Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамына сунушталды.

«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамына сунушталды.

08 февраль 2019, Пятница
5 132
0
«Газпром Кыргызстан» жоопкерчили чектелген коомуна караштуу «Газпром нефть Азия» жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Абилдаев Болот Ералхановичтин жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, Ош Мамлекеттик Университетинин ректору Исаков Каныбек Абдуваситовичтин талапкерликтери «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамына сунушталды.
         1.  Абилдаев Болот Ералханович 1963-жылдын 6-сентябрында туулган, билими жогорку, өз эмгек жолун 1985-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономика факультетин аяктагандан кийин  Кыргыз ССРинин борбордук статистика башкармалыгында экономист болуп иштөө менен баштаган. Андан кийин Фрунзедеги Советтик соода техникумунда окутуучу, Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин эсептөө борборунун экономисти жана Кыргызстандын финансы, бажы кызматтарындагы  жогорку кызматтарда эмгектенген. 2005-жылдан бери «Газпром» тармактарындагы жетекчи кызматтарда эмгектенип келүүдө.
Абилдаев Болот Ералханович ар дайым өз билимин өркүндөтүү багытында талыкпай аракеттенген инсан. Экономика илимдеринин доктору, Кыргыз-Орус Славян Университетинин Ардактуу доктору. Ал өз эмгек жолунда билимин, иш тажрыйбасын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкон инсан. Анын Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоого, мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы эбегейсиз.
Абилдаев Болот Ералхановичтин талыкпаган эмгеги, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти» наамы, «Кыргыз Республикасынын каржы-экономика иштеринин мыктысы», «Салык кызматынын мыктысы» төш белгилери, Кыргыз Республикасынын бажы инспекциясынын, Кыргыз республикасынын салык инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, бир нече министрликтердин   Ардак грамоталары, Ардактуу наамдары, эстелик медалдары менен белгиленген.
            Жогорудагылардын негизинде,   Абилдаев Болот Ералхановичке  «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу  менен анын өрнөктүү өмүрүн, талыкпаган эмгегин  жаштарга мисал катары көрсөтүүгө, жаштардын коомдогу активдүү позицияларын калыптандырууга кеңири жол ачылат деген ишенич бар.
         
2.   Исаков Каныбек Абдуваситович  1969-жылдын 4-июнунда туулган, улуту кыргыз, билими жогорку, өз эмгек жолун 1986-жылы Ноокат районундагы Бел-Өрүк колхозунда колхозчу болуп иштөө менен баштаган. Илим-билимге болгон ынтызарлыгынын натыйжасында 1993-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Окуу жайын аяктагандан кийин ОшМУнун катардагы окутуучусу болуп ишке кирип, өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүнүн, талыкпаган ишмердүүлүгүнүн негизинде ОшМУнун ректору кызматына чейин көтөрүлгөн. Эл аралык, Республикалык илимий-теориялык, илимий-практикалык конференцияларга өзүнүн изилдөө багыты боюнча үзгүлтүксүз катышуу менен бир гана илимдин өнүгүүсүнө салым кошпостон, ошону менен бирге ОшМУну, Ош шаарын дүйнөгө таанытып келүүдө.
            Исаков Каныбек Абдуваситовичтин иш аракетинин аркасында ОшМУ таанылгыс болуп өзгөрүп, анын окуу-материалдык базасы кеңейип, студент жаштардын, ал тургай шаардыктардын сыймыгы болуп калды. Окуу процессин Эл аралык деңгээлге көтөрүү менен ОшМунун студенттеринин чет өлкөлөрүндөгү алдыңкы жогорку окуу жайларында өз билимдерин өркүндөтүүгө шарттарды түзүп берүүгө жетишкен. Анын жетекчилиги астында ОшМУ республикада алгачкылардан болуп бир топ адистиктерди көз карандысыз аккредитациядан өтькөрүп сертификаттарга ээ болду. НААР агенттиги тарабынан ОшМУ институционалдык аккредитациядан Кыргызстанда биринчи болуп өткөн. ОшМУда электрондук университет, электрондук факультет, электрондук кафедра толук түзүлүп, коррупциялык коркунучтар толугу менен жоюлган.
            Исаков Каныбек Абдуваситович  жигердүү жетекчи, инноватор жана коомдук ишмер, Ош шаардык Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган, Ош шаарында эле Эмес Ош облусунда туруктуулукту, стабилдүүлүктү, өнүгүүнү камсыз кылууга зор салымын кошуп келүүдө. 
            Исаков Каныбек Абдуваситовичтин үзүрлүү эмгеги, жаш кадрларды даярдоодогу зор салымы «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы», «КМШ өлкөлөрүнүн Билим берүүсүнүн мыктысы»    төш белгилери, «Кыргыз тили» медалы, «Ч.Айтматов атындагы коомдук академиянын академиги», «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» жана башка бир топ наамдар наамдар, Ардак грамоталар менен белгиленген.
            Исаков Каныбек Абдуваситовичке  «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу  менен анын өрнөктүү өмүрүн, талыкпаган эмгегин   жаштарга мисал катары көрсөтүүгө, жаштардын коомдогу активдүү позицияларын, билимге болгон умтулууларын калыптандырууга кеңири жол ачылат.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)