Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » Ош шаарынын 2018-жылга карата бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча Ош шаарынын коомчулугунун кайрылууларынын жана сунуш- пикирлеринин аткарылышынын маалыматы.

Ош шаарынын 2018-жылга карата бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча Ош шаарынын коомчулугунун кайрылууларынын жана сунуш- пикирлеринин аткарылышынын маалыматы.

10 сентябрь 2018, Понедельник
3 016
0



Аты жөнү

Кайрылуунун мазмуну

Аткарылышы 

1У.Сатаров кварталдык комитетинин атынанБиздин айлык маянабызды көтөрүп берүү маселесин айта кетсеңиз, айлык маяна көтөрүлөбү? Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 30-декабрындагы №612 буйругуна ылайык “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө” Типтүү жобону кайрадан иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, бүгүнкү күндө Жобонун долбооруна сунуштарды, кошумчаларды киргизип, иштеп жатат. Бул Жобо Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилип, муниципалдык аймактык башкармалыктардын структуралык түзүмү түзүлгөндөн кийин айлык маяна маселеси каралат. 
2Кулатов кичи районунун Шавкаев Асан  -Кулатов кичи районунда базарчикте баш аламандык жоюлбай келе жатат. Базар 24 саат бою иштейт. Ал эми ал жердеги туалет түнкү саат 10-00дө жабылат. Соода түйүндөрүн 10-00 дөн жапса болобу?
-Бизде эч кандай эс алуу паркы жок. Канча жолу сунуш бергенбиз, быйыл болобу? 
 Кулатов кичи районунун  Б. Осмонов көчөсүнүн боюндагы соода дүкөндөрү жайгашкан жер тилкелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571  токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Типтүү жобонун негизинде  убактылуу ижара шартында пайдаланууга дислокацияланып берилген. Ал эми бүгүнкү күндө аталган аймакта башаламандыкты жаратып жаткан бир канча обьектилер  өз билемдик менен курулуп иштеп жатат жана аларга карата Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан эскертүү баракчалары берилип, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү чара көрүү үчүн 2017-жылдын 14-декабрында  №02-3648/6 жана 2018-жылдын 21-февралдында 02-570/6 каттары жолдонгон. Ошондой эле 2018-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык регионалдык башкармалыгына №02-379/6 каты менен аталган аймактагы өз билемдик менен курулуп иштеп жаткан обьектилер боюнча  белгиленген тартипте тиешелүү чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилип, чара көрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы №597 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында куруунун, жерди пайдалануунун жана абаттоонун типтүү эрежелеринин» негизинде Башкармалык тарабынан даярдалып берилген корутундулардын талаптарына ылайык бул аймакта орнотулган убактылуу соода дүкөндөрдүн жана обьекттердин  иштөө убактысы саат 8:00дөн 20:00гө чейин болуусу керек. Ал эми  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-мартындагы №160 «2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө» токтому менен бекитилген Ош шаарынын башкы планына ылайык, аталган аймакта коомдук пайдалануудагы жашылдандырылган тилкелери отургузулган аймактар каралган. Андыктан аталган аймактагы эс алуу үчүн парк, сквер маселелерин чечүү боюнча иш-чаралар жогоруда айтылган Ош шаарынын башкы планына киргизилген. 
         Бирок «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын  быйылкы жылга бюджети 17,5 млн.сомго кыскартылган.  Ошол себептен комбинаттын бюджетинде жаны эс алуу паркын салуу каралган эмес.  Бюджеттен бөлүнгөн акча каражат, шаардагы иштеп жаткан эс алуу бактарынын тазалыгына  жана жашылдандыруусуна гана каралган.
3«Ак-Тилек «кичи районунун тургуну Г.БекташеваУрматтуу Замирбек Марипбаевич!  Мен бюджеттик угууга биринчи жолу катышып отурам. Жакшы акча бөлүшөт экен. Эгерде ушул акчаларды жакшы иштетишсе бардыгы жакшы болмок. Бирок көзөмөлсүз калып жатат. Жөнөкөй бир мисал, Ак-Тилектин экинчи көчөсүнүн экинчи жагына лоток койулган эле суу аягына чыкбайт. Анткени мечит жактан суу жолду чайып, элге ыңгайсыздык жаралууда. Сиздерден сураныч күн жылыганга чейин караштырып койсоңуздар, коррупцияга жол бербеңиздер.              Ош шаарынын «Ак-Тилек» кичи районундагы №2 көчөнү реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө боюнча Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын арызынын негизинде Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2015-жылдын 12-июнунда ИТУ-94-15-И  инженердик техникалык шарттары даярдалып, өткөрүлүп берилген.  
            Башкармалык тарабынан «Ак-Тилек» кичи районундагы №2 көчөнү реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө долбоору даярдалган. Аталган долбоордо жөө адамдар жүрүүчү тротуарлар жана суу өтүүчү өтмөктөр каралган.  
        Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан курууга тендер жарыяланып, асфальтоо иштери жүргүзүлгөн. Иш-пландын негизинде «Ак-Тилек» кичи районунун Шоноев көчөсүндөгү (№2 көчө) Мечит тарабындагы лотокту жана тротуарды оңдоо боюнча 2018-жылдын иш планына киргизилген. Аткарылышы 2018-жылдын II кварталына пландаштырылган.
4А.Ташбулатов, Ош шаарынын тургуну1. Шаарга алып кирип сатылган спирттик жана башка ичимдиктердин ише жана пластик идиштерин кайра чогултуп алып чыгып кетүү талабын бекитип, эрежеге киргизип коесуздарбы.
2. Абаны бузган эски автоунааларды шаарда жүргүзбөө  боюнча талабын каттуу контролго алсаңыздар.   
1.Шаарга алып кирип сатылган ичимдиктердин ише, пластик идиштерин “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан калдыктардын түрүнө карап бөлүп салуучу урналарды уюштуруу үчүн элдердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Абаны бузган эски автоуналардын түтүнүнүн көптүгүн өлчөөчү атайын прибор (дозиметр) менен текшерилет. Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы атайын текшерүүчү приборлорду алуу үчүн башкы башмармалыкка кайрылуулар жөнөтүлгөн. Прибор берилсе текшерүү иштери жүргүзүлөрүн билдиребиз.
5А.Эркебаев, Достук кичи районунун №45-көчөсөнүн №11-үйүнүн тургуну,  Курманжан-Датка бала бакчасынын жанында жаңы курулган үйлөрдөгү 8 үй бүлөнүн жашоочуларынын атынан  сураныч. Электр энергиясын алуу үчүн подстанцияга улануу кыйын болууда. Себеби, бала бакчанын жанындагы подстанциянын күчү жетпейт. Ошондуктан аны алмаштырып берүүгө жардам берсеңиздер.  Ош шаарынын «Достук» кичи районундагы №76 «Курманжан-Датка» бала бакчанын жанында жайгашкан КТП-1013 көмөк чордонунун кубаттуулугу 160кВА жана 23 керектөөчү электр энергиясын пайдаланат. Кышкы мезгилде нагрузкасын өлчөгөндө 36% менен иштеп жатканы аныкталды. Ошондуктан кошумча керектөөчүлөрдү техникалык документтердин негизинде уласа болот.
6Т.Кыдырбаева, Ак-Тилек аймактык кеңешинин кварталдык комитетинин төрайымы. Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдө өтө көп ижарада турган жарандар бар. /йдүн көйгөйлүү иши чыкканда(подвалдын, крышанын) ремонттогондо)     биз кварт. плата төлөйбүз деп чыгышат. Сиздерге сунуш кылат элем. Ижара берген ээлеринин списогун берсек, салык инспекция тарабынан патент алууга жана салык төлөөгө иш алып барса болобу.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесине жана КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы №418 токтомуна ылайык  ыктыярдуу патенттин негизинде турак жайды ижарага берип киреше тапкан тарап ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөйт.  
Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасы КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы №418 токтомунун     тиркемесинин 60-пунктунда көрсөтүлгөн. 
Сиздер тарабынан өзүңүздөрдүн аймагыңыздарда ижарага берилген кыймылсыз мүлктөрдүн ээсинин аты-жөнүн, жайгашкан дарегин ж.б. маалыматтарды тактап, КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгына берсеңиздер, аталган башкармалыктын инспекторлору тарабынан бул багытта иштер жүргүзүлөт. 
Башкармалыктын дареги: Ош шаары, Масалиев проспектиси №100. 
Байланыш телефону: (032222) 56052
7Озгур айылындагы Геология, Родник дачаларынын жашоочулары:Суу айдоочу насостордун эскилиги жеткен ремонтторуна жардам берсеңиздер жана генпланга акча бөлөсүздөрбү, канча убакытта ген. план түзүлүп бүтөт?       Озгур айылынын батыш тарабында жайгашкан 80га «Родник», «Солнышко», «Геолог» дачалык участоктору жайгашкан жер тилкелердин топографиялык чиймесин даярдоого-394957,0 сом, башкы планды иштөө үчүн-194015,0 сом, башкы планды долбоорлоого (АПШ)-35836,0 сом, электр, суу, газ менен камсыздоого (ИТШ)-126311,0 сом, жалпы суммасы-751119,0 сом акча каражаты 2015-жылы иштелип чыккан. «Долбоорлоо-изилдөө иштерине болгон баалардын топтому» нормативдик сметалык документине ылайык эсептелип чыгып, 2018-жылдын бюджетине сунуштоо жагы каралууда.  
“Ошшаарсууканал” ишканасы толугу менен чарбалык эсепте болгондугуна байланыштуу Озгур айылынын Дача участогун суу менен камсыздоочу насостун оңдоо иштерин аткара албайт. Дача участогуна суу түздөн-түз каналдан алынгандыгына жана ал суу “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентке дал келбегендигине (б.а. чыпкалоо, тундуруу жана хлорлоо иштери аткарылбагандыгына) байланыштуу “Ошшаарсууканал” ишканасы насосту (насостук станцияны) өз балансына ала албайт. 
8Шаар тургунуБиз балдар бакчаларга балдардын тамак-ашы деп 750 сом төлөйбүз. Бюджеттен төлөнөт деп жатасыздар. Бул маселеге жооп берип койсоңуздар.         Бүгүнкү күндө  Ош шаарында 41 бала бакча иштеп жатат. Анын ичинен 2 бала бакча ведомстволук, 1 бала бакча Ош шаардык мэриясына караштуу. Ал эми 38 бала бакча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын карамагында.       
        Шаардагы кургак учука каршы санатордук багыттагы №29,40 балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын тамак-ашы толугу менен бюджет тарабынан каржыланат, ар бир балага күнүнө 50 сомдон каралган.  Билим берүү башкармалыгына караштуу 38 бала бакчалардын балдарынын тамактануусуна Ош шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 11-ноябрындагы №2154 Токтомунун негизенде ата-энелер  тарабынан айына 500 сом акча каражаты төлөнөт. Ал эми, жергиликтүү бюджеттен ар бир балага күнүнө 10 сом өлчөмүндө кошумча тамак-аш үчүн сарпталат. 
       2013-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта бир балага бир күнгө 5 сомдон 13 сомго чейин көтөрүлсө, 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорунда бир балага бир күнгө 18 сомдон сунушталууда.
Кыргыз Републикасынын Мыйзамдарынын негизинде жергиликтүү бюджеттин долбоору шаардык Кеңешинин тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясы тарабынан каралып, жакынкы арада Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында бекитилет.
        Билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештеринин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт.
9Шаар тургуну Аймактык кеңештерде эмгектенген кварталдык комитеттердин төрага, төрайымдарынын кызмат акысы көбөйөбү. Себеби, иш көп, айлык акы өтө аз, колго тийиши  4925 сом. Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 30-декабрындагы №612 буйругуна ылайык “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө” типтүү Жобону кайрадан иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, бүгүнкү күндө Жобонун долбооруна сунуштарды, кошумчаларды киргизип, иштеп жатат. Бул Жобо Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилип, муниципалдык аймактык башкармалыктардын структуралык түзүмү түзүлгөндөн кийин айлык маяна маселеси каралат.
10Т. ДжумабаевШаардык милициянын алдындагы тосмону алдырууга мэриянын күчү жетеби.  Ош шаарынын жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык Ош шаарынын ИИБнын алдында Алиев атындагы көчөсүндөгү тосмолор  алынгандыгын билдиребиз
11Шаар тургунуКоюлган парковка алуу жайында 10 сом эмес, 20 сом алууда. Буга ким жооп берет. Мына Курманжан-Датка, Шейит Дөбө,  Ленин көчөсүндө, Амир-Темур көчөлөрүндө ушундай абал.  Ош шаарындагы муниципалдык автотоктомо жайлары үчүн төлөм 10 сомду түзөт. Шаар тургундары токтомо үчүн дүмүрчөк талап кылса болот. Дүмүрчөктө 10 сом экени көрсөтүлгөн. Ал эми кээ бир 20 сом алуу фактылары боюнча     департаментке кайрылса болот.
12Шаар тургуну Жаштар үчүн канча сумма акча бөлүндү?  2018-жылы кандай иш-чаралар болот.      Ош шаарынын мэриясынын алдында жаштар иштери боюнча комитет түзүлгөн. Бүгүнкү     күндө аталган комитет тарабынан акысыз окуу долбоорлору (тил курстары, компьютердик грамматика, бизнес- мектеби, журналистика, медицина, тигүүчүлүк, ууз чеберчилик, студенттердин чет өлкөлөргө окуп келүүсүнө шарт түзүү), жаштардын терс көрүнүштөрүн жоюу максатында социалдык роликтерди жайылтуу, жаштарды ыйманга чакыруу, адеп-ахлакка тарбиялоо, патриоттуулукту, мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, маданияттуулугун жогорулатуу, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипти туура тандоо ж.б. жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар уюштурулуп келет.
       2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбооруна жаштар иштери боюнча иш-чараларды өткөрүүгө 1600,0 миң сом акча каражатын кароо сунушталууда. 
       Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин 2018-жылга карата жалпы бюджетинин долбоору 2 млн. 383миң сом Ош шаардык кеңешинин депутаттык комиссиясына сунушталып, анын жыйынтыгы менен шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин 2018-жылдык бюджети 600 000 сомду түздү. 
13Шота Руставели көчөсүнүн  №13,15 үйдүн жашоочуларынын атынан. /й 1959-1960-жылы салынган. /йдүн алдындагы электр чубалгылары асылган, электр мамычалары кыйшайып турат, жана санитардык трубалары эски. Колодец тез толуп калат. Ушул  маселелерге жардам берсеңиздер.  Шота Руставели көчөсүндөгү №13,15 үйдүн алдындагы ТП-37 көмөк чордонунун 0,4 кВ чыналуудагы электр мамычаларын оңдоп-түзөө иштери 2018-жылдын иш планы боюнча сентябрь айында жүргүзүлөт. Ал эми колодецтердин толуп калуусу жашоочулардын сууну жана канализацияны туура эмес пайдалангандыгынан келип чыгат. Ошого карабастан «Ошшаарсууканал» ишканасынын жумушчулары тарабынан өз убагында тазалоо иштери аткарылат. Ушул сыяктуу маселелер жаралса ишкананын диспетчердик кызматына кайрылсаңыздар болот тел: 105, 8-11-51, 8-11-15) 
14Н.АшуровОштун аймактык кеңешинин №7 кварталына караштуу №49 көчөсүн асфальтоо ишин 2010-жылы башташ керек эле. Бирок ушул күнгө чейин белгисиз себептер менен баштала элек. Качан жана кайсыл убакта башталат.Жолдор башкармалыгынын 2018-жылдын иш-планында №49 көчөсүн асфальттоо боюнча акча каражаты каралган эмес. Бирок аталган көчөнү оңдоо боюнча инвестициялык долбоорго сунушталат. Аталган долбоор 2020-2022 жылдарга күтүлүүдө.
15Ата-энелердин атынанБала бакчаларга бюджеттен акчалар бөлүнүп жатса, эмнеге ата-энелерден за питания 650 сом, ремонтко деп 1500 сом чогултулат. Мындан ары ушул акчалар чогултулабы.Бүгүнкү күндө  Ош шаарында 41 бала бакча иштеп жатат. Анын ичинен 2 бала бакча ведомстволук, 1 бала бакча Ош шаардык мэриясына караштуу. Ал эми 38 бала бакча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын карамагында. Ош шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 11-ноябрындагы №2154 Токтомунун негизинде ай сайын ар бир баладан тамак-аш үчүн 500 сом алынат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 16-декабрындагы №04-3/6086 катынын негизинде ремонт үчүн жылына ар бир балага 544 сом мыйзам чегинде жыйналат.
16Шаар тургуну 1. Мы женсовет работаем бесплатно. Нам неоднократно обещали определить заработную плату, хотя бы на проезд и т.д. в 2018 году будет ли эта внедрено или это остается на словах и на  бумаге.
2. Когда будут выдаваться пособие новорожденных и     пособие на детей до 3-х лет? 
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинде белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелерине ылайык жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүсүнө, билим берүү, саламаттык сактоонун, эс алуу, маданият, социалдык коргоонун, турак-жай жана коммуналдык чарбачылыктын, айлана-чөйрөнү коргоонун, муниципалдык ишканаларын, мекемелерин күтүүгө, жергиликтүү бюджеттен каржылоого жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган иш-чараларга чыгымдалгандыгына байланыштуу жогорудагы маселе боюнча жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу акча каражаты каралган эмес. 
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №43-б буйругунун негизинде 2018-жылдын 1-январынан тартып төрөлгөн балдарга 4 миң сом өлчөмүндө «балага сүйүнчү» төлөнүп берүү каралган. Бүгүнкү күндө «балага сүйүнчү» акча алуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты тейлөө борборунда (ЦОН) жана Ош шаардык жарандык актыларды каттоо бөлүмү тарабынан документтер кабыл алынып, кайрылган жарандардын банктык өздүк эсебине Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан которулуп берилүүдө. Ал эми Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №163 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамы 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жана балдары бар үй-бүлөлөргө жаңы мыйзамдын тартиби боюнча жөлөк пул чегерүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын апрель айынан тартып башталаары белгиленген. 
17Т. Жусупов, Ош шаарынын тургуну1. Ош шаарынын Масалиев кең көчөсүнүн, Өзгөн, Монуев көчөлөрүндөгү жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн араларында сугаруу лотокторунун жоктугуна байланыштуу 1960-жылдарынан баштап эгилген бак-дарактары жылдан жылга куурап жатат. Аларды суугаруга сугат суусунун жоктугуна байланыштуу, таза ичүүчү сууларды жашоочулар колдонууда. Бирок суу чарба мекемеси (Водоканал) бөгөт койуда. Көп жылдардан бери сиздерге кайрылганбыз. Масалиев кең көчөсүнүн эки тарабында лотоктор бар. Ушул лотоктордон сугат суусун алса болобу. 
2. Ош шаарыбызда коомдук ажатканаларды куруу зарылчылдыгы бар. 
3. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы тротуарлар, жолдор эскилиги жеткен. Ушул маселелерге акча каражат бөлүнөбү?
Ош шаарынын Масалиев, Өзгөн, Монуев көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы сугат лотокторун орнотуу боюнча Ош шаарынын     мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын 2018-жылдын титулдук тизмесине киргизилип Ош шаардык Кеңешине сунушталууда. Аталган маселе боюнча «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын адистери жеринен таанышып,     мүмкүнчүлүк болсо суу чыгарып беришет.
2. Ош  регионалдык шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2015-жылдын 28-сентябрында №3 «Сулайман-Тоо» аймактык кеңешинин Ленин көчөсүндөгү А. Навои эс алуу багынын батыш тарабындагы Бабур театрынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан жер тилкесине убактылуу ижара шартында 5(беш) жылдык мөөнөт менен эки орундуу ажаткана орнотууга №84/15-зк жер тилкесинин планы даярдалып берилген. Ошондой эле, Ош шаарынын Сай-Бою көчөсү менен Ж. Шамшиев көчөсүнүн кесилишиндеги «Дельфин» бассейнинин жанына жеңил типтеги конструкциядан болгон коомдук ажаткана куруусу долбоорлонуп жатат.
Ош шаарынын ички жолдорун оңдоо боюнча жергиликтүү бюджеттин тартышытыгына байланыштуу акча каражат каралган эмес. Бирок аталган ички көчөлөрдү оңдоо боюнча инвестициялык долбоорго сунушталат. Аталган долбоор 2020-2022 жылдарга күтүлүүдө. 
18Шаар тургуну.Мугалимдерге, саламатыкты сактоо кызматкерлерине 300 сомдон айына төлөнөт. Айлык акысына мэр тарабынан 1000 миң сомдон төлөнөт. Эмне себептен маданият кызматкерлерине жана китепкана кызматкерлерине төлөнбөйт.     Ош шаардык библиотекасын  анын филиалдарын жана ошондой эле айылдык маданият үйүн     кармоого 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорунда 7 831,6 миң сом каралууда.
Ош шаарынын медицина тармагында эмгектенген медайымдардын, санитаркалардын, мугалимдердин жана бала бакчаларда эмгектенген тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге (1 кызматкерге айына 300 сомдон) кароо сунушталууда.
Ал эми маданият кызматкерлердин жана китепкана кызматкерлеринин коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктер үчүн акча каражаты жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу каралган жок. Маданият тармагы негизинен республикалык бюджет тарабынан каржылангандыгынан улам, маселе маданият министрлиги менен биргеликте чечилиши мыйзамдуу. 
19Т.Кыдырбаева, Ак-Тилек аймактык кеңешинин №4 кварталдык комитетинин төрайымы.Көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жер тилкесине (ПЗУ-придомовой, земельный участок) документ (кызыл китеп) кылуу кыйынчылык болуп жатат.
Көп кабаттуу үйлөрүндө майыптар, аз камсыз болгон үй бүлөлөр бекитип чет мамлекетке кетип калган жарандардын батирлери (үйдүн 60-70% квартиранттар жашашат).
Ушул үйдүн ПЗУсун алганга жардам берсеңиздер болобу.  
         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 «Көп квартиралуу турак үйлөрдүн айланасындагы тиешелүү жер тилкесинин чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу  токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 16, 45, 46, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 8, 10, 11, 13- беренелеринин негизинде, көп кабаттуу турак үйдүн жеке менчик батир ээлеринин 75 пайыздан кем эмес макулдугу жана протоколу, арыз     менен биргеликте көп кабаттуу турак үйлөрдүн жеке менчик жер тилкесинин долбоору ушул күнгө дери даярдалып берилип келген. 
Кошумча билдире кетсек Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 14-февралындагы №111/08-К каты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чара мамлекеттик агенттигине жолдонгон. 
          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2011-жылдын 15-февралындагы №50 “Көп квартиралуу турак үйлөрдүн айланасындагы тиешелүү жер тилкесинин чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомун колдонууну токтотуу жөнүндө” токтом долбоору бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосунда экендигин билдиришкен. 
20Шаар тургуну.Сиздерден чоң сураныч, Калинин массивиндеги №2 кварталында маршрут жолуну Маруфий көчөсүнөн баштап 101 маршрут көчөсүнө чейин 118-112-110 көчөлөргө асфальт басып беришиңиздерди суранып кетебиз. Эртең ылайга, чанга айланат бул көчөлөр. Ушул маселени чечип беришиңиздерди суранабыз. Калинин массивиндеги №118, 112, 110 көчөлөрүнүн асфальттоо иштерине 2018-жылда акча каражат каралган эмес. Бирок аталган көчөлөргө шагыл төшөө иштер 2018-жылдын иш-планына киргизилген. 
21 Ош шаарынын тургуну.Сиздерден суранабыз,  Жибек жолу аймактык кеңешине караштуу Бакинский кварталы эң артта калган квартал болуп саналат. 1944-жылдан бери отурукташып жашап келишет. Бирок Генпланы 2015-жылы түзүлгөн. Негизги көйгөй таза суу, ФАП, лотоктор, айрым ички жолдор белчеден баткан. Бул кварталда 1300дөн ашык эл жашайт. Ушул кварталда эч кандай соц. Обьект курула элек. Бир гана балдар аянтчасы бар. Көптөн көп өтүнөрүбүз ушул кварталдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жардам бериңиздер.   №11 «Жибек жолу» аймактык Кеңешиндеги «Бакинский» турак-жай конушу, башкы планы жок баш аламан ирээтсиз курулуп калган. 2014-жылга чейин аталган кварталдын жашоочулары турак-жайларына тиешелүү юридикалык документтери жок жашап келишкен. Жашоочулардын суроо талабын аткаруу үчүн Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын кеңешинин 2013-жылдын 4-июлундагы №118 токтомунун негизинде кварталдын башкы планы иштелип чыккан. Бош жер тилкелердин жоктугуна байланыштуу, социалдык обьектилер курулуучу жерлер каралган эмес. Бул кварталда социалдык обьектилерди куруу, керектүү үйлөрдү сатып алуу менен жүргүзүлүүсү мүмкүн.                  Ош шаарынын ички жолдорун оңдоо боюнча жергиликтүү бюджеттин тартышытыгына байланыштуу акча каражат каралган эмес. Бирок аталган ички көчөлөрдү оңдоо боюнча инвестициялык долбоорго сунушталат.
         Ал эми суу маселеси боюнча Мады суу берүүчү бекетин жана Мады-Фуркат линиясын калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Реконструкциялоо иштери бүткөндөн кийин таза суу менен камсыздалат 
22М.Кенжебаева, Касымбеков көчөсүнүн 4Б жатаканасынын жашоочусу 1.Көп адамдар жерге документ тапшырып ала албай жүрүшөт. Жер берилеби же жокбу?
2. Касымбеков көчөсүндө жайгашкан 4 Б жатаканасын оңдоо үчүн жардам берсеңиздер.   
1. Жер тилкелерин бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 33-беренесинин негизинде кезектүүлүк тартибинде, бош жаткан жер тилкелери болгон учурда жүргүзүлөт. Кезектүүлүк тартиби Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген жана  “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык мыйзам чегинде каралат. Белгилей кетүүчү нерсе, азыркы күндө Ош шаарында 1993-жылдан азыркы күнгө чейин жалпысынан 18 500дөн (он сегиз миң беш жүз) ашуун жаран кезекте турат.
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 20-октябрындагы  №907 токтому менен бекитилген Жобонун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсүндөгү жылуулук тармактарын оңдоого 50%, таза суу, саркынды суу тармактарын үйдүн чатырын жана сырткы фасаддарын оңдоого 30% кошумча каржылоо катары бөлүнөт, ал эми калган каражатты жашоочулар өздөрү чогултууга же демөөрчүлөр тарабынан каржыланууга тийиш. Ошондуктан дефектик актта көрсөтүлгөн акча каражатынын Сиздерге тиешелүү бөлүгү топтолсо, кошумча каржылоо маселеси атайын комиссияга сунушталып жана бул маселе боюнча тиешелүү документтер (чыгымдардын сметасы, дефектный акт, жашоочулар тарабынан жыйналган каражаттар тууралуу жана башка керектүү маалымат) атайын комиссия аркылуу каралып, жеринде иликтенип, комиссиянын чечими чыгарылаарын  билдиребиз.
23А. Токторов, Орке айылынын тургуну.1.Жапалак аймактык кеңешинин жолдору качан оңдолот?
Суу маселеси да орчундуу  маселе болуп калууда. 2,3 саат гана берилет. Кээ күндөрү суу келбей калат.
Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын буюртмасы менен «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгына караштуу  төмөнкү көчөлөргө инженердик техникалык шарттары даярдалып, долбоорлору макулдашылып, курулушка уруксат берилген:
    - Ташиев, Орке көчөлөрүн асфальтоо боюнча №96-16-И 05. 08. 2016ж. сандуу  
    - Чекиров, Малабеков, Жаңы чек көчөлөрүнө №39-16-И 12. 04. 2016ж. 
    - Ташкулов көчөсүнө №32-16-И 25. 03. 2016ж. 
    - Атабаев көчөсү №208-17-И  04. 08. 2017ж.
     - Жусупалиев көчөсү №209-17-И 04.08. 2017ж. 
       Ош шаарынын жолдор башкармалыгы тарабынан акыркы 3-4 жылдардан бери «Жапалак» а⁄б жолдору оңдолуп келет. Мисалы 2015-2016-жылдары Ташиев, Тээке көчөлөрү асфальтталган. 2016-2017- жылдары Чекиров, Ташкулов көчөлөрү асфальтталган. 2017-2018-жылдары Атабаев, Жусубалиев көчөлөрү пландаштырылган. Жалпы 6,2 км жолдор оңдолгон. Иш-пландын негизинде жылда «Жапалак» а⁄б 1-2км жолдорду асфальттоо пландаштырылган. 
             «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын айылдарын  таза суу менен камсыз кылуу үчүн «Ошшаарсууканал» муниципалдык мекемесинин 2011-жылдын 14-июлундагы №000551 техникалык шарттарынын кошумча тиркемесинде төмөндөгүдөй талаптар көрсөтүлгөн:
  1. Водозабор платинадан «Озгур» суу тазалоочу станцияга (ВОС) чейин 1000мм өлчөмдөгү суу түтүгүн куруу;
  2. Мамыров көчөсүндөгү (Кыш завод) көлөмү 6000м3 өлчөмдөгү суу кампасынын жанына экинчи 6000м3 өлчөмдөгү суу кампасын куруу
        Жогорудагы шарттар аткарылган соң, «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгына караштуу айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча Ош шаарынын мэриясы тарабынан тиешелүү буюртмачы аныкталгандан кийин белгиленген тартипте иш алынып барылат. «Жапалак» айылдык аймактык Кеңешинин Орке айылына таза суу график аркылуу күнүгө саат 06:00дөн 15:00гө чейин берилүүдө
24Анар 6 көп кабаттуу үйүнүн жашоочуларынан.Анар-6 көп кабаттуу үйүнүн артындагы тротуарды «Идаят апа» жеке балдар бакчасы, «Динат» рестораны тарабынан тосулуп калган. Жамгыр жааган мезгилде жолдон өтүү өтө кыйынчылыкты жаратып жатат. Жамгырдан топтолгон суу Анар 6 үйүнүн жер төлөсүнө кирип, жашоочулар кыйналып жатат. Тосулуп калган тротуарды калыбына келтирип берүүңүздөрдү суранабыз.              Ош шаарынын «Анар» кичи районунун Абдыкадыров көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейинки аралыка суу кетүүчү арыктарды жана тротуар курууга Ош регионалдык шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалык тарабынан 2018-жылдын 16-январындагы ИТУ-08-18-И инженердик техникалык шарттары даярдалып долбоорун иштеп чыгуу үчүн Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 
          Ал эми жолдор башкармалыгы тарабынан тиешелүү архитектуралык иш-кагаздарын жана долбоорун даярдоо иш-чаралар 2018-жылда каралган. Ош шаарынын «Анар» кичи районунун ички жолуна тротуар жана лоток куруу боюнча 2018-жылдын иш-планында акча каражатын бөлдүрүү маселеси каралууда. Эгерде акча каражат каралса 2018-жылдын III кварталында аткаруусу пландаштырылган. 
25Б.Раманович, шаар тургунуБиз 2 жылдан бери  Ош шаарынын Ашимахунов көчөсүн оңдоп түзөө жана жарыктандыруу боюнча сөз болгон. Бирок эч кандай результат жок. Быйыл кандай болот, качан жолубуз оңдолот, качан жарыктандырабыз, качан сноско кетет? 2018-жылы жарык менен камсыздандырылбаган көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча иш-пландар түзүлгөн. Бул иш-планды ишке ашыруу Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Ашимахунов көчөсүн жарыктандыруу жумуштарын жүргүзүүгө «Ошсвет» муниципалдык ишканасы тараптан смета түзүлгөн жана иш-планга киргизүү боюнча сунуш берилген. Ош шаарынын, Ашимахунов көчөсүндөгү 40,42,44 жана 48 көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолорун жарыктандыруу боюнча Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын арызынын негизинде Ош регионалдык шааркурулуш Жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2017-жылдын 18-июлунда №166-17-И сандуу инженердик техникалык шарттары даярдалып берилген. Жогорудагылардын негизинде  Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан долбоорлору даярдалып, башкармалык тарабынан курулушка уруксат иш кагаздары берилген.  
        Ал эми, Ашимахунов көчөсүндөгү жеке турак үйлөр жайгашкан көчөлөрдү жарыктандыруу 2 этапта  каралган. 
            Жолдорду оңдоп-түзөө боюнча Ош шаарынын мэриясы тарабынан буюртмачы аныкталгандан кийин Башкармалык тарабынан белгиленген тартипте каралат. 
26З.Акматова, Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунун директору Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунун оң капталында 7 каананы жеке ишкер М. Ефремов ээлеп турат. Ал кааналар жыл сайын 11000 сомдон аренда акы менен Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан берилип келет. Ошол эле мезгилде атайын көрсөтмө бар муниципалдык менчиктеги саламатыкты сактоо мекемелеринин жетекчисинин     макулдугу менен берилет деген. 
Суроо: 
1.Аренда келишим түзүлгөндө ишмердүүлүгү каралабы.  Анткени Ефремов жана анын ишканасынын уруксат документтери юстицияда катталуусу да керек. 
2.Төлөнгөн 11000 сом бюджетти толуктайт деген жоопту угуудабыз, бул абдан жакшы. Бирок, ошол эле мезгилде азыркы учурда 53 майып бала кезекте турат. Анткени, биздин борбор республикабыздагы түштүк региону боюнча майып балдарга кызмат көрсөтөбүз. 
3.Көрсөтүлгөн 7 каананы балдардын муктаждыгы үчүн бошотуп берсе болобу, 2013-жылдан бери ушул суроо аткарылбай келе жатат.     
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери тарабынан кыдыруу учурунда, Ленин көчөсү №306 дарегиндеги кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунун баштагы жетекчиси өзүм билемдик менен Ош шаарынын мэриясына эч кандай маалымат бербей туруп, Каширина Роза Андреевнага экинчи кабаттагы 7 (жети) даана бош бөлмөлөрдү пайдаланууга уруксат берип, Каширина Роза Андреевна бөлмөлөрдүн ичин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, майып балдарга медициналык кызмат көрсөтүү боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткандыгы аныкталган. 
Бул факты боюнча башкы дарыгерге жана Каширина Роза Андреевнага башкармалыктын адистери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2013-жылдын 1-апрелинен тартып биздин башкармалык менен ижара келишими түзүлүп, жалпы суммасы 645 152 (алты жүз кырк беш миң бир жүз элүү эки) сом ижара акысы бүгүнкү күнгө чейин түздөн-түз шаардын казынасына которулган.
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү ижара шартында убактылуу пайдаланууга уруксат берүү боюнча конкурстук комиссиянын 2014-жылдын 19-сентябрындагы №1 протоколдогу чечиминин негизинде, Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №85 Токтомдун №2 тиркемесине ылайык Каширина Роза Андреевна менен имараттын экинчи кабатындагы 7 (жети) даана бөлмөлөрдү убактылуу пайдалангандыгы үчүн ижара келишимдери түзүлгөн.
Ал эми З.Акматованын жыл сайын 11 000 сом ижара акысы деген туура эмес маалыматка жооп катары аталган  7 (жети) даана бөлмөлөрдү убактылуу пайдалангандыгы үчүн жыл сайын 132 000 сом шаардын казынасына которууда.
Каширина Роза Андреевнанын 2017-жылдын 20-июнундагы  №2 №10/5 буйругунун негизинде М.М.Ефремовго жетекчилик милдетти тапшыргандыгына байланыштуу ошондой эле 2016-жылдын 31-октябрындагы Ош шаардык Кеңешинин кезектеги V сессиясынын (төртүнчү чакырылыш) №37 Токтомунда Ош шаардык мэриясына «Муниципалдык менчиктеги медицина мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдө сөзсүз түрдө мекеме жетекчилигинин макулдугу менен берүүнү камсыздоо» жагы каралып, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаардык саламаттыкты сактоо боюнча координатору А.Шамшиев тарабынан М.М.Ефремовго 2018-жылдын 29-январында аталган 7 (жети) даана бөлмөлөрдү убактылуу пайдаланганга каршы эместиги тууралуу жазуу түрүндө макулдук бергендигинин негизинде башкармалык тарабынан 2018-жылдын 29-январында №15/18 ижара келишими 2018-жылга түзүлгөн.
       Бөлмөлөрдү ижара шартында убактылуу пайдалануу үчүн келишим түзгөндө жарандардын ишмердүүлүгүн текшерүү (уруксат иш-кагаздары юстицияда катталганы ж.б.у.с.) башкармалыктын компетенциясына кирбейт.  
27А.Кутубекова, Ош шаарынын Заводская 10 «А», 3 «А» жатаканасынын жашоочуларынын атынанЗаводская 10 «А», 3 «А» жатаканасында 40 үй-бүлө жашайт. Биздин жатаканага жылытууу системасы киргизилген эмес. 2014-жылы да ушул көйгөй менен кайрылганбыз. Ош шаарынын мэриясы бизге келип, жашоочулардан жылытуу системасын киргизүү үчүн кете турган каражаттын бир бөлүгүн жашоочулар жыйноо керек дешкен. Бирок жашоочулардын мүмкүнчүлүгү болгон жок. Ошондуктан сиздерден суранарыбыз, жашоочулардын финансалык мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Ош шаарынын мэриясы толук сарптала турган каражатты өзүнүн көзөмөлүнө алып, жатаканага жылытуу системасын өткөрүп берүүңүздөрдү суранабыз. Андан сырткары, подьезибиз абдан начар абалда, ал эми жатакананын фасады шаардын көркүн бузууда. Анкени ремонттору жок, дубалдары сыз, облицовкасы көчкөн. Ал эми канализация жоктугунан ажатканабыз көчөдө жайгашкан. Очколорунан бери толуп кеткен, чектеш турган домдорго дагы жагымсыз жыты, антисанитария орун алууда. Жогорудагылардын негизинде Ош шаарынын Заводская 10 «А», 3 «А» жатаканасына жылытуу системасын, канализациябызды, туалетибизди тазалап жана ички тышкы ремонтун жасап берүүгө жардам берүүңүздөрдү суранабыз.   Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын адистери тарабынан  Завод көчөсүндөгү №10”А” жана 3”А” жатаканаларынын  жашоочулары менен жолугушуп, жашоочуларга жылуулук системасын киргизүү жана канализация түтүктөрүн коюу маселелери боюнча жергиликтүү бюджет тарабынан кошумча каржылоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Акча маселеси оордугуна байланыштуу жашоочулар мэрия тарабынан ушул иштерге жардам көрсөтүүсүн суранышып  70% акча каражатын чогултууга жашоочулардын мүмкүнчүлүгү жоктугун билдиришти. 
Жатаканалар курулуп жаткан учурда ички таза суу жана саркынды суу системалары каралган эмес. Тийиштүү мекеме-ишканалар  тарабынан керектүү документтер (таза суу жана саркынды суу түтүктөрүн киргизүү үчүн) берилсе «Ошшаарсууканал» ишканасы тарабынан техникалык шарт берилет. 
28Б.Абдибапова, Ош шаарынын «Манас-Ата» аймактык кеңешинин Салиева 4 дарегинин жашоочусуМы жители общежития №4 по ул. Салиева доводим до Вашего сведения, что мы проживаем в аварийных условиях которые необходимо улучшить, а именно линиии электропередач не закрыты щитами, что ставит под угрозу безопасность жителей, так как они расположены низко от пола наши малолетние дети могут дотрагиватья  руками и играть с ними. В общежитии отсутствует подача воды и нет канализации, необходимо провести канализационные трубы из-за чего жителям приходится идти одиночек с детьми. Необходимо сделать ремонт фасадной части здания, так как общежития построено во времена СССР, фасад здания осыпался и крайне портит вид города. Придомовой земельный участок не асфальтирован, в связи с чем во дворе постоянно слякость в холдоную погоду и пыльно в жару. Рядом с общежитияем устанволенно водяная колонка которая находится в неисправном состоянии, поток воды не управляем что грозится затопом. Так как жителям общежития являются малоимущие люди, мы не в состоянии самостоятельно устранить вышеуказанные условия отклоненные от нормы в связи с чем просим:
  1. Линиии электропередач  закрыть щитами; 
  2. В общежитии урегулировать подачу воды и канализацию провести канализационные трубы;
  3. Необходимо сделать ремонт фасадной части здания. 
  4. Придомовой земельный участок асфальтировать;
  5. Рядом с общежитием установленную водянную колонку починить 
     Ош шаарынын “Манас-Ата” аймактык кеңешинин Салиева №4 жатаканасынын жашоочулары менен ЖЭУ-1 “Манас-Ата” бөлүмдүн кызматкерлери жолугушуп коюлган маселени жеринде таанышып, электр щиттин сыртындагы коопсуздук эшигинин жоктугу боюнча  дефектик акт түзүү боюнча иш алып барылууда. Жатакананын сырткы фасадын жарым бөлүгүн актап-сырдоо үчүн акча каражаты чогултулса иш жүргүзүлөт.     
        Ош шаарынын ички жолдорун оңдоо боюнча жергиликтүү бюджеттин тартышытыгына байланыштуу акча каражат каралган эмес. Бирок аталган ички көчөлөрдү оңдоо боюнча инвестициялык долбоорго сунушталат.
       Жатаканалар курулуп жаткан учурда ички таза суу саркынды суу системалары каралган эмес. Архитектура тарабынан керектүү документтер (таза суу жана саркынды суу түтүктөрүн киргизүү үчүн) берилсе Ошшаарсууканал ишканасы тарабынан  техникалык шарт берилет.  
29С. Зулпукарова, Ош шаарынын «Манас-Ата» аймактык кеңешинин Салиева 2 дарегиндеги жатакананын жашоочуларынын атынанМы жители общежития №2 по ул. Салиева доводим до Вашего сведения, что мы проживаем в аварийных условиях которые необходимо улучшить, а именно линии электропередач не закрыты щитами, что ставит под угрозу безопасность жителей, так как они расположены низко от пола наши малолетние дети могут дотрагиватья  руками и играть с ними. В общежитии отсутствует подача воды и нет канализации, необходимо провести канализационные трубы из-за чего жителям приходится идти одиночек с детьми. 
Необходимо сделать ремонт фасадной части здания, так как общежития построено во времена СССР, фасад здания осыпался и крайне портит вид города. Придомовой земельный участок не асфальтирован, в связи с чем во дворе постоянно слякоть в холдоную погоду и пыльно в жару. Рядом с общежитием устанволенно водяная колонка которая находится в неисправном состоянии, поток воды не управляем что грозится затопом.Так как жителям общежития являются малоимущие люди, мы не в состоянии самостоятельно устранить вышеуказанные условия отклоненные от нормы в связи с чем просим:
1.Линиии электропередач  закрыть щитами;
2.В общежитии урегулировать подачу воды и канализацию провести канализационные трубы;
3.Необходимо сделать ремонт фасадной части здания;
4.Придомовой земельный участок асфальтировать;
5.Рядом с общежитием установленную водянную колонку починить.
№6 “Манас-Ата” аймактык кеңешинин Салиева көчөсүндөгү жатакананын жашоочулары менен ЖЭУ-1 “Манас-Ата” бөлүмдүн кызматкерлери жолугушуп,  коюлган маселе менен  жеринде таанышып, электр щиттин сыртындагы коопсуздук эшигинин жоктугу аныкталып,  дефектик акт түзүү боюнча иш алып барылууда. 
         Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 20-октябрындагы  №907 токтому менен бекитилген Жобонун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсүндөгү жылуулук тармактарын оңдоого 50%, таза суу, саркынды суу тармактарын үйдүн чатырын жана сырткы фасаддарын оңдоого 30% кошумча каржылоо катары бөлүнөт, ал эми калган каражатты жашоочулар өздөрү чогултууга же демөөрчүлөр тарабынан каржыланууга тийиш. Ошондуктан дефектик актта көрсөтүлгөн акча каражатынын Сиздерге тиешелүү бөлүгү топтолсо, кошумча каржылоо маселеси атайын комиссияга сунушталаарын жана бул маселе боюнча тиешелүү документтер (чыгымдардын сметасы, дефектный акт, жашоочулар тарабынан жыйналган каражаттар тууралуу жана башка керектүү маалымат) атайын комиссия аркылуу каралып, жеринде иликтенип, комиссиянын чечими чыгарылаарын  билдиребиз. Жогорудагынын негизинде  жатакананын сырткы фасадын актап-сырдоо иштери акча каражаты чогулгандан кийин жүргүзүлөт.
         Ош шаарынын ички жолдорун оңдоо боюнча жергиликтүү бюджеттин тартышытыгына байланыштуу акча каражат каралган эмес. Бирок аталган ички көчөлөрдү оңдоо боюнча инвестициялык долбоорго сунушталат. 
30К.Шакирова, Ош шаарынын тургуну Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын иштери боюнча биздин сунушубуз. Ал мекемеден 70 ден ашуун киши кыскартылса иш кантип жүрөт. Ошондуктан 70 000,0 миң сом каралыптыр. Өткөн жылы 84 000,0 миң каралса, быйыл өтө аз каралган. Сезон мезгилде туристерди     тейлеген кызматчыларды көбөйтүү керек. Гендердик саясатты сактоо үчүн аял жетекчилерди сыйлап коюу керек. Аял депутаттарды да көбөйтүү керек. Аял жүрөгүндөгү аялуу сырды аял жетекчи, аял депутат гана уга алат.                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №443 “Кыргыз Республикасында 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан жогорку жана жергиликтүү Кенештеринин,  аялдар активисттери кыймылынын, шаардагы коомдук-саясий борборлордун жана аксакалдар сотторунун үй-бүлөлүк жана гендердик зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу алкагындагы кызматташтыгы белгиленип турат. 2018-жылдын алкагында Ош шаарынын Аймактык Кеңештериндеги аялдар комитеттеринин жана активисттеринин гендердик саясатты ишке ашыруу жана аял затынын коомдогу орду боюнча семинарларды, тренингдерди, тегерек столдор жана форумдарды уюштуруу пландаштарылган. Өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка бөгөт коюу алкагында аялдар комитеттеринин, активисттеринин жана аял затынын коомдогу ролу жөнүндө маселелер талкууланып, анын жыйынтыгы менен сын-сунуштар жана рекомендациялар кабыл алынып, Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылга карата иш-чаралардын планы бекитиле  тургандыгын маалымдайбыз.
31И. Ысаков, Азаттык радиосунанПарковка деген 10 сом экен. Былтыр парковканы чогултуп жатып, болгону 2 миллионго жакын акча чогултуптурбуз. Ушул 2 миллион акча үчүн шаар элин ушундай маскаралагандай кылып жатабыз. Өзү биз парковка кылган жокбуз бир дагы. Биз кадимки көчөнүн боюн парковка кылып алганбыз. Азыр ошол жерди аукцион кылып беребиз деп жатасыздар. Аны бергенге акыңыздар жок. Бул биринчиден каракчылык болуп жатат. Экинчиден кайырчылык болуп жатат. Мындан уялыш керек. 10 сом болгону менен шаардыктардын маанайын бузуп жатат. Ал жердегилер менен урушат экенсиң, талашат экенсиң. Ошол бизге керекби. Биз шаардын стратегиялык планын киргизгенбиз. Ош шаарын тарыхый маданий борбор кылабыз деп. Маданий борборду кылыш үчүн маданий маанайды пайда кылыш керек. Кастык, согуш жарата турган нерсени кылбай эле коюш керек. Мен улуттар аралык мамилени айтпай эле коеюн. 2 миллион эч кандай эле акча эмес экен. Бир тендерди жакшылап, тазараак өткөзүп койсок 2 миллион эмес 10 миллионду үнөмдөп калсак болот эле. Биз ушуну кылбай жатабыз. Бул жерде олтурган жетекчилерге бетиңиздерге эле айтып коюн. Мисалы: Ар бир жетекчинин ашып кетсе 25 миң айлыгы бар. А тепкен машинасы кымбат. Кийген кийими кымбат. А үйү 2,3 этаж. А ошол каяктан болуп жатат. 15, 25 миң айлыктан болуп жатабы. Бардыгын урдап жасап жатабыз. Анан келип алып эле уурулукту калыбына келтириш үчүн бул жактан 10 сомду сурап жүрөбүз. уят да. Ошону жоюп эле койбойлубу. Парковка кылса кыла берсин бир жерди сатып алып, ошол жерге видеокамерасын койсун. Ошол жерде коопсуздугун кепилдик бергенден кийин парковка кыла берсин. Ошондой эркиндикти бербейлиби. Экинчи маселе, былтыры бир дагы тратуар ачкан жоксуңар. Аялдар билишет тротуар кандай азапта экендигин. Себеби бул жерде олтурган бардык эркектер машина менен жүрүшөт. Тротура жок бизде. Көбүнчө ууру чоңдорубуз тротуарды 2 метр жерин кошуп тосуп албаса анын бай экендиги билинбей кала тургандай болушат.   Ошол тротуарды кошуп алса ал бай да. Тротуарларды ачтырып коюңуздарчы. Ошол иштерге 2 же 5 миллион акчаны символический акчаны бөлүп бериңиздер. Тротуарды ачып беришсин. Себеби, ошто тротуар калган жок. Борбордук жерлерде көзгө көрүнгөн жерлерде тротуарлар бар.        2016-жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке парковка салыгы үчүн 2017-жылы 644 000 сомдон 1754 000 сомго, башкача айтканда 3 эсеге жакын акча каражаты көп төгүлдү. 2018-жылда мындан да ашыкча акча каражатын жыйноо пландаштырылып жатат.
        Ал эми парковщик-көзөмөлдөөчүлөрдүн аткарган иши, акча каражатын чогултуудан сырткары, ал жердеги тартип, тазалык жана авто тыгынды жоюга багытталган.
        Шаарда  жолдун боюнда орнотулган убактылуу ар кандай багытта иштеп жаткан обьектилер автоунаа жүрүүчү жолдон сырткары жөө адамдар жүрүүчү (тротуар) жолду эске алуу менен тандалат жана автоуна токтотуучу жерлерге убактылуу орнотмолорго уруксат берилбейт.
       Кошумча билдире кетсек, убактылуу соода обьектилери  турган жер тилкеси 1 (бир) жылдык мөөнөт менен пайдаланууга берилет жана шаардын башкы планын ишке ашырууда (жолдун кеңейтүлүүсүндө) же шаардын кандайдыр бир муктаждыгы жаралган учурда  жер тилкелери тоскоолдуксуз бошотулуп баштапкы калыбына келтирилет.
       Андан сырткары, жеке жарандар тарабынан өз билемдик менен жөө адамдар жүрүүчү (тротуар) жолдорду тосуп тосмолорду куруп алгандары боюнча тиешелүү адистер тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  эскертүү баракчалары берилип келет. 
32А.Осмонов, Ош шаардык Кеңешинин депутаты.Элдин атынан шайланып келгенден кийин элдин таламын аткаруу негизги милдетибиз деп эсептейбиз. Урматтуу жетекчилер, биздин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында атайын Ош шаарынын мусор төгүүчү аянтчасы бар. Акыркы 5 жылдан бери бул полигондон ошол аймактын жашоочулар аябай жабыркап келе жатат. Анткени түтүндүн ушундай таркаганы биздин жаш балдардын, элдердин дем алуусуна өтө зыян кылып ар түрдүү оорулар чыгып жатат. Тазалык ишканасы боюнча Гүлгаакы Мамасалиева жакшы айтып кетти. Ал хозрасчет болгондон кийин ал өзүн өзү камтыш керек. Бирок бюджеттен бөлүнүп жаткан акчанын көлөмү жогору экен. Бирок,  ушуга карабастан биздин аймактык башкармалыкта мусордун түтүнүн алдын алуу жолдору иштелип чыкбай жатат да. Ушул боюнча маалымат берсеңиз.         Ош шаарындагы турмуш тиричилик калдыктарын алып чыгуу жана тазалыктын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча долбоору Европа өнүктүрүү жана реконтрукциялоо банкы менен биргеликте  иш жүзүнө ашуунун алдында турат. Бул долбоордун алкагында Ош-Ноокат автожолунун 7-чакырымында жайгашкан таштанды таштоочу жайды жабуу жана жаңы санитардык полигон  ачуу, тазалык үчүн техникаларды, контейнерлерди сатып алуу каралган. Бүгүнкү күндө жаңы санитардык полигон куруу үчүн жерди аныктоо иш-чаралары жүрүүдө. Эгерде жаңы санитардык полигон курууга жер аянты чечилип калса, ал жердеги полигон жабылат.   Ош шаарынын тазалыгын камсыз кылуу максатында  жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 35500 миң сом акча каражатынын 26 536 миң сому 188 шыпыруучуну, айдоочу, жүктөөчү ж.б. жумушчулардын эмгек акыларына берилет, же жалпы бөлүнгөн сумманын 74,75%. Калган бөлүгү залалсыздандырууга, күйүүчү-майлоочу майга, тетиктерге жана башкаларга жумшалат.       
33Курманжан-Датка 12 аймактык кеңешинин №2 кварталдык комитетинин төрагасы.2015-жылы бюджеттен 5 900,0 миң берип, Бодр-Таш насостук станциясынын  биринчи этабы бүткөн эле. 2017-жылга суранганбыз. 2 насос коюп бергиле деп жазсам. Бир насос коюп суу маселеси оор болуп жатат 3 жылдын ичинде бузулуп калып өзүбүз оңдодук. Ошонун экинчи этабына мэриядан Топчубаевден кат алдык. 2018-жылдын планына киргизип беребиз деген. Эгер депутаттар карап берcе деп. Зулимовдон 2 кат алдык. Капиталдык курулушка 2017-жылы карайт деп. 2017-жылы барсам акча каражаты жок деп турат. Ошон үчүн сиздер элге кызмат кылгандан кийин 1600 адамга чек берген. Азыр 3500 адам суусуз олтурат. Бир насос каяка берет. Биз оңдотуп алып келип берип жатабыз. Мэриянын аркасын жаап. Элден акча топтобой эле 2, 3 адамдан акча чогултуп.  Ошон үчүн Бодр-Таш насостук станциясы боюнча Зулимовго 2 кат жаздык. Топчубаевден бар, Каналиевден бар. Бодр-Таштын 2-этабына бир генератор, бир насос комплекти коюп беришиңиздерди суранып кетебиз. 5900 миң сом кетет. Проекттин копиясын бергенмин сиздерге. Андан сырткары Эдельвейсте көрүстөндын жери деп 2 гектар жер алганбыз. Ошонун дагы ограждениясын тосуп беришиңиздерди суранабыз. Эми эл экен, эл түнкү 2 де да келет суу бересин деп. Чек алгандар суу жок кандай курулуш кыламын деп турат. Комиссия болуп чыгып, көңүлүңүздөргө алып койсоңуздар. 1981-жылкы  насос бузулуп 2015-жылы бир эле насос коюп бердиңиздер. Ошого дагы бир насос жана генераторду коюп берсеңиздер. Андан сырткары Тюльпан участкасында 120 метр труба чириген. Насосту жандырса эле жарылып кетип жатат. Ошого 120 метрлик 250лүк труба да керек.      Аталган участогуна суу түздөн-түз каналдан алынгандыгына жана ал суу «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентке дал келбегендигине (б.а. чыпкалоо, тундуруу жана хлорлоо иштери аткарылбагандыгына)     байланыштуу жана «Ошшаарсууканал» ишканасы толук чарбалык эсептеги ишкана болгондуктан суу түтүктөрүн курууга генератор, насос алууга жардам бере албайт. Ал эми Эдельвейс жаңы конушундагы көрүстөндүн айланасын тосуу боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүндү жана бул иштер 2018-жылы аткарылат.
34Жапалак айылынын тургуну Мен дагы агай айткандай элдин көйгөйүн алып келдим. Ашым Алымович туура айтты. Мусор бизге зыян кылып абдан жабыркап жатабыз. Мусордон сырткары арматура чыгара турган нерсени куруп коюптур. Түтүн болуп, дем алганга мүмкүн эмес. Арматура заводу алысыраак болсун. Мэр бизге барып газды ачып жатканда айткан Жапалакты шаарга айландырам деген. Бирок, жакшы рахмат. Жасап жатасыздар, газ барды. Канализация коюп берем деген. Менин суранычым. Ошол айткандарды кылып берсе. Асфальт болуп жаткан Атабаев көчө жарымы болуп, жарымы калып калды. Муну карап берсеңер балдарым. Андан кийин калган көчөлөрдү карасаңыздар. 
Сасыкбаев көчөсүндө 1951-жылы курулган столбалар бар. Бүт баары кыйшайып жыгылайын деп турат.  Кокус жылып кетсе светтен өрт чыгып кетиши мүмкүн. Жарымы алмаштырылды дагы 5,6 сы турат. Эң көйгөйүбүз таза суу. Таза сууну бизге стабильный кылып берсеңиздер. Сууга счетчик койсоңуздар да ыраазыбыз. Стабильный кылып агызып койсоңуздар. Себеби биз таза сууну 2 эле саат алабыз, кечинде, ошо менен болду.     Бирок, акчаны кадимкидей төлөйбүз. Андан кийин Кең-Сай массивинен бала бакчабыз жер алган. үй курабыз десе же свет жок, же суу жок. Муну чечип бергиле. Андан кийин бизде 1954-жылы курулган ФАП бар. Мисалы: Жапалакта 11 айыл бар. Ушул ФАПты карап бериңиздер. Андан кийин Айтмамат Тентибаевич убада кылган. Мен жанында тургам ошондо. Канализацияны сөзсүз бүтүрүп беремин деген.  Биздин кошуна Ак-Тилекте канализация бар. Жапалак айылында жок. Ошону улап бериңиздер.
            «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Атабаев көчөсүн асфальтоого Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан  2017-жылдын 4-августунда №208-17-И инженердик техникалык шарты даярдалып берилген. 
Кең-Сай массиви боюнча     башкы планга ылайык жолдорго, электр энергиясына, таза сууга тиешелүү архитектуралык уруксат иш кагаздары даярдалып Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына өткөрүлүп берилди. 
        ДЭУ участкасынын таза суу маселесин чечүү Капиталдык курулуш башкармалыгынын 2018-жылдын иш планына киргизилген. Анда «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы айылдарды  таза суу менен камсыз кылуу үчүн «Ошшаарсууканал» муниципалдык мекемесинин 2011-жылдын 14-июлундагы №000551 техникалык шарттарынын кошумча тиркемесинде көрсөтүлгөндөй Водозабор платинадан «Озгур» суу тазалоочу станцияга (ВОС) чейин 1000м3 өлчөмдөгү суу түтүгүн куруу, Мамыров көчөсүндөгү (Кыш завод) көлөмү 6000м3 өлчөмдөгү суу кампасынын жанына экинчи 6000м3 өлчөмдөгү суу кампасын куруу пландаштырылган. 
       «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгына «Ошшаарсууканал» ишканасы тарабынан таза суу график аркылуу күнүгө саат 14:00дөн 18:00гө чейин берилүүдө. Калган айылдарына таза сууну Ак-Мөңгү СООППВсы бөлүштүрөт.
       Кең Сай массивинин таза суу, свет менен камсыз кылуу, ФАПтын капиталдык ремонттон өткөрүү маселелери 2018-жылга бөлүнгөн акча каражатына ылайык каралат.
        «Жапалак» айылынын Сасыкбаев көчөсүндөгү ТП-185 көмөк чордонунун 0,4 кВ чыналуудагы электр мамычаларын жарымын жаңылап алмаштыруу иштери 2019-жылдын иш планында каралган. Бирок, быйылкы жылы алмаштыруу иштери мүмкүнчүлүккө жараша жүргүзүлөт.
35Кирпичныйдын жашоочусуКирпичный заводдогу №9 поликлиниканын наркы жолго чейин освещения жок. Жарыктандыруу боюнча жакшы неме көтөрүлдү.  Ал жерден барып наркы жагында освещения жок да. Капкара. Сиздерге рахмат айтайын дегеним биздин Заводская көчөдө общежитиялар бар. Ал жерде остановка 2 миңдей адамдар чыгат да. Остановкага өтүш тозок болуп жатат да. Машиналар 80,90дө өтөт. Кече жакында эле бир окуучу баланы уруп кетти. Кудай жалгап тирүү калды да. А башка эч ким жок көчөлөрдө ар бир 15,20 метрде лежащий полицейскийлер бар. А биздин ошол көчөгө 2 лежащий полицейский койдуруп берсеңиздер. А дагы бир өтүнүч  Жапалакка бизден 105 маршрут каттайт. № 22  Учарга каттайт. Эрте менен ал автобустар толуп келет. Биздин балдар сабакка кеч калып жатышат. Эрте менен ал автобустарга  5, 6 адам батат. Калганы батпай кала беришет. Дагы бир суроо Газпром трубаларды койдуго. Ошол жерден Асан-/сөн деген маркет бар. Ошол жердин бери жагы асфальтталды да. Ары жагы асфальталбай калды. Азыр чукур боюнча жатат ал жер. Ошол жерди да карап койсоңуздар. /йлөрдүн алды күндүзгүдөй жарыкта кечкисин. Канализацияны түшүрүп бердиңиздер. Ага чоң рахмат. Суу киргизип бердиңиздер ага да чоң рахмат. Иштерди жакшы кылып жатасыздар. Мен баягы айткандарды да карап берсеңиздер.         «Ошсвет» муниципалдык ишканысынын 2018-жылга түзүлгөн иш-планына ылайык  Мамыров көчөсүндө жайгашкан №9 поликлиникадан Б. Осмонов көчөсүнө чейинки жол быйыл жарыктандырылат. Ал эми “лежачий полицейский” орнотуу боюнча Мамыров көчөсү КР транспорт жана жол министрлигине караштуу болгондуктан «лежачий полицейский» орнотуу боюнча ИИБнын жол коопсуздугун сактоо кызматы жана ДЭП-21 ишканасы уруксат берет.
        Бүгүнкү күндө кирпичныйга №105-№122-, №146 үч кичи автобустук маршруттук каттамдары каттайт, алардын жүрүү интервалы: №105-кичи автобустук маршруттук каттамыныкы 10-15 минут, №122, №146-каттамдардыкы -8-10 минутту түзөт жана жүргүнчүлөрдү өз убагында ташууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле бир маршруттук каттамына батпай калган жүргүнчү кезектеги экинчи маршруткага 10-15 минут аралыгында чыгууга болот.  
      Ал эми Мамыров көчөсүндөгү «Асан-Yсөн» маркетинин астындагы жер астындагы орто басымдагы  газ түтүктөрүн алмаштыргандан кийин “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы тарабынан жолдун бузулган жерлери калыбына келтирилген. Ал эми жол чекелериндеги чөгүп кеткен жерлерди күн жылыганда калыбына келтирилет.
36 К.Шакирова, Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн тургунуМен ушул ишиңерге өзгөчө ыраазы болуп. Бул деген эл менен маектешүү, элдин пикирин билүү дегенди түшүндүрөт. Анан калса депутаттардын телевидения аркылуу берген отчетторуңуздарды көрүп ыразычылыгын билдирүү иретинде келдим эле. Азыр отуруп менде ой толгоолор пайда болду да. Ошту Ош кылган биздин туризм. А туризм багытында  акча каражатын карайбыз деген сөз болгон жок. Мени ушул маселе кыжаалат кылды. Экинчиси 16 миллион акча деп жатасыздар Зеленхозго. Илгери биз Зеленхоз бар экендигин биз билбейт элек. Акыркы мезгилдерде Зеленхоз биздин жүзүбүз болуп калды. Мен азыр чыксам бул кызда чыгып жатат. Мен аны тааныбайм деле. Бирок мен аял катыр пикиримди айтып коеюн. Айгүл Жаңыбаевна иштегенден бери биздин жүзүбүз гүл болуп калды. Мен айтайын дегеним бул кишилердин бюджетин кыскартпай эле. Канча адамдар сокращения болуп кетиши мүмкүн. канча адамдардын тагдырлары бар. Туризмди өнүктүрүү аркылуу эмне үчүн Зеленхоздун кадыр баркын көтөрбөйбүз. мен бир Хорват менен сүйлөшүп калдым. Чынында айтканда туристер менен анча мынча иштешкен адаммын. Туристер полный пакет, жарым пакет жана дикий деп. Бул Хорват өзүнчө келген турист экен. Ал айтат Оштун гүлүнө, Оштун тазалыгына, сулуулугуна кайра келип көргүбүз келет дейт. Ошту сулуу кылганда да таза кылганда ушул Зеленхоздун адамдары. Ошон үчүн бул маселеге оң көзүңүздөрдү салып туризмди аябай өнүктүрүп, альп, эко туризмди да өнүктүрүп, жай келгенде гиддерге атайын штатты карап, шарртарды түзсөңүздөр жок жерден акча бизге түшө бербейби. А ошол акчаларга шарттарды ким түзүп жатат. Тазалык менен Зеленхоз түзүп жатат. Ушулардын жетекчилерине рахматты айтып. Кыргыздардын макалы бар. «Тандоо ооздурат, жалкоо тоздурат»  деген. Сиздер ушул Тазалык менен Зеленхоздун жетекчилерин тандоо аркылуу оздурбайсыздарбы. Ушул туризмди өнүктүргөнгө шарт түзүңүздөр.           Ош шаары территориясы, калкынын саны, экономикалык жана маданий мааниси боюнча республикада экинчи шаар болуп, түштүк борбору статусуна ээ. Ош шаарынын мэриясы шаарыбыздын экономикалык жана социалдык өнүгүп-өсүүсүнүн приоритеттүү багыттарынын бири катары-туризм тармагына акыркы жылдары өзгөчө көңүл бурулуп, туруктуу негизде шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы заманбап социалдык обьекттерди куруу, шаардын ички жолдорун оңдоо, жолдорду, калк жашаган аймактарды түнкү жарыктандыруу иштерин күчөтүү менен бирге көптөгөн маданий-массалык, уюштуруучулук иш-чараларды аткарып келүүдө. 
        Белгилүү болгондой туризм тармагын ургаалдуу өнүктүрүүсү шаардын экономикасынын, айрыкча социалдык чөйрөнүн айкалышып өсүп-өнүгүүсү менен тыгыз байланышта. Ош шаарынын туристтик потенциалын көтөрүү үчүн туристтик фирмалардын иштөөсүнө толук шарттарды түзүп берүүгө аракеттер жасалууда. 
      2017-жылдын апрель айында Ош шаарында туристтик фирмалардын башын бириктирген “Дестинация-Ош” туристтик бирикмеси түзүлдү. Бул бирикменин туризм тармагын өнүктүрүү жаатындагы демилгелерин Ош шаарынын мэриясы колдоого алып, натыйжада 2017-жылдын 19-августунда “ОшФест” туристтик фестивалы эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул фестивалга өлкөбүздө өткөрүлгөн маданий-массалык иш-чаралардын эң мыктысы катары баа берилди. Натыйжалуу жүргүзүлгөн маалыматтык маркетинг жана шаарыбыздагы туристтер үчүн түзүлгөн шарттар аркылуу жылдан жылга келген туристтердин саны өсүүдө.
     Бүгүнкү күндө Ош шаарынын мэриясы шаардын туристтик потенциалын түзгөн ишкана-мекемелердин, мейманканалардын, кафе-ресторандардын базалык көрсөткүчтөрүн жаңылап, 2018-жылдын туристтик сезонуна кызуу даярдыктарды көрүүдө.
37Т.Келдибаев, Ош шаарынын Гастелло көчөсүнүн тургунуБиздин Гастелло көчөсү Ош шаарынын эң четинде жайгашкан көчө болуп эсептелет. Карасуу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтү  менен чектеш. Мурда Ош шаарынын мүрзөсү болгон шаардан 10 метр бийиктикте жайгашкан. Водоканал суунун басымынын төмөндүгүн эске алган эмес. Ал жерге домго бала бакчага ылайыкташтырылган трансформаторду орноткон. Жердин астынан 117 метр тереңдиктен бийиктиги 40 метрден суу чыгып эл өзүнүн жашоо турмушун улантып кылып келе жатат.  Тилекке каршы 5,6 жылдан бери кичинекей трансформатордан   Чкалов көчөсүнө, Р.Абдыкадыров, Гастелло көчөсүнө ар кими     свет улап алгандыктан токтун кубаттулугу жетпей суу чыкпай жатат. Андан кийин котельный да бузулуп кеткен. 400,500 метрден тартып келген. Ал домго келгичейин 80 градуста айдаган суу 60 градус болуп отопления да ысыбай жатат. Ошол биздин трансформаторду улап алган байкуш сот болгон СНБда иштеген адамдар бар экен. Ошол бечараларды алдыра албай жатабыз. Пенсиялары 40 миң. үйлөрү особняк. А мэрия бизге жооп жазып жатасыздар. Албагыла деп. Бишкектегидей авария болсо ким жооп берет. Бүгүнкү күндө Гастелло көчөсүнүн көп кабаттуу үйлөрү ЖЭУ «Облпотребсоюз» ишканасынын балансында турган скважинадан чыккан суу менен камсыз болушууда. Ал эми ар кими свет улап алгандыгы боюнча айтсак Ош областтык керек-жарак коомдорунун жана кооперативдеринин биримдигинин башкармалыгынын карамагында турган ТП-513 көмөк чордонуна башка керектөөчүлөр өздөрүнүн башкармалыгынын төрагасынын макулдук бергенден кийин тийиштүү техникалык документтердин негизинде уланышкан.  
38А.Наватова, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемесинин директору.  Мен бир маселе боюнча кайрылып жатам. Быйылкы биздин ишкананын бюджетинин 17500,0 миң сом кыскартылып кетти. Азыр көрдүңүздөр кээ бир ишканаларга кошулду. Мен ошону акылга сыйбай жатам да. Причинасын таба албай жатам.  Мен түшүнөм 500,0 миңге кыскарса, 1 же 2 миллионго кыскарса. 17500,0 миң деген биздин бюджетибиздин 25% түзөт экен. Менде азыр 315 жумушчу иштеп жатса. Ошонун 75дейи кыскарууга душар болуп калып жатат. 4 жылдын ичинде урматтуу шаардыктар өзүңүздөр көрүп жатасыздар. 10парк оңдолду. Мурда тарыхта болгон эмес. Токтогул паркына 67 миллион сом тартылды буга. Ошонун 31 миллион сомун өзүбүз тарттык, эл аралык уюмдардан  долбоор жазып ар жактан. Силердин да элдердин салымы бар ал жерде. күнүмдүк иштерден сырткары акча тартып 10 парк оңдодук. Андан сырткары ошол пактардын көрктөндүрүү иштерин биз тендер аркылуу жарыялабай өзүбүздүн эсебибизден кылып жатабыз. Парк, скверлерди тендерге берсек андан да көп акча болмок. 2 питомнигибизде таланып кеткен жерлерибиз бар эле. Соттошуп жүрүп кайтарып, ошол жерде миңдеген көчөттөрдү отургузуп жатабыз. Ал көчөттөр быйылкы жылдан баштап шаарга чыга баштайт. Сатууга да чыгарабыз. Ошол көчөттөр адамдын күчү менен болуп жатат. Эми Жапар Туратович мен депутаттарга тез-тез эле отчетумду берип турам. Элдер көрбөйт, укбайт экен да мен ошону айтып коеюн.     Суу чыкбаган арыктар бар. Аны да биз колго алдык. Азыр шаарга суу келтириш керек. Токтогул паркын быйыл тапшырабыз деп жатабыз. 34 киши керек болот экен, озелениясын караш үчүн. а бизде 70 ден ашык адам кыскарып кетсе мен кантип аткарам ал ишти. 
  39 А.Осмонов Ош шаардык Кеңешинин депутаты.Урматтуу коомдук угуунун катышуучулары менде суроо пайда болуп калды да. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы шаардын составына 2009 –жылы өткөнбүз. Бирок Айгүл Жаңыбаевнанын сөзүнөн кийин суроо пайда болуп калды. Биз шаардын карамагына өткөндөн кийин Жапалак аймагына да кандай көрктөндүрүү иштери болуп жатат. Шаар кичине болсо, шаардан эле чыга албай жатабыз. Каердеги 2 миллионду айтабыз. Каерге гүл эгилди. Кайсыл жерде жашылдандыруу болду. Ушунун негизинде элдин атынан келген депутаттарга түшкөн сунуштардын негизинде кыскарды. Керек болсо дагы кыскартыш керек. Өздөрү хозрасчет менен иштейт. Долбоорлорду тартыш керек. Алдыга жылыш керек. Бюджетти карап эле олтурбастан.              “Жапалак” айыл аймагына  2,8 га аянтка жаны Ж. Мамытов атындагы эс алуу паркы уюшулуп, 700 түп каштан, 244 түп арча көчөтү отургузулуп, каралууда жана  0,6 га аянтка журналистер аллеясы уюшулуп 377 даана арча көчөтү отургузулуп каралууда. Мамыров көчөсүнө  2017-жылы 220 түп арча көчөтү отургузулду. 
2017-жылы 17 000 м кв жерге 2 жолудан гүл отургузулуп, 1 500 000 гүл отургузулду. 
        2014-жылдан бери комбинатка бекитилип берилген жашылдандырылган аймактардын аянты 35, 3 га көбөйтүлгөн. 
2014- 2018-жылдар аралыгында 13 982 даана декоративдүү дарактар, 217 832 даана бадалдар отургузулган.  
40У.Бекмуратов, Ош шаарынын тургуну. Биз жыл сайын ушул жерге, мэр келиш керек эле. Бирок, себепке байланыштуу  келбей калды деп жыл сайын угабыз. Эмне үчүн мэр катышбайт. Эмне үчүн 4 адам шаардын бюджетин чечип коет. Мисалы ушул адамдардын налогунан бюджет кылып жатасыздар, айлык алып жатасыздар. Ош шаарынын көйгөйлөрүн чечип жатасыздар. Бул жерде мэрлер, бүт вице-мэрлер, жетекчилер, комиссиянын баары отуруш керек. 4 адам эмес 10 адам отуруш  керек. Себеби бюджет бекиткен мезгилде биз бардык мына. Бардык службалардан келип бизге место жок болуп, залыңарга. А эмне үчүн слушаниеде эмне келбейсиздер. Экинчиден бул жерде урматтуу Ош шаарынын тургундары сиздер билесиздер мэрия тарабынан жыл сайын детский площадка курулат. Бирок, эмне үчүн өзүңүздөр контролго албайсыздар. 2 айдан кийин качелялар сынып жатат. Балдардын башы жарылып жатат. Колдору кымчылып жатат. Себеби стандартка жооп бербеген качеляларды сварка менен эптеп курулуп жатат. Скамейкаларга олтурсаңыздар болттору чыгып калып жатат. Сыйганчактардан учуп башы сынып жатат. Анын коопсуздук жагына да жооп бериш керек. 7,8 миллион бөлүнөт экен. Ошону контролго алыңыздар. Андан сырткары урматту комиссия биз Дачный участоктор менен иштешип келе жатабыз сиздер менен бирге.  Жардам бергенде жардам берип келе жатасыздар. Бирок өзүңүздөр билесиздер көп Дачный участоктун суу маселеси чечиле элек. Иригатор, Эдельвейс, Родник участокторун карап койсоңуздар. Андан сырткары ошол жердеги адамдардын оформлениясы проблема болуп жатат.  Мэрияга келип 5,6  ай күтүп документтерин оформления кылып жатышат. Ошону мэрияда, ГорКеңеште юристер бар. Мына Россиянын примеринде дачный амнистия кылып туруп, токтом кабыл алып, токтомдун негизинде оформленияга ускоренный темпте льгота берсеңиздер.              Ош шаарынын Дача конушунун жашоочуларынан арыз келип түшкөндөн кийин, архитектура жана мамкаттоо кызматына кат жөнөтүлгөн. Аталган ишканалардан жер тилкесинин башкы пландан каралып чыгып, жеке турак-жай куруу мүмкүндүгү, жайгашкан орду жана жалпы аянты жөнүндө даярдалган архитектура-техникалык корутунду келгенден кийин Ош шаарынын мэриясынын “Жеке менчик үй куруучуларга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу” комиссиясынын кароосунда каралып, комиссия тарабынан макулдук берилген жарандарга Ош шаарынын мэриясынын токтому даярдалып берилет.  
41Р.Мажитов, директор общественного фонда  Я хочу поднять один вопрос  который     в городе Ош крайне остро стоит. Это лица которые попали в крупный жизненую ситуацию. Мы знаем что сейчас холода. Бомжи. Они есть в Оше и в Бишкеке. Есть лица  страдающие алкоголизмом. Есть ВИЧ инифицированные люди, больные раком. Есть больные туберкулезом,  есть люди которым трудно жить. Сейчась в данный момент 2014 года доноры постепенно уходят из Кыргызстана. То есть, Глобальный фонд сокращает средства. Мой вопрос состоит в том что наступит момент когда в городе Ош ВИЧ инфекция, туберкулез и другие болезни передеваемым половым путем будет подниматся. Я смотрел статью  «Социальная сфера» там выделенно вроде 10 миллионов. Прошу Вас мэрию увеличить эти средства. Мы готовы сс своей стороны как общественный фонд  взять  на себя содействия. Потому что основные донора уйдут. И есть риск того что наш город Ош будет криминализирован. Потому что освобождается из тюрем заключенные люди. Опять они пойдут воровать. Нету реабилитационных центров. Нету центров адаптации. Есть закон о социальном заказе. Есть закон о государственном  частное партнерстве. Со своей стороны я могу дать  Вам предложение как решить эту проблему сообща вместе. Прошу вас увеличить бюджет социальной  сферы.              Ош шаарынын мэриясы социалдык көйгөйлүү маселелерге ар дайым көңүл буруп, калктын аярлуу катмарындагы аз камсыз болгон пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жана балдарга, кароосуз калган улгайган жарандарга ар тараптуу социалдык колдоо көрсөтүп келүүдө. Бүгүнкү күндө Ош шаарында жергиликтүү бюджеттен каржыланган карылар жана балдар үчүн «Боорукердик» үй-интернаты, Терешкова атындагы мектеп-интернаты, «Алтын уя», «Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйлөрү, «Бүчүр» балдардын калыбына келтирүү борбору, «Мөл-Булак» күндүзгү борбору жана «Yмүт шооласы» балдарды убактылуу жайгаштыруу борбору  иш алып барышууда. Пенсионерлерге жана ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тиш протездөөгө жана дары-дармек алууга социалдык жеңилдиктер берилип келүүдө.
     ВИЧ-СПИД, туберкулез сыяктуу жана башка жугуштуу оорулар менен ооруган жарандарды дарылоо боюнча атайын мамлекеттик медициналык мекемелер иш жүргүзүп келишүүдө. Ал эми туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандар үчүн бүгүнкү күндө Ош шаарында мамлекеттик же муниципалдык баш калкалоочу жай (приют) жок. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу кабыл алып бөлүштүрүү пункту өзүнүн жобосуна ылайык 3 сааттан ашык кармабайт. Туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандар үчүн баш калкалоочу жай түзүү боюнча «Мусаада» коомдук уюму 2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги аркылуу мамлекеттик социалдык заказдын негизинде убактылуу долбоорду ишке ашырган. Ушул тажрыйбасын эске алуу менен Ош шаарынын мэриясы 2018-жылдын январь айындагы өлкөбүздө орун алган аба-ырайынын өзгөчө суук учурунда «Мусаада» коомдук уюмунун имаратындагы убактылуу жайгаштыруучу жайга селсаяк жарандарды жайгаштырып, ысык тамак жана башка тиричилик кызматтары менен камсыз кылуу үчүн 20 миң сом акча каражатын бөлүп берди. Натыйжада 2018-жылдын январь-февраль айларында жалпысынан «Мусаада» коомдук уюмунда 48 селсаяк жаран баш паанек таап кызматтардан пайдаланышты.
      2017-жылдын 28-апрелинде чыккан №70 Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Ош шаарынын мэриясы коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда шаардагы социалдык багытта ишмердүүлүк жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар менен биргеликте иш алып барууга кызыктар жана кызматташууга даяр экендигин билдиребиз.        
42Б.Мамашев, Кирпичный Заводская көчөсүндөгү жатакананын жашоочусу. Кирпичный-Заводская   10 А жатаканасы бар. Ошонун канализациясы жок. Ремонту начар. Ажатканасы толуп калган. Мусорный жашыктары жок. Ошону карап берсеңиздер.           Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 20-октябрындагы  №907 токтому менен бекитилген Жобонун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсүндөгү жылуулук тармактарын оңдоого 50%, таза суу, саркынды суу тармактарын үйдүн чатырын жана сырткы фасаддарын оңдоого 30% кошумча каржылоо катары бөлүнөт, ал эми калган каражатты жашоочулар өздөрү чогултууга же демөөрчүлөр тарабынан каржыланууга тийиш. Ошондуктан дефектик актта көрсөтүлгөн акча каражатынын Сиздерге тиешелүү бөлүгү топтолсо, кошумча каржылоо маселеси атайын комиссияга сунушталаарын жана бул маселе боюнча тиешелүү документтер (чыгымдардын сметасы, дефектный акт, жашоочулар тарабынан жыйналган каражаттар тууралуу жана башка керектүү маалымат) атайын комиссия аркылуу каралып, жеринде иликтенип, комиссиянын чечими чыгарылаарын  билдиребиз. 
Мындан тышкары аталган дарекке таштанды таштоо үчүн контейнер жакынкы арада коюп берүү жагы чечилди. 
43У. Жоробеков, ОшКУУ окуу жайынын студенти.Мен шаар ичиндеги светофорлор боюнча сунуш берейин дедим эле. 2017-жылы Кыргызстанда жол кырсыгынан 900 дөн ашууна адам каза болду. Бул тынчтык заманында өтө эле көп көрсөткүч деп ойлойм. Ошол боюнча шаар ичиндеги светофорлор туура эмес иштейт да. Машинаны токтотуучу светофор менен пешеход өтүүчү свет экөө тең жанат да. Машина келе жатса кызыл жанат. Пешеходдуку тез эле  жашыл жанып калат да. Ошонун ортосуна 3 секунддан убакыт коюп койсоңор деген сунуш кылам. Мисалы үчүн, кызыл жанса машинаныкы 3 секундтан кийин жашыл жанып пешеходдорду өткөзсөңүздөр. Ошондой светофорлорду регулировка кылып койсоңуздар.      Ош шаарында жалпысынан 48 светофор бар. Ош шаардык ИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын атайын көрсөтмөсүнүн негизинде убактылары бекитип берилет. Аталган башкармалыктын көрсөтмөсүнүн негизинде жол чырактарынын иштөөсү атайын монтаждоо, эксплуатациялоо башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп, ремонт жүргүзүлүп турат.  Келечекте 2020-2022-жылдарга светофорлордун иштөөсү, видеобайкоо системасы менен биргеликте бир башкаруу системада иштөөсү пландаштырылууда.
44 И.Сулайманова, Масалиев көчөсүндөгү №101 жатаканасынын үй-башчысы.Биздин биринчи көйгөйүбүз отопления болуп калды да. Быйыл отопления берди эле жакшы ысыбай жатат да. Подвалдагы трубалар жатакана курулгандан бери алмаштырылбаптыр да. Ушуна алмаштырганга жардам берсеңиздер. Канализация дагы курулган боюнча эч алмаштырылбаптыр. Анадан кийин горбанияга чейин тратуар оңдолгон. А жогору жакта круговойго чейин алмаштырылбаган.     
Биздин жаныбызда Ак-Буура милиция канасы бар. Ал жерден тынбай машина өткөндүгүнө байланыштуу жолдор, тротуарлар бузулуп кетти. Ушуга да карап койсоңуздар. 
         Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын адистери     Масалиева көчөсүндөгү №101 жатаканасынын жашоочулары менен жолугушуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  жылуулук системасын оңдоп-түзөө иштерин аткарууга жана канализация түтүктөрүн алмаштырууга дефекттик акты түзүү боюнча иш алып барылууда. Ал эми сууну жана канализацияны пайдалануу эрежелеринин 14,3-пунктарына ылайык көп батирлүү үйдөгү ички турак жана турак эмес канааларда жайгашкан жабдыктардын жана суу түтүктөрүнүн ремонту же алмаштыруусу менчик ээсинин эсебинен жүргүзүлөрүн маалымдайт.   
        Ак-Буура милиция канасы жайгашкан жерден тынбай машина өткөндүгүнө байланыштуу бузулган жолдорду, тротуарларды оңдоо маселеси Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын адистери тарабынан жеринде изилдеп чыгып, 2018-жылдын иш планына сунушталууда. 
45 У.Козукеев, шаардын тургуну.Менин сунушум  шаардын так ортосунда Макаренко жактан келе жатканда Филармония тарапка бурсаң. Ошол жакка машина бир катар туруп Филармонияга бурганда светофор 18 секунд жанат. 18 секунд жаңганда пешеход да ошол жерден өтүш керек да ошол убакта. Пешеход түгөнбөйт да баягы машина тура берет да. Кийинки дагы 18 секунд жаңгыча ортодо 1,5 минутта өтөт. Дагы 18 секунд жанганда дагы пешеходдор өтөт. Бул жакта турган машина тура берет да өтө албай. Айла жок салып ирсең, же алдыдагы машинаны урасың же пешеходко тиесиң. Менин сунушум ошол Келечектин астына 2 асма көпүрө болсо жакшы болот эле деген ой.  Бүгүнкү күндө Масалиев-Навои, Масалиев-Монуев, Масалиев-Абдыкадыров жана Курманжан-Датка-Айтиев көчөлөрүнүн кесилиштеринде көп көйгөйлүү маселелер байкалууда. Ошондуктан Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан азыркы убакытта Масалиев-Навои жана Курманжан-Датка-Айтиев көчөлөрүнүн кесилиштерине жөө жүргүнчүлөр үчүн жер үстүнөн өтмөктөрдү куруу боюнча долбоорлор даярдалып жатат. Толук долбоорлор даяр болгондон кийин куруу маселеси каралат. 
46А.Миңбаева, Озгур айылында жайгашкан Дача конушунун  тургуну.  Озгур айылындагы Дача бар экендиги боюнча биз эч жерге кайрылган эмесбиз. 2017-жылдын август айынан баштап, мэрияга кайрылдык. Бизде ушул мезгилге чейин суу чыкбайт. Суу берет ураган моторлорубуз 10 жылдан бери иштебейт. Азыр элдин бешенесине булак чыгып калган. Ошодон суу ичишет. Ал жерде 200дөй үй бар. Чектер берилип бүткөн. Бирок, суу жоктугунан үй салалбай жатышат. Андан кийинки маселебиз. Ал жердеги элдердин пропискасы жок. Без документ жашап жатабыз да. Мэрия өздөрү барып чогулуш өткөрүп, сиздер жок адамдар экенсиздер деп айткан мындайча айткандачы. Эгерде суу чыгып калса, жолдорубуз оңолуп, ФАП, мектеп сыяктуу иштер болсо керек деп ойлойм да. Ушуларды карап берсеңиздер.    Ош шаарынын “Озгур” айылындагы жалпы аянты 80,0 га жер тилкесине башкы план иштөө максатында 2018-жылдын бюджетинен акча каражаты каралып, бирок бүгүнкү күндө бөлүнө элек. Каражат маселеси чечилгенден кийин, башкы пландагы көйгөйлүү бардык маселелер чечилет. 
47Т.Шаванов, Ош шаардык Кеңешинин депутаты.Замир Марипбаевич, Жапалак айылындагы сууга былтыркы жылы Минфинден 60 миллион сом бөлүнгөн дейт. Анын жарымы кандайдыр бир 30 миллион сому башка жумуштарга колдонулуп кетиптир. Буга ким күнөөлү. Ушуну түшүндүрүп бера аласызбы. Эмне документтери даяр болбой калган. «Жапалак» айылынын таза суу менен камсыздоого 30,0 млн. сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн акча каражаттын жетишсиздигинен премьер-министрдин буйругу менен бөлүнгөн акча социалдык обьектилердин курулушуна иштетилген. 2018-жылга Ош шаарынын мэриясы тарабынан атайын Жапалак айылынын таза суусу үчүн 100,00 млн. сом ссуда алуу аракети жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө аталган документтер премьер-министрдин кароосунда.
48У. Аттокуров, Ош шаарынын Студенттер шаарчасынын тургунуМен студенттердин көйгөйүн айтайын. Студенттик шаарчасында жаңы көпүрө ачылгандан кийин,  ал жерде тротуар маселеси саат 7:30 дан 9:00 чейин ал жерден студенттер жүрөт. Бир жылдан бери айтам. Бул нерсе чечилбей жатат. Биздин бул жердеги 10 Адырга кетекен водозабор бар го. Ошол водозаборду жолго чыгарып алышканда. 2 метр жылдырып койсо ал жерде суу деле жок. Жылдырса, ошол жерде ОшТУдан Медфакка чейинки аралыкка тратуар коюлса. Андан кийин жума күндөрү 1 ден баштап, 2,15ке чейин эч жакка жыла албайбыз. Же шаарга түшө албайсың же үйгө кире албайсың дегендей. Ушуларды карап берсеңиздер. Андан кийин соофинансированиядан 10 жыл болуп калыптыр газ провод тартканбыз. Горгазга элдин атынан кайрылганбыз. Соофинансированияга биз даярбыз. Газды тартып койсо, ал жерден акча түшөт эле го. Ал жерде ГРП жок деп жатышат. Ал жердеги көпүрөнү да айтканбыз. Соофинансированияга даярбыз. Шаардык Кеңешке дагы бергенбиз. Мэрияда кат жатат. Ошол көпүрөнү оңдоп берсеңиздер. Ал жерде 100гө жакын үй бар.  Аталган жерге тротуар куруу маселеси Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын 2018-жылдын иш-планында каралган эмес. Бирок стратегиялык өнүгүү программага киргизилген. Эгерде акча каражат каралса, кыска мөөнөттө аткарылат. Ал эми «софинансирования» боюнча Жолдор башкармалыгы тарабынан сунуш берилген. Бүгүнкү күндө ал маселе каралууда.    
        Ошондой эле студенттер шаарчасындагы жашоочуларды газ менен камсыздоо маселеси боюнча шаардык архитектурадан газды долбоорлоо үчүн тийиштүү иш-кагаздарын алып     “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына кайрылуу керек. Н.Исанов көчөсүндөгү орто басымдагы газ түтүгүнө кошулуу үчүн техникалык шарттарды жана сметаларын “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы эсептеп берет.
       Он Адырдын төмөнкү бөлүгүнө суу берүүчү №6 насостук станция жайгашкан. Насостук станция стратегиялык обьектилердин катарына кирет. 
            Ош шаарынын мэриясынын
            аппарат жетекчиси                                                                                                       А.Осмонов
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)