Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Аскер кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аскер кызматкерлеринин күнү белгиленди

23 август 2019, Пятница
2 821
0
Аскер кызматкерлеринин күнү белгиленди 
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министирлигинин Ички Аскерлеринин түзүлгөндүгүнүн 78 жылдыгына жана 703 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракеси белгиленди. 
Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев, офицерлер, жоокерлер катышышты.
Төрага ИИМдин Ички Аскерлеринин түзүлгөндүгүнүн 78 жылдыгы жана 703 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен Ош шаардык Кеңешинин депутатарынын атынан кызуу куттуктап, шаарыбызда коомдук тартипти сактоодон баштап, элибиздин тынчтыгын камсыз кылууда моралдык, этикалык, укуктук жоопкерчилик жүктөлгөн бул кызматты татыктуу аткарып келе жатасыздар деп белгилеп, өзүнүн кесипкөйлүүлүгү жана үлгүлүү аскердик тартибин көрсөткөн аскер кызматчыларын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлады. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)