Шаардык Кеңештин сайтында шаардык Кеңештин ишмердигин көрсөткөн 223 материал чыккан.
Шаардык Кеңеш тарабынан Ош шаарын өнүктүрүүгө өз салымын кошкон жарандарды ар кандай белгилүү даталарга карата сыйлоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Ош шаарынын Ардак грамотасы менен 229 адам сыйланды,
46 адамга шаардык Кеңештин ыраазычылык баракчасы, 44 адамга баалуу белектер, 20 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар, эки адамга мааракелик куттуктоолор тапшырылды. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча агенттигинин Ардак грамотасы менен шаардык Кеңештин төрагасы, «Муниципалдык кызматтын мыктысы» төш белгиси менен бир кызматкер, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен 3 кызматкер, акчалай сыйлык менен 4 кызматкер сыйланышты. Ошобловпрофтун Ардак грамотасы менен 1 кызматкер, акчалай сыйлыгы менен 1 кызматкер сыйланды. Ош шаарынын эң жогорку сыйлыгы – «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча маселе шаардык Кеңештин сессиясында жабык добуш берүү менен каралып, 6 талапкердин ичинен 5 талапкер депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушун алышып, аларга шаардык Кеңештин токтому менен «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.
Шаардык Кеңеш тарабынан колдоого муктаж болгондорго материалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер аткарылды. Шаардык Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери жардамга муктаж төрт үй-бүлөдөн кабар алышып, 35 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүштү. Шаардык Кеңештин төрагасы, карыялар күнүнө карата, 100 жаштан ашкан эки ардагердин үйүнө барып, аларга 2000 сомдон акча жана тамак-ашы менен баштыктарды тапшырды жана майыптар күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3 адамга дагы 2000 сомдан акча жана тамак-ашы менен баштыктарды тапшырды. Майыптар күнүнө карата шаардык Кеңештин төрагасы, фракция лидерлери майып балдар окуган №12- Крупская атындагы мектеп-интернатында таанышуу акциясын өткөрүшүп,
50 000 сомдон ашуун акча каражаты сарпталган мектепке керектүү окуу жана көрсөтмө куралдарын, тамак-аш продукцияларын тапшырышты.
Шаардык Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин жана чет өлкөлөрдүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча иш тажрыйбасы менен таанышуу жана алмашуу иштери аткарылды. Шаардык Кеңештин төрагасы, депутаттык фракциялардын жетекчилери жана аппарат кызматкерлеринен турган топ Кытай Эл Республикасынын Пекин, Шанхай жана Ханжоу шаарларында бир жумалык иш сапарда болуп, алардын жергиликтүү башкаруу иштери менен таанышып келди.
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары жетектеп, курамына шаардык Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкери кирген топ Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында 5 күндүк кызматтык сапарда болуп, Санкт-Петербург шаардык думасы менен тажрыйба алмашып келди.
Шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси баштаган аппарат кызматкерлери Бишкек шаардык Кеңешинин иш тажрыйьасы менен таанышып келди. Кызматтык сапарларда алынган керектүү деп эсептелген алдыңкы иш тажрыйбалар азыркы учурда шаардык Кеңештин ишмердигинде практикаланууда.
Шаардык Кеңеште чет элдик делегацияларды кабыл алуу алар менен жолугушуу иш чаралары өткөрүлдү. Шаардык Кеңештин төрагасы Турциядан келген делегация, Кытай Эл Республикасынан келген студенттер менен, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү менен жолугушууларды өткөрдү.
Шаардык Кеңештин депутаттарынын жана аппарат кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү. «Жарандык платформа» коомдук бирикмеси шаардык Кеңеш менен биргеликте Салам-Алик эс алуу жайында депутаттар жана шайлоочулар арасында өз ара аракеттешүүнү жөнгө салуу максатында, депутаттар жана аппарат кызматкерлери үчүн 3 күндүк тренинг өткөрүп, тренингдин катышуучуларына сертификаттарды жана «Мен жергиликтүү кеңештин депутатымын» аттуу, күндөлүк иште колдонулуучу китептерди тапшырды. Шаардык Кеңештин аппаратынын үч кызматкери мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперттердин Ассоциациясы тарабынан уюштурулган окуу курстарынан окуп келишип, шаардык Кеңештеги бардык сатып алуулар, мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу жүргүзүлүп жатат.
Шаардык Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери мамлекеттик органдар, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулган ар кандай темадагы 13 семинар жана тегерек столдорго катышышты, каралган маселелер боюнча сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.
Ош шаарынын 2016-жылга бюджетин бекитүү боюнча, Ош шаардык Кеңеши менен «Интербилим» эл аралык борбору коомдук бирикмеси биргелешип уюштурган бюджеттик коомдук угуулар болуп өттү. Коомдук угууларга шаардык Кеңештин депутаттары, шаардык мэриянын жетекчилиги, аймактык кеңештердин өкүлдөрү, коомдук уюмдар жана шаардын жашоочулары катышып, бюджетти бекитүүдө кайсы тармакка көңүл буруу керектигин кеңири талкуулашты.
Ош шаардык Кеңешинин депутаттары спортту жайылтууга жана өнүктүрүүгө өз салымдарын кошушту. Депутаттардан турган кичи футбол боюнча курама команда Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин ортосунда кичи футбол боюнча Талас шаарында өткөрүлгөн турнирде биринчи орунду, ал эми Балыкчы шаарында өткөрүлгөн турнирде экинчи орунду ээледи. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата сууда сүзүү боюнча өткөрүлгөн шаардык мелдеште шаардык Кеңештин төрт депутаты байгелүү оорундарды ээлешип, баалуу белектер менен сыйланышты.
Депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин иштөөсү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча бир топ иштер аткарылды. Бул максатта бир кичи жыйындар залы, эки иш бөлмөсү жаңыдан жасалып ишке киргизилди.
Шаардык Кеңештин ишмердигин жакшыртуу максатында, 2017-жылга иш план алдын ала бекитилип, ага шаардын турмуш-тиричилиги үчүн маанилүү деп эсептелген маселелер киргизилди.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)