Биз үчүн элибиздин ынтымагы жана ден соолугу баалуу
Биз үчүн элибиздин ынтымагы жана ден соолугу баалуу!
Урматтуу шаарыбыздын тургундары!
Дүйнөлүк коомчулукту дүрбөлөңгө салган оор илдеттен кантип арылуунун жолун издеп белгилүү окумуштуулар, илимпоздор жигердүү аракеттерин көрүшүүдө. Ар бир өлкө башчы элдин саламаттыгына кам көрүп, колдон келген коопсуздук иш аракеттерин аткарышууда. Мындай оор абалда бири-бирибизди сындабай, намыска тийген жагымсыз сын-пикирлерди коомчулука таратпай, тескерисинче баарыбыз биригип, бул сыноодон татыктуу өтөлү. Жасаганын милдет кылбай муктаждарга түрдүү багытта колдоо көрсөтүп жаткан эл өкүлдөрү жана чыгаан инсандарыбыз көп. Бүгүнкү күндө элибиз бириге алды, өлкө башчыбыз койгон бардык талаптарды жана тапшырмаларды аткарууда мамлекеттик органдар тиешелүү милдеттерин аткарышууда. Андыктан баарыңыздарды сабырдуулукка, ыймандуулукка, биримдикке жана ынтымакка чакырабыз.
Ош шаардык Кеңеши

Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:

11 август 2019, Воскресенье
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун Курман айт майрамы менен куттуктоо сөзү
Пикирлер (0)