Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмеси өткөрүлдү

Билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмеси өткөрүлдү

27 август 2020, Четверг
1 489
0

Бүгүн Ош шаардык билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмеси онлайн режимде өткөрүлдү. 

Кеңешмеге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов катышты.

 Эгемендүү мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсү жана күч кубаттуу болушу жаштарыбыздын сабаттуу, билимдүү болушуна байланыштуу. Ал үчүн биринчи кезекте үй-бүлөдө, бала-бакчада, мектепте жана коомдо таалим-тарбия, тартип жана көзөмөл болуусу абзел.

Кылымдарды карыткан тарыхыбыздын татыктуу улануусуна, өлкөбүздүн өнүккөн-өскөн өлкөгө айлануусу үчүн, элибизге-жерибизге берилген Эгемендүүлүгүбүздү бекем кармап, анын куттуулугун, түбөлүктүүлүгүн бекем сактайлы.

Андыктан, алдыбызда өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнү, ага удаалаш «1-сентябрь-Билим күнү» жана жаңы окуу жылынын башталышын чогуу чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. 

Жылдан-жылга мектепке окуймун деген балдардын саны өсүп жатканы, жаш жеткинчектердин жашоонун жаңы тепкичтерине кадам таштап жаткандары баарыбызды кубандырат. 

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан ушул удаа келген кош майрамыңыздар менен кызуу куттуктайм. Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, окуу-тарбия иштериңиздерде чоң-чоң ийгиликтерди каалайм-деди Ж.Ормонов  

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)