Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү
Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.
Отурумду комиссиянын төрагасы А.Осмонов алып барып, мүчөлөрү; Т.Жунусов, А.Мадаминов, С.Курбаназаров, С.Нуркамилова, Е.Рузиева катышышты. Күн тартибинде жалпысынан беш маселе каралып, тиешелүү мекеме-жетекчилери аткарылып жаткан иштери жөнүндө маалымат беришип, депутаттар тарабынан кызуу талкууланды. Өзгөчө шаардагы мектептердеги билим берүү жана уюштуруу иштериндеги орой кемчиликтер белгиленип, милдетине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган мектеп директорлору жөнүндө сын-пикирлер айтылды. Ушундай эле орой кемчиликтер саламаттык сактоо тармагы боюнча да белгенип, тиешелүү жетекчилердин жансыз иш-аракеттерин кароо жана көзөмөлгө алуу Ош шаарынын мэриясына милдеттендирилди. Жыйынтыгында социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2020-жылга каралуучу иш-планы Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.

Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (1)