Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ХXXII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ХXXII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

11 сентябрь 2020, Пятница
1 545
0







КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ   КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ


ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ХXXII СЕССИЯСЫ

(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)


Т О К Т О М

                                                             (Сурамжылоо жолу менен)


Ош шаары      №238      2020-жылдын 1-сентябры

Ош шаардык Кеңешинин

токтомдоруна өзгөртүү 

киргизүү жөнүндө



Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 6-августундагы №239/08-6 жана 2020-жылдын 21-августундагы №249/08-6 каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы №164б буйругуна ылайык учурдагы өзгөчө кырдаалды эске алуу менен, шаардык Кеңештин Регламентинин 212-беренесин жетекчиликке алып жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 21-августундагы №14 жана 25-августундагы №15 токтомдорун эске алып, Ош шаардык Кеңеши


Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 


          1.Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө” №224 токтомунун 9-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилип: 

4-пунктундагы “1000,0” цифра “700,0”;

10-пунктундагы “2000,0” цифра “500,0”;

32-пунктундагы “6125,2” цифра “4925,2” деген цифралар менен алмаштырылсын. 

        2.Ош шаардык Кеңешинин №232 “Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизилип, 1-пунктунун 1-пунктчасындагы 1600,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө” №224 токтомунун №7 тиркемесинин 7-пунктуна которулсун.

        3.Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө” №224 токтомунун 7-тиркемесине өзгөртүү киргизилип, 7-пунктундагы “23 000” цифра “27 600” цифрасына алмаштырылып, ушул токтомдун 7-тиркемесинин жалпысы “79 120,0” деп окулсун.

        4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

        5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.



Ош шаардык Кеңешинин

төрагасы                                                                                                                      Ж.Ормонов




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)