Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ыктыярчы медицина кызматкерлери ордолуу Ош шаарыбызга келишти

Ыктыярчы медицина кызматкерлери ордолуу Ош шаарыбызга келишти

18 июль 2020, Суббота
2 070
0

Бүгүн, Ош шаарына Россия Федерациясынын медицина тармагында эмгектенип жүрүшкөн мекендештерибиз өлкөбүздүн бүгүнкү абалына кайдыгер карабастан шаарыбыздын медицина тармагына өз салымдарын кошууга келишти. 

Ыктыярчы медицина кызматкерлерин Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Ош шаарынын вице-мэри Э.Шадыханов жана Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү тосуп алышты. 

Өлкөбүздөгү бүгүнкү кырдаалга кайдыгер карабай, жалпы карапайым калкыбыз кыйналып турган чакта элибиздин саламаттыгына өз салымыңыздарды кошуу үчүн келип жатасыздар. Сиздерге Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан терең ыраазылык билдирем. Алдыда боло турган иштериңиздерге ийгиликтерди каалайм. Кудай буюрса бул илдетти биргеликте жеңебиз - деди төрага Жапарбек Ормонов.

Ошондой эле ыктыярчы медицина кызматкерлерин жалпы каржылоо маселелерин жеке демилгелери менен колго алгандыктары үчүн, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимовго, коомдук ишмер Раим Матраимовго жана Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондуна терең ыраазылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады. 

Белгилей кетсек ыктыярчы медицина кызматкерлеринин айлык акылары, жашоо шарттары жана жалпы каржылоо маселелери Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду тарабынан каржылануусу белгиленди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)