Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Өмүр жыргалчылыгын арыбас мээнети менен жараткан медицина кызматкерлерибизди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз

Өмүр жыргалчылыгын арыбас мээнети менен жараткан медицина кызматкерлерибизди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз

03 июль 2020, Пятница
1 439
0

Урматтуу саламаттык сактоо кызматкерлери!


Сиздерди медицина кызматкерлеринин күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм!

Жан сакчысы болгон ак халатчан, дили ак дарыгерлерибиз качан, кандай учурда болбосун оорууга арачы түшүп, элибиздин өмүрүн узартып келишет. Сиздердин бийик асыл касиетиңиздер муктаж болуп жаткандарга жардам берүү менен, оор учурларда адамдарга зор үмүт жана ишеним жаратып, дайыма жардамга келесиздер.

Азыркы мезгилде дүйнөдө болуп жаткан оор илдет менен күрөшүүдө, элдин саламаттыгын сактап калууда эбегейсиз эмгекти аткарып жатасыздар.

Андыктан, баарыбыз Сиздердин элибиз үчүн күнү-түнү жасап жаткан ак ниет жана асыл эмгегиңиздерди баалоо менен башыбызды ийип таазим этебиз!

Урматтуу медицина кызматкерлери!

Сиздер элдин ден соолугуна кам көрүп келе жатасыздар, бүгүн ошол бекем ден соолукту, жашоодо жакшы маанайды, узун өмүрдү, үй-бүлөлүк бакыт жана берекелүү турмушту биз сиздерге каалайбыз.

Өмүр жыргалчылыгын арыбас мээнети менен жараткан медицина кызматкерлерибизди дагы бир жолу кесиптик майрамы менен куттуктайбыз


Терең урматтоо менен,



Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы  Жапарбек Ормонов

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)