Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » "Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө" ЖОБО

"Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө" ЖОБО

21 июнь 2019, Пятница
4 124
0
«Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» 
ЖОБО
 (Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы кезектеги XXII сессиясынын №203, Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы кезектеги XX сессиясынын №209, 2016-жылдын 31-октябрындагы кезектеги V сессиясынын №41.  2019-жылдын 19-февралындагы кезектеги XIX сессиясынын №169 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I.Жалпы жоболор
                1.Атуулдардын Ош шаарынын жана Кыргыз Республикасынын гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылууда сиңирген өзгөчө эмгегин таануу жана анын ишмердигин баалап сыйлоо максатында «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам уюштурулат.
                2.«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Кыргыз Республикасынын жана чет элдин атуулдарына Ош шаардык Кеңеши тарабынан жекече ыйгарылат жана кайтарылып алынбайт.
                3. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы соттолгондугу алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган атуулдарга ыйгарылбайт.
                4. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон адамга «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» деген грамота, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» деген төш белги жана күбөлүк тапшырылат. Алардын Жобосу жана түшүндүрмөсү Ош шаардык Кеңешинин токтому менен бекитилет.
                5. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамынын грамотасын, күбөлүгүн жана төш белгисин жасоо Ош шаардык Кеңеши тарабынан ишке ашырылат.
II. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын 
ыйгаруунун негизи жана тартиби
1.«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга негиз болуп:
-  көп жылдык пайдалуу кайрымдуулук жана колдоочулук (меценаттык) ишмердиги үчүн;
   (Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы кезектеги XX сессиясынын №209 токтомунун редакциясына ылайык)
- Ош шаарынын жашоочуларынын жыргал турмушу, келечеги үчүн жасаган эрдиги үчүн;
-   мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданият, чарба, коомдук    жана    башка    тармактардагы   ишмердиги   менен    Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын өнүгүшүнө көрүнүктүү эмгек сиңиргендиги Ош шаарынын тургундары тарабынан кеңири колдоого алынып, таанылганда;
-      шаардын инфраструктуралык тутумдарында, менчигинин түрүнө карабастан 15 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгеги менен шаардын жашоочуларына таанылгандар, төрт жылдан кем эмес шаардын мэри болуп иштегендер, бир жолку чакырылыштан кем эмес иштеген шаардык Кеңешинин төрагалары, экиден кем эмес чакырылышта шаардык Кеңешке шайланган депутаттар.
(Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы кезектеги XIX сессиясынын №169 токтомунун редакциясына ылайык)
                2.Чет өлкөлүк атуулдарга «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ушул бөлүмдүн I-пунктунда каралбаган негиздерде деле аткарылган иштин коомдук саясий чоң мааниге ээ экендиги эске алынып ыйгарылышы мүмкүн.
                3. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды ыйгарууга сунушту Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, Ош шаардык мэриясы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аймактык органдары киргизе алат. Ошондой эле ар кандай уюмдар, коомдук бирикмелер жана жеке атуулдар да сунуш менен кайрыла алат.
4. Ош шаардык Кеңеши, Ош шаарынын мэриясы «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу боюнча сунушту Ош шаардык Кеңешинин токтомунун долбоору катары киргизе алат.
   (Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы кезектеги XX сессиясынын №209 токтомунун редакциясына ылайык)
                5. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш Ош шаардык Кеңешине жекече түрдө киргизилет жана ар бир талапкер Ош шаардык Кеңешинин сессиясында өз алдынча каралат.
                6. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн сунуш каралбайт.
                7. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын каза болгондон кийин ыйгаруу жөнүндөгү сунуш каралбайт.
                8. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча маселе Ош шаардык Кеңешинин сессиясында «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамына сунуш кылынган талапкер жөнүндөгү маалымат Ош шаарынын массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин эки айдан кем эмес убакыт өткөндө каралат.
                9. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү чечим Ош шаардык Кеңешинин сессиясында депутаттардын көпчүлүк жашыруун жабык добуш берүүсүнүн негизинде кабыл алынат жана Ош шаардык Кеңешинин токтому менен бекитилет.
 (Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы кезектеги XX сессиясынын №209 токтомунун редакциясына ылайык)
                10. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы бир жылда бир жолу, көпчүлүк добушка ээ болгон  талапкерге ыйгарылат.
(Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы кезектеги XIX сессиясынын №169 токтомунун редакциясына ылайык) 
11. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселени кароо жана чечим кабыл алуу наамга сунуш кылган тараптардын катышуусусуз деле ишке аша берет.
III. Комиссиянын курамы жана түзүлүшү.
1.«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча уюштуруучулук иштерин Ош шаардык Кеңешинин жана Ош шаардык мэриясынын «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясы ишке ашырат (мындан ары комиссия). Комиссиянын курамы Ош шаарынын мэриясынын сунушу менен Ош шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилет.
   (Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы кезектеги XX сессиясынын №209 токтомунун редакциясына ылайык)
2.Комиссия Ош шаардык Кеңешинин жана Ош шаарынын мэриясынын жумушчу органы болуп эсептелет жана өз ишмердигин ушул Жобого жана Ош шаарынын жана башка да укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
IV. Комиссиянын милдети жана ишмердиги.
Комиссия:
-«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды кабыл алып, тиешелүү документтерди жана материалдарды карап көрөт, зарылчылыгына жараша «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамына сунуш кылынган талапкер жөнүндөгү кошумча документтерди, маалыматтарды алат;
- Ош шаардык Кеңешинин кароосуна «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамына Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аймактык органдары, уюмдар, коомдук бирикмелер жана жеке адамдар тарабынан сунуш кылынган талапкерлер наамды ыйгаруу жөнүндөгү токтомдун долбоорун даярдоо жана киргизүү боюнча чечим кабыл алат же талапкерликти четке кагат;
- зарыл болгон учурда «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселе каралып жаткан талапкерди комиссиянын кеңешмесине катышууга чакырат.
V. Ош шаарынын Ардактуу атуулуна сыйлык тапшыруу
жана сый-урмат көрсөтүү тартиби.
1.«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» грамотасы жана «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» күбөлүгүнө Ош шаардык Кеңешинин төрагасы кол коет.
2.«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланган атуулга «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» төш белгиси жана «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» күбөлүгү Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын, вице-мэрлердин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен   Ош    шаардык   Кеңешинин   төрагасы   жана   Ош шаарынын мэри 
тарабынан Ош шаарынын күнүнө же башка маанилүү даталарга карата уюштурулган салтанаттарда тапшырылат.
   (Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы кезектеги V сессиясынын №41 токтомунун редакциясына ылайык)
3.«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын алгандардын аты жөнү шаардын ардактуу атуулдары китепчесине хронологиялык тартипте жазылат. Ош шаарынын ардактуу атуулдары китеби Ош шаардык Кеңешинде сакталат.
(Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы кезектеги XX сессиясынын №209 токтомунун редакциясына ылайык)
4.Ош шаарынын ардактуу атуулдары Ош шаардык Кеңеши же Ош шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик ар кандай майрамдарга арналган иш чараларга, Ош шаарына тиешелүү майрамдык жана эскерүү иш чараларына жана башка маанилүү окуяларга арналган иш чараларга чакырылат.
   (Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы кезектеги XX сессиясынын №209 токтомунун редакциясына ылайык)
5.«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын берүү башка кошумча укук, жеңилдиктерден пайдаланууга себеп болбойт.
6.Ардактуу атуулдун милдети:
-  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоодо үлгү көрсөтүү;
-  адам укугуна урмат менен мамиле кылуу;
- жаштарды Кыргызстан элдеринин үлгүлүү салттарында тарбиялоого жардам берип, колдоо көрсөтүү.
                7.Ош шаарынын ардактуу атуулу каза болгондон кийин «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» жөнүндөгү грамотасын, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» төш белгисин жана «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» күбөлүгүн маркумдун мураскорлору тарабынан кандайдыр бир чечим алынбаса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейинде сакталат.
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси                                                                С.Маматалиева
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)