Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

11 сентябрь 2019, Среда
2 495
0
Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. 

           Отурумга комиссиянын төрагасы А.Осмонов, мүчөлөрү Г.Эсенбаева, Э.Омуралиева, С.Курбаназаров, С.Нуркамилова, Т.Жунусов, А.Мадаминов, Е.Рузиева  тиешелүү медициналык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттары катышышты. 

           Күн тартибине ылайык Ош шаардык саламаттык сактоо мекемелеринин калкка көрсөтүп жаткан кызматы жана аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулуктары жөнүндө, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин иштеринин натыйжалуулуктары жөнүндө маселелери каралды. 

           Жогоруда аталган маселелердин аткарылышы боюнча А.Шамшиев, И.Берхмаматовдор баяндама жасап, депутаттар тарабынан кызуу талкууланды. 
            Ош шаардык саламаттык сактоо мекемелеринин калкка көрсөтүп жаткан кызматы жана аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулуктары жөнүндө маселе Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)