Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » Ош шаарынын статусу жөнүндө

Ош шаарынын статусу жөнүндө

08 август 2018, Среда
3 504
0


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

2013-жылдын 12-декабры № 219

Ошшаарынынстатусу жөнүндө

Ушул Мыйзам республикалык маанидеги шаар - Ошшаарынынстатусун аныктайт, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, алардын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын, мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилесин белгилейт, ошондой эле Ошшаарында башкарууну жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, финансылык жана социалдык шарттарын бышыктайт.

1-глава. 
 Жалпы жоболор

1-берене. Ошшаарынынстатусу

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ош шаары өзгөчө мамлекеттик мааниге ээ республикалык маанидеги шаар болуп саналат, аны башкаруу мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча мамлекеттик башкарууну айкалыштыруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырылат.

2. Ош шаары - администрациялык-саясий, экономикалык, илимий-билим берүүчү, руханий жана тарыхый-маданий борбор болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүктөгү резиденциясы жана Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле чет мамлекеттердин консулдук мекемелери жайгашкан шаар.

3. Ошшаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик символдорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга укугу бар.

Ош шаары өзүнүн Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилген символдоруна (герб, туу, гимн) ээ.

2-берене. Ошшаарынынстатусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Ошшаарынынстатусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынан, ушул Мыйзамдан, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.

3-берене. Ошшаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери

Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ошшаарынын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу Ошшаарынын өз алдынча башкаруу органдары:

1) мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын аймактык бөлүкчөлөрүнө, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнө муниципалдык менчиктеги жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды жана орун жайларды, турак жай фонддорун, турак жай-коммуналдык, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтөт;

2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен республикалык жана эл аралык иш чараларды өткөрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;

3) Ошшаарын өнүктүрүүнүн республикалык максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;

4) шаардын аймагынан өтүүчү автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого жана күтүүгө катышат, калкты транспорт менен тейлөөнү жана байланыш каражаттарын өнүктүрүүнү камсыз кылат;

5) муниципалдык менчикте турган тарыхый жана маданий эстеликтердин сакталышын камсыз кылат жана мамлекеттик менчикке таандык болгон тарыхый жана маданий эстеликтерди күтүүгө катышат;

6) мыйзамдарга ылайык башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

4-берене. Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ошшаарынын жүзөгө ашыруусунда мамлекеттик бийлик органдарынын көмөк көрсөтүүсү

Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ошшаарынын жүзөгө ашыруусунда мамлекеттик бийлик органдары төмөнкүлөргө катышуу жолу менен көмөк көрсөтөт:

1) республикалык маанидеги шаар катары Ошшаарынын өнүгүүсүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;

2) Ошшаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга ылайык, республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин шаардын аткаруусу үчүн зарыл болгон объектилерди Ошшаарынын аймагында куруу, реконструкциялоо жана күтүү пландарын жүзөгө ашырууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин шаардын аткаруусу менен байланышкан Ошшаарынын аймагындагы байланыш каражаттарын, автомобиль жолдорун, транспорттук тутумдарын күтүүгө жана өнүктүрүүгө;

4) шаардын аймагында жашаган жарандардын социалдык-маданий жана коммуналдык турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган турак жай коммуналдык чарба объектилерин өнүктүрүүгө;

5) жаратылышты коргоо иш чараларын, коомдук тартипти, өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш чараларды жүргүзүүгө.

5-берене. Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ошшаарынын жүзөгө ашыруусун камсыз кылуу кепилдиктери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ошшаарынын жүзөгө ашыруусуна кепилдиктерди төмөнкүдөй жолдор менен камсыз кылат:

1) республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү;

2) республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ошшаарынын ишке ашыруусун камсыз кылуу боюнча башка чараларды кабыл алуу.

6-берене. Ошшаарынын аймагы

1. Ошшаарынын аймагы "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жер мыйзамдарына ылайык аныкталган шаардын чек арасынын чектеринде түзүлөт.

2. Шаардын аймагы категорияларына жана менчигинин формаларына карабастан Ошшаарынынадминистрациялык-аймактык чек арасынын белгиленген чектеринде бардык шаардык жерлерди өзүнө камтыйт.

3. Ошшаарынын аймагы шаарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдуу уюштуруу жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, ушул Мыйзамда белгиленген иш-милдеттерди талаптагыдай аткаруу максаттарында өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик болуп саналбаган администрациялык райондорго бөлүнүшү мүмкүн.

4. Ошшаарынын администрациялык райондору шаардын тарыхый, географиялык, шаар куруу өзгөчөлүктөрүн, калктын санын, социалдык-экономикалык мүнөздөмөлөрүн, транспорттук коммуникациялардын жайгашуусун, инженердик инфратүзүмдөрдүн болушун жана аймактын башка өзгөчөлүктөрүнүн эске алуу менен 2 райондон ашпаган санда түзүлөт.

5. Администрациялык райондорду башкаруунун ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган тартиби Ошшаарынынмэриясынын сунушу боюнча Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.

6. Ошшаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун администрациялык райондоруна жетекчилик Ошшаарынын мэри тарабынан дайындалган администрациялык райондордун башчылары тарабынан жүзөгө ашырылат.

7-берене. Ошшаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы

1. Ош шаары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган жергиликтүү жамааттын Уставына ээ.

2. Ошшаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүүдө жарандардын, шаардык кеңештин жана мэриянын өз ара мамилелерин, республикалык маанидеги шаарда аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын өзгөчөлүктөрүн, шаар куруу түзүлүшүн, шаардын жергиликтүү жамаатынын мүчөсүнүн статусун берүүнүн шарттарын жана тартибин, шаардын ушул Мыйзамда белгиленген иш-милдеттерди жүзөгө ашыруусуна караштуу башка маселелерди аныктайт.

3. Ошшаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте Ошшаарынын мэриясынын сунуштамасы боюнча Ош шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынат.

Ошшаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

4. Жергиликтүү жамааттын Уставынын жоболору менчигинин формасына карабастан, анын ведомстволук караштуулугундагы аймакта жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар үчүн аткарылууга милдеттүү.

2-глава. 
 
Ошшаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун
  өзгөчөлүктөрү

8-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер

1. Ошшаарынын аймагында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындааныкталган жергиликтүү маанидеги маселелерге кошумча төмөнкүлөр кирет:

1) Ошшаарына жүктөлгөн республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин эске алуу менен, Ошшаарынстратегиялык пландаштыруу жана комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, шаардын экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

2) шаардын аймагында шаар куруу маселелерин, ошондой эле архитектура, курулуш, реконструкция, көркөм жасалгалоо маселелерин чечүү;

3) саламаттыкты сактоонун, мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү, дене тарбия жана спорт, социалдык коргоонун муниципалдык тутумунун иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштуруу;

4) Ошшаарынын жергиликтүү коомдоштугунун тарыхый жана маданий салт санааларын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү;

5) ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана чектерде коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү;

6) шаардын аймагында санитардык тазалоону, тазалыкты жана ирээттүүлүктү сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;

7) социалдык-маданий, турак жай, турмуш-тиричиликтик, соода-сатыктык жана башка муниципалдык объектилерди куруу;

8) жылуулук менен камсыз кылууну уюштуруу;

9) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди жана алар боюнча жеңилдиктерди белгилөө;

10) шаардан тышкаркы транспорттордун Ошшаарына кирүүсүн уюштуруу жана жеңил такси, жүк ташуучу жана атайын транспорт автомобилдеринин ишин жөнгө салуу.

2. Ош шаардык кеңешинин чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү маанидеги маселелер катары каралбаган жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана башка маселелерди чечет.

9-берене. Ошшаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму

1. Ошшаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) Ош шаардык кеңеши - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;

2) Ошшаарынын мэриясы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы.

2. Ошшаарынын мэриясы жана анын кызмат адамдары өз иштеринде Ош шаардык кеңешине отчет берет жана контролу алдында болот.

10-берене. Ош шаардык кеңеши

1. Ош шаардык кеңеши - шаардык коомдоштук тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте түздөн-түз шайлануучу жана өзүнүн ишин коллегиялдуу негизде жүзөгө ашыруучу шаардык өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.

2. Ош шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 4 жыл. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн жана ыйгарым укуктарын токтотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынат.

3. Ош шаардык кеңешинин сандык курамы - 45 депутат.

11-берене. Ош шаардык кеңешинин ишин уюштуруу

1. Ош шаардык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук формасы сессия болуп саналат.

2. Ош шаардык кеңешинин сессияларын чакыруунун тартиби жана өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү анын Регламенти менен аныкталат.

3. Ош шаардык кеңешинин биринчи сессиясында жашы улуу депутат төрагалык кылат.

4. Аймактын кызыкчылыгын козгогон маселелер боюнча Ош шаардык кенеши сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүн чакыра алат.

12-берене. Депутаттык фракциялар

1. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.

2. Депутаттык фракция партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана шаардык кеңеш тарабынан катталууга жатат.

3. Фракциялар фракциялардын коалициясына биригиши мүмкүн. Коалицияга биригүү каалоосун билдирген фракциялар шаардык кеңештин жыйналышында фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө жарыялашат.

4. Шаардык кеңеште депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон, фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчүлүк деп эсептелет.

Көпчүлүктүн курамына кирбеген жана өзүн көпчүлүккө карата оппозиция катары жарыя кылган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште оппозиция деп эсептелет.

Фракциялардын же көпчүлүк фракциялардын коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүн оппозиция катары жарыя кылбаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште азчылык деп эсептелет.

5. Шаардык кеңеште бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы оппозициялык фракциянын же фракциялардын оппозициялык коалициясынын курамынан шайланат.

Эгерде шаардык кеңеште бир да фракция же фракциялардын коалициясы өздөрүн оппозициялык деп жарыя кылышпаса, анда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы азчылыктын курамынан шайланат.

Эгерде шаардык кеңештин курамында оппозиция же азчылык жок болгон учурда, мындай эреже колдонулбайт.

6. Депутаттык фракцияларды түзүүнүн жана ишинин тартиби шаардык кеңештин Регламенти менен белгиленет.

13-берене. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

1. Шаардык кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимин ишке ашырууга катышуу, Ошшаарынын аймагында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан ал чечимдердин аткарылышын контролдоо үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт.

2. Шаардык кеңеш айрым маселелерди изилдөө жана аларды териштирүүнү жүргүзүү үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.

Комиссияларды түзүү жөнүндө сунушту фракциялар же туруктуу комиссиялар киргизүүгө укуктуу.

3. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын сандык курамы, аларды түзүүнүн тартиби жана ыйгарым укуктары шаардык кеңештин Регламенти менен аныкталат.

4. Шаардык кеңештин чечими боюнча туруктуу комиссиялардын экиден ашпаган төрагалары өз ишмердүүлүгүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзө алышат. Акы төлөнүүчү төрагалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

14-берене. Ош шаардык кеңешинин жетекчилиги

1. Ош шаардык кеңешинин жетекчилиги төрагадан жана анын орун басарынан турат.

2. Шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланышат.

3. Шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн, шайлоонун жана ээлеген кызмат ордунан бошотуунун тартиби шаардык кеңештин Регламенти менен белгиленет.

4. Шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарынын ишмердүүлүгү туруктуу жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.

Төрага жана төраганын орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызмат орундарын ээлөөгө укуксуз.

15-берене. Ош шаардык кеңешинин компетенциясы

1. Ош шаардык кеңешинин компетенциясы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы, ушул Мыйзам жана шаардын Уставы менен аныкталат.

2. Шаардык кеңештин компетенциясына "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамында каралгандардан тышкары төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, шаардын аймагында жайгашкан башка мекемелердин, уюмдардын иштеринин натыйжалуулугун контролдоону жүзөгө ашыруу маселелери;

2) өздөрүнүн милдеттерин, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин чечимдерин талаптагыдай аткарбаган учурда, судьялардан, прокурорлордон, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органдарынын жана мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен тышкары мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтпөө;

3) вице-мэрлерге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө;

4) чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрдү түзүүсүнө, ошондой эле мэриянын аймактык бөлүмчөлөрдү түзүүсүнө макулдук берүү;

5) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;

6) шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, администрациялык райондорду атоо, кайра атоо, ошондой эле чек араларды белгилөө, өзгөртүү жана алардын башкаруу органдарын күтүү;

7) шаардын аймагында көрктөндүрүүнүн, сооданын, тышкы көрнөктөрдү жана маалыматтарды жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү;

8) шаардын аймагында үй жаныбарларын кармоо жана мал жаюу эрежелерин бекитүү.

3. Шаардык кеңештин сессияларында жалпы кызыкчылыктардагы иш чараларды жүзөгө ашыруу же иштерди аткаруу үчүн атамекендик жана чет өлкөлүк чарба жүргүзүүчү субъекттер жана коомдук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.

4. Өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин чечимдерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине Ош шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси 10 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан бошотуу же шаардык кеңештин чечими менен макул болбогону (конкреттүү негиздемеси менен) жөнүндө чечим кабыл алат.

Эгерде Ош шаардык кеңеши 3 айдын ичинде мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси аны токтоосуз түрдө кызмат ордунан бошотот.

5. Өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин чечимдерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн вице-мэрге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө билдирилген учурда мэр 10 жумушчу күндүн ичинде аларды кызмат ордунан бошотуу же шаардык кеңештин чечими менен макул болбогону (конкреттүү негиздемеси менен) жөнүндө чечим кабыл алат.

Вице-мэрге, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине кайталап ишеним көрсөтпөө билдирилген учурда, мэр аларды токтоосуз түрдө кызмат ордунан бошотот.

16-берене. Шаардык кеңештин актылары

1. Шаардык кеңеш өз компетенциясынын чектеринде чечимди токтом түрүндө кабыл алат. Төрага өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат.

2. Шаардык кеңештин токтому менчигинин формасына карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.

3. Ош шаардык кеңешинин чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурда аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

17-берене. Шаардык кеңештин Регламенти

Шаардык кеңештин Регламенти шаардык кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды, ошондой эле анын ишин уюштуруунун эрежелерин жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.

Шаардык кеңештин Регламенти шаардык кеңеш тарабынан сессияда бекитилет.

18-берене. Ошшаарынын мэри жана мэриясы

1. Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы мэр жетектеген мэрия болуп саналат.

2. Ошшаарынын мэриясы шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын башка органдарынын компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктарды кошпогондо, мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык өткөрүлүп берилген маселелерин аткаруучу орган болуп саналат.

3. Мэр - шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумундагы шайлануучу кызмат адамы, шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекет тарабынан ага өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аткаруу бийлигинин иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга жооптуу шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси.

4. Анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мэрия тарабынан кабыл алынган чечимдерге шаардын мэри тарабынан кол коюлат.

Ошшаарынын мэриясынын чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамына карама-каршы келген учурда, аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

19-берене. Ошшаарынын мэриясынын түзүмү

Мэр Ошшаарынын мэриясынын түзүмүн аныктайт жана аны өзү дайындалган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизет.

Мэриянын түзүмү аны талкуулоонун жана бекитүүнүн жүрүшүндө мэрдин макулдугусуз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

20-берене. Шаардын мэриясынын компетенциясы

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мэриянын компетенцияларына кошумча төмөнкү маселелер кирет:

1) шаардык кеңеш тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджетке ылайык, шаардык жана аймактык маанидеги объектилерди өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо;

2) муниципалдык мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын жана иштердин реестрин иштеп чыгуу;

3) жергиликтүү бюджетте көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын чектеринде муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге жергиликтүү бюджеттен ссудаларды берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;

4) жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу жана шаардык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин аны ишке ашыруу;

5) саламаттыкты сактоо, билим берүү, архитектура жана шаар курулушу мамлекеттик мекемелеринин аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишин, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерге кирген башка чөйрөлөрдү жетектөөнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу;

6) турак жайлардын курулушуна уруксат берүү;

7) Ошшаарынын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы көрнөктөрдү жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин сактоону контролдоону жүзөгө ашыруу;

8) шаар курулушу, экологияны коргоо, шаардык жолдорду, турак жай-коммуналдык чарба объекттерин күтүү жана өнүктүрүү, көрктөндүрүү, шаардык аймактарды жашылдандыруу, керектөө таштандыларын башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

9) турак жай жана социалдык-маданий курулуш үчүн программаларды иштеп чыгуу жана шарттарды түзүү;

10) Ошшаарынын аймагында жана шаарга чектеш чөлкөмдөрдө колдонулуучу мамлекеттик, архитектуралык, шаар курулушу жана курулуш саясатын иштеп чыгууга катышуу;

11) таштандыларды тазалоо, көрктөндүрүү эрежелерин бузуу, көпчүлүк колдонуучу жерлерди санитардык тейлөө, соода-сатык жаатындагы укук бузуулар үчүн, ошондой эле уруксат берүүчү документтери жок жеңил типтеги объекттерди өз алдынча кургандыгы жана орноткондугу үчүн администрациялык укук бузууларды кароо жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарды (комиссияларды) түзүү;

12) Ошшаарынын өнүгүшүнүн жана курулушунун мыйзамда белгиленген тартипте бекитилген башкы планын ишке ашыруу боюнча субъекттердин ишин координациялоо;

13) капиталдык обьекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү мөөнөттөрүн контролдоону жүзөгө ашыруу, объекттерди пайдаланууга берүү боюнча комиссиянын ишине катышуу;

14) шаардын экологиялык, социалдык жана маданий өнүгүшүнүн шаардык комплекстүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

15) жылуулук-, энергия-, суу-, газ менен жабдуу, канализация жана суу бөлүштүрүү, жол иштери, шаардык транспорттун жана байланыштын бардык түрлөрү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, шаарды санитардык тазалоо, ошондой эле инженердик камсыз кылуу, турак жай фондун пайдалануу жана оңдоо тутумдарынын натыйжалуу иштөөсү жаатындагы иш аракеттерди координациялоо;

16) муниципалдык менчикти мыйзамсыз орнотулган объектилерден, өзү билемдик менен курулган же колдонуудагы нормаларды бузуу менен курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу;

17) шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча объекттерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жер участокторун сатып алуу;

18) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен мыйзамда белгиленген тартипте келишимдерди жана макулдашууларды түзүү;

19) айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;

20) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

21-берене. Ошшаарынын мэринин ыйгарым укуктары

1. Шаардын мэринин "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындабелгиленген ыйгарым укуктарынан тышкары, Ошшаарынын мэри:

1) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишин координациялайт, алардын жетекчилерин дайындоого макулдук берет, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоого катышат, өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, судьялардан, прокурорлордон, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органдарынын жана мамлекеттикстатистика органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен тышкары, ушул мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

2) шаардык кеңештин макулдугу менен белгилеген тартипте чарбалык иш аракеттерди жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн түзүмдүк бөлүмчөлөрдү түзөт;

3) шаардык кеңештин макулдугу менен шаар мэриясынын аймактык бөлүмчөлөрүн түзөт;

4) шаардын аймактык түзүлүшү боюнча сунушту шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизет;

5) вице-мэрлерди, шаардын турмуш-тиричилигин камсыздаган муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин дайындайт, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аларды кызмат ордунан бошотот;

6) вице-мэрлерге алар тейлей турган маселелер боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берет;

7) администрациялык райондордун башчыларын дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

8) администрациялык райондун башчысынын сунуштамасы боюнча администрациялык райондун башчысынын орун басарларын дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу макулдашууларды түзөт жана аларды ишке ашырууну камсыз кылат.

2. Тиешелүү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерликке мэр макул болбогон учурда (макул эместик жазуу жүзүндө жүйөлөнсө) маселе Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан биротоло чечилет.

3. Өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Ошшаарынын мэриясынын чечимдерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисин бошотуу маселеси боюнча мэр тарабынан мамлекеттик органдын жетекчисине сунуштама киргизилген учурда мамлекеттик органдын жетекчиси 10 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан бошотуу же мэрдин сунуштамасы менен макул болбогону (конкреттүү негиздемеси менен) жөнүндө чечим кабыл алат.

3 айдын ичинде сунуштама кайталап киргизилген учурда, маселе Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан биротоло чечилет.

22-берене. Шаардын мэрине карата талаптар

Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.

Кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган, соттолгондугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгына ээ Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы N 51-р чечими


23-берене. Ошшаарынын мэрин шайлоо

1. Ошшаарынын мэри Ош шаардык кеңешинин чакыруу мөөнөтүнө Ош шаардык кеңеши тарабынан шайланат.

2. Ошшаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди (мындан ары - талапкер) көрсөтүүгө Ош шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялар коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.

3. Ошшаарынын мэрин шайлоо жаңыдан шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.

Шаардын мэри ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шаардын мэрин шайлоону дайындайт.

Шаардын мэри шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэрин шайлоону шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү бүткөнгө чейин дайындабайт.

Шаардын мэрин шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт.

4. Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шаардын мэрин шайлоо болуп өттү деп эсептелет.

5. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Эгерде:

- бир талапкер катталса, ал депутаттардын добуштарынын зарыл санын ала албай калса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт;

- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын ала албай калса, эн көп добуштардын санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добушунун бирдей санын алышса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки талапкерден көп катталса жана алардын бири да депутаттардын добушунун зарыл санын ала албай калса, көп добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын бир кыйла аз тең санын алышса, добуштардын эң көп санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын бирден санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде добуш берүүгө катышкан депутаттардын добушунун алда канча көпчүлүк саны "бардык талапкерлерге каршы" деген позициясы үчүн берилсе, анда кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде добуш берүү күнүнө бир да талапкер катталбаса же катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.

Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо кайрадан шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт.

Эгерде кворумдун жоктугунан улам шайлоо болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүүнү дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо өткөрүү мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.

Ушул берене менен жөндөлбөгөн шаардын мэрин шайлоону өткөрүү тартиби жергиликтүү кеңештин Регламенти менен аныкталат.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт, тиешелүү протоколду түзөт жана шайлоонун натыйжалары жарыяланган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

6. Шаардын шайланган мэрине Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү тиешелүү ырастама берилет.

7. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө шаардын мэри кайра шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү кеңешти таркатууну жүзөгө ашырат жана шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шаардык кеңештин жаңы курамы тарабынан мэр шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну дайындайт.

24-берене. Ошшаарынын мэрин бошотуу

1. Ошшаарынын мэри Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) ченемдик укуктук актыларды, же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн - шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен;

3) соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;

4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

5) аны өлгөн, дайынсыз жок болгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;

6) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) туруктуу эмгекке жарамсыздыктын натыйжасында өз кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогон учурда;

9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтпөө билдирилген учурда.

2. Шаардык кеңеш тарабынан мэрге ишеним көрсөтпөө билдирилген учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо шаардык кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.

3. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэрине 3 айдын ичинде кайталап ишеним көрсөтпөө билдирилген учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аны ээлеген кызмат ордунан бошотот.

4. Мэр кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шаардын жаңы мэри шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну дайындашы мүмкүн.

25-берене. Ошшаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо

1. Мэрдин кызмат ордуна талапкерди сунуш кылган субъект шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн төмөнкү документтерди берет:

1) талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөтүү тууралуу чечимди;

2) талапкердин ат салышууга макулдугу жөнүндө арызын;

3) талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, иштеген жерин, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) жана жашаган жерин көрсөтүү менен анын өмүр баянынын маалыматтарын;

4) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин талаптарын бышыктаган тиешелүү документтерди.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келгенин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечим же болбосо каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлөштүргөн чечим кабыл алат. Мындай учурда, эгерде шайлоо комиссиясы ошол талапкердин документтеринен талапкерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөнү тапса, документтер кабыл алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө талапкерди көрсөткөн субъектке билдирүүгө милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн субъект билдирүүнү алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

3. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектке баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

4. Талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:

1) ушул Мыйзамда каралган көрсөтүү тартибинин сакталбагандыгы;

2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы;

4) талапкерди көрсөткөн субъект тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон бардык документтер берилбегендиги.

5. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясында же сотко даттанылышы мүмкүн.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлер катталгандан кийин 2 календардык күндүн ичинде шаардын мэрин шайлоону уюштурат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына орун жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн урналарды орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланышкан башка маселелерди чечүү жолу менен шайлоону уюштурууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

26-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерди чакыртып алуу

1. Талапкер тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү менен кайсы гана учурда болбосун шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

2. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө укугу бар субъект кайсы гана учурда болбосун, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү тиешелүү арызын берүү менен талапкерди чакыртып алууга укуктуу. Бул учурда көрсөтүү субъектинен көрсөтүлгөн талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

27-берене. Ошшаарынын вице-мэрлери

1. Ошшаарынын мэриясы вице-мэрлерге, анын ичинде биринчи вице-мэрге ээ.

Вице-мэрлер кызмат ордуна шаардын мэри тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

2. Вице-мэрди кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте мэр тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Биринчи вице-мэр мэр жок болгон мезгилде анын ордун айкалыштырып иштейт.

4. Вице-мэрлер мэр алдында өз иш-милдеттерин аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.

28-берене. Администрациялык райондун башчысы

1. Администрациялык райондун башчысы шаар мэриясынын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчиси болуп саналат жана шаардын мэри тарабынан ага өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чектеринде иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

2. Ошшаарынын администрациялык районунун башчысы:

1) райондун турмуш-тиричилигин камсыздоо боюнча администрациялык райондун, ведомстволук караштуулугундагы уюмдардын жана мекемелердин ишин жетектейт, бул иштердин натыйжалары үчүн жооп берет;

2) Ошшаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарууну уюштуруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат;

3) Ошшаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

29-берене. Ошшаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык-экономикалык негиздери

1. Шаардын өнүгүүсүнүн экономикалык негизин муниципалдык менчик, финансылык, жаратылыш жана шаардын аймагында турган башка ресурстар, ошондой эле шаардын аймагында иштерди жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.

2. Шаардын өнүгүүсүнүн финансылык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бышыкталган кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн жана аткарылган иштерден түшкөн кирешелер, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык ресурстар түзөт.

3. Ошшаарынын жергиликтүү бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Шаардын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттик-финансылык институттарды, ошондой эле иштери шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга багытталган башка муниципалдык мекемелерди, ишканаларды түзө алат. Шаардын мэриясы коммерциялык уюмдар менен долбоорлордун уставдык капиталдарындагы пайлардын, акциялардын жана башка үлүштөрдүн ээси болуп саналат жана уставдык капиталдагы үлүштөргө ылайык пайда же анын бир бөлүгүн ала алат.

5. Республикалык бюджетти түзүүдө республикалык мааниге ээ илимий, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана экологиялык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясына жана иш менен камсыз болуусуна байланышкан программаларды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджетти каржылоо каралат.

30-берене. Ошшаарын өнүктүрүү фонду

1. Ошшаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана анын көйгөйлөрүн чечүү максатында Ошшаарынын мэриясы шаарды өнүктүрүү фондун түзө алат.

2. Фонддун каражаттарын пайдалануунун тартибин жана пайдаланылышын контролдоону камтыган Шаарды өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.

3. Шаарды өнүктүрүү фондун түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

31-берене. Ошшаарынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилеси

Шаардын аймагында турган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.

Ошшаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы милдеттенмелерге карата талаш-тартыштар макулдашуу жол-жоболору аркылуу же сот органдары тарабынан чечилет.

3-глава. 
 Корутунду жоболор

32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды кабыл алсын;

2) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. "Ошшаарынынстатусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 97 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 357-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын. 


Кыргыз Республикасынын

           Президенти


А. Атамбаев


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)