Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ХXIV СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ХXIV СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

30 декабрь 2019, Понедельник
3 907
0

                  КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                   КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

                    ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                     ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

                             ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

                                                   (IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

                                                             ТОКТОМ


Ош шаары                                                 № 208                       2019-жылдын 25-декабры 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу экологиялык жана техникалык

коопсуздук боюнча мамлекеттик

инспекциясынын Ош шаары боюнча

региондор аралык башкармалыгы

тарабынан аткарылып

жаткан иштери жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы Р.Юсуповдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-16-беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №47 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

                                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы Р.Юсуповдун маалыматы эске алынсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясына (Р.Юсупов):

-менчигинин түрүнө карабастан ар бир ишкана-мекеменин алдында автотоктомо болуусун мыйзам чегинде камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу;

-мыйзам талаасындагы иш-аракеттерди активтештирүү;

-башкармалыкты кошумча штаттар менен камсыздоо багытында иш алып баруу;

-ишкерлер менен мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу багытында тегерек столдорду өткөрүү;

-мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу багытында шаардагы тиешелүү кызматтар менен өз ара аракеттерди жүргүзүүнү жана элге  маалыматты так жана өз убагында жеткирүүнү колго алуу сунушталсын.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                        Ж.Ормонов


КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ   КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

(IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары                                               № 209                    2019-жылдын 25-декабры  

Ош шаарындагы муниципалдык

аймактык башкармалыктардын

аткарып жаткан иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 281-беренесине ылайык, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен, Ош шаардык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1. Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе кийинки сессиянын кароосуна калтырылсын.

2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматтарды камсыздоо милдеттендирилсин. 

3.  Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана    массалык  маалымдоо  каражаттарына   жарыялансын  (С.Маматалиева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн. 

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                     Ж.Ормонов


КЫРГЫЗ   РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ

(IV  ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары                                               № 210                      2019-жылдын 25-декабры

Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 

13-январындагы №311 «Ош шаарында 

ипотекалык шартта батирлерди берүү 

боюнча иш жүргүзүүдө аткарыла турган

иштин тартиби, орундатуу жолдору

жана финансылык механизмдеринин 

параметрлерин бекитүү жөнүндө»

токтомунун тиркемесине өзгөртүү 

киргизүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 28-ноябрындагы №407/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын  2019-жылдын 6-декабрындагы №27 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,  Ош шаардык Кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

1.Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №311 токтомунун тиркемесинин «Пайыздык чен» аталышындагы 7-пунктунун  биринчи абзацындагы  «6» саны «4» санына алмаштырылсын.

         

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.   

Ош шаардык  Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                       Ж. Ормонов 



КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

(IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары                                                № 211                    2019-жылдын 25-декабры  

Ош шаарында көп батирлүү

үйлөрдү үлүштүк куруунун

тартиби жана шарттары

жөнүндө

            Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 25-ноябрындагы  катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №49 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Ош шаарынын мэриясы (Т.Сарыбашов) ушул жобонун Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын чегинде ишке ашырылышын көзөмөлгө алсын.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                 Ж.Ормонов


КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ   КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

(IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

                                                                                                                              

Ош шаары                                               № 212                     2019-жылдын 25-декабры  

Ош шаарындагы  муниципалдык

жерлерди (жер тилкелерин)

пайдалангандыгы  үчүн   ижара

акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү

жана экономикалык пландаштыруу

зоналарынын  картасын   бекитүү  жөнүндө

            Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 20-ноябрындагы №393/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №46 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

           -Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр 1-тиркемеге ылайык;

           -Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы 2-тиркемеге ылайык. 

2.Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын10-февралындагы №323 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                       Ж.Ормонов


Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы кезектеги XXIV сессиясынын №212 токтомуна 1-тиркеме.



Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр



Бул эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, «Айыл чарба багытындагы жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесинин, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Ош шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 14-июнундагы №587-токтомун эске алып жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле жер участокторунун ижара акысын эсептеп чыгуу жана ижара келишимдерин бекемдөө тартибин аныктайт.

Ап=НхSхК1хК2

Ап - бир айлык ижара акысы;

Н - Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;

S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;

К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;

К2 – экономикалык пландаштыруу зонасы.

     Функционалдык багыттардын коэффициенттери:

- карьерлер - 0,5;

- өнөр жай ишканалары -1;

- кампа, кампа ишканалары, муз аянтчалары  - 2;

- көлөкөлөтүү үчүн курулган навестер - 5;

- тепкичтер  -  12;

- бассейн (камтыган курулуштары жана аянты менен) - 6;

- кичи-базарлар, офистер, биржалар, автоунаа токтоочу жайлар, нан сатуучу түйүндөр, турмуш тиричилик жактан тейлөө, газета сатуу түйүндөр   - 10;

- байланыш түйүндөрү, башка жактан кирүүчү түзүлүштөрү бар кайра жасалган квартиралар,   кароолканалар - 12;

- сүрөт тартуу түйүндөр, дүкөндөр, соода сатык комплекстери, компьютердик класстар, бизнес борборлор, киосктор, ларектор, дүкөндүн алдына чыгарып жүргүзүүчү соода, көчөдөгү соода түйүндөр   - 16;

- убактылуу аянтчалар, коомдук тамак аш, мейманканалар, автосервис түйүндөрү, батут– 16; 

- Ош шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер, аттракциондор жана карусельдер, ОшТУнун аскердик кафедрасынын жанындагы соода т\й\ндър, тейлъъ \й\н\н (дом быта) айланасындагы соода т\й\ндър, ашканалар жана «Жети Т\с», Нотариалдык контора, «Долорес» сулуулук салону, жана борбордук къчълър (Ленин, Курманжан Датка къчълър\ Алымбеков къчъс\нън (Фрунзе базарынын районун кошо камтыйт) А.Навои  къчъс\ менен кесилишкенге чейин жана Масалиев проспекти Раимбеков къчъс\нън тартып Р.Абдыкадыров къчъс\н\н кесилишине чейин), банктар, ломбарддар, акча алмаштыруучу жайлар оюн-зоок жайлары (

түнкү клубдар),  бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 150 сомдон кем эмес болсун;

- Банкоматтар жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 5000 сомдон кем эмес болсун;

-уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 25000 сомдон кем эмес болсун;

Ошондой эле сезондук соода-сатыктардын төмөндөгүдөй таблицалык формасы бекитилсин. Эгерде жайгашкан жери бардык талаптарга жооп берген болсо үч айга келишим түзүлсүн.

Сооданын аталышы

Ижара келишиминин мөөнөтү

Ижара акысынын болжолдуу суммасы (сом)

1

Дарбыз, коон 

1 ай 

1500

2

Жашылча-жемиштер, гүл сатуу

1 ай

1500

3

Газ суу, шербет ж.б суусундуктар 

1 ай 

1500

4

Балмуздак

1 ай 

1500

5

Башка сезондук көчөгө коюлучу соода точкалары (веб касса, лотерея сатуу ж.б)

1 ай

1500

6.

Гриль

1 ай

2000

К2-зоналар боюнча ижара акынын нормативдик ставкасы:

1-зона үчүн-2,6;

2-зона үчүн-2,2;

3-зона үчүн-1,8;

4-зона үчүн-1,4;

5-зона үчүн -1;

6-зона үчүн-0,8 ;

7-зона үчүн -0,5;

Эгерде К1 коэффициенти айрым обьектилер боюнча жогоруда көрсөтүлбөсө, курулуш курулбаса же курулуп бирок иштелбей турса, К1 коэффициентине 1 коэффициентин колдонууга жол берилет.

Айрым бир учурларда, эгерде жер тилкеси эл абдан көп жерде, көчөлөрдүн кесилишинде, чоң мекеме иш каналардын жана административдик борборлордун жанында жайланышкан болсо К1 коэффициента 1,1 ден 2.0 ге чейинки түзөтүү коэффициенттери колдонууга жол берилет бул учурда негиздөө тийиштүү адистер тарабынан эсептөө корутундусу же акт түрүндө түзүлөт. 

Убактылуу пайдалануудагы жер тилкенин ижара акыларын эсептъъдъ ижарачы менен макулдашуунун негизинде ижара акыларын кътър\\гъ жол берилет.

көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша (таблица №1):

Таблица №1

Кɵрктɵндүрүү жана

жашылдандыруу

50гɵ 

чейин

51-100

101-200

201-300

301-500

501-1000

1000ден 

жогору

Баасы: кв. м. (сом кв. м)

3

2,6

2,2

2,0

1,6

1,2

1,0

Апз = (SxC);

Апз - жер тилкеси үчүн айлык ижара акынын өлчөмү;

S - жер тилкесинин аянты;

С - ижара акынын нормативдик ставкасы (сом. кв.м).

Ош шаардык Кеңешини

аппарат жетекчиси                                                                                                    К.Камчиев.


Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы кезектеги XXIV сессиясынын №212 токтомуна 2-тиркеме.



Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы


1-зона:

-«Прима-Hyp» кичи базарынын району (Ош району), И.Раззаков проспектиси он жагынан Карасуу көчөсү менен кесилишкен жерден төрт көчөгө чейин, Артыков көчөсү менен кесилишкенге чейин, сол жагынан Салиева көчөсү менен кесилишкенге чейин; 

-Артыков көчөсү Раззаков проспектиси менен кесилишкен жерден Беш-Көпүрө көчөсүнө чейин;

-«Пичугин» атындагы сквер ( Космонавтар сквери) ;

-Ж.Раимбеков көчөсү, Үч-Көчө көчөсү, Базар көчөсү, Борбордук базар;

-Ош көчөсү «Кара-Суу-Дан-Азык » акционердик коомунун кичи базарынан «Фрунзе» атындагы мектебине чейинки аймакты кошо камтыйт;

-Кара-Суу көчөсү «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коомунун кичи базарынан Навои мектебине чейин;

-Кара-Суу көчөсү Үч көчө көчөсү менен кесилишкен жерден Масалиев проспектисине чейин;

-А.Навои паркынын аймагы;

-Ленин көчөсү Р. Абдыкадыров көчөсү менен кесилишкен жерден Мамажан көчөсүнө чейин, Шейит-Төбө аймагы кошулат, Ленин көчөсүндөгү №551-үйгө чейинки аймакты кошо камтыйт;

-Курманжан-Датка сквери (Ош универмагынын жанында); 

-Мамажан көчөсү Базарный көчөсү менен кесилишкен жерден Токтогул көчөсүнө чейин;

-Араванский району, Курманжан-Датка көчөсү 8-март көчөсүнөн Моминова көчөсүнө чейин, Г.Айтиев көчөсү Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден Алиев көчөсүнө чейин; -Шаардык сквер «Алымбек-Датка» айылы; -Бакыт үйүнүн алдындагы сквер;

-Фрунзенский кичи базарынын району, Курманжан-Датка көчөсү М. А. Джиннах (Советский) көчөсү менен кесилишкен жерден Грибоедов көчөсүнө чейин;

- Монуев көчөсү Масалиев проспектиси  менен кесилишкен жерден он жак сол жак тарабын кошо камтыйт Верхне-Увамская көчөсүнө чейин, (Ош областык клиникалык ооруканасынын аймагынын акырына чейин); 

- Масалиев проспектиси Кара-Суу көчөсү менен кесилишкен (Ош району) жерден Ленинград көчөсүнүн жанындагы А. Масалиевдин эстелигине чейин жолдун он жак сол жак тарабын кошо камтыйт;

-Б.Осмонов көчөсү Р.Абдыкадыров көчөсү менен кесилишкен жерден Күкүмбий көчөсүнө чейин;

-Күкүмбий көчөсү Б.Осмонов көчөсү менен кесилишкен жерден №113-маршруттун акыркы аялдамасына чейин;

-Р.Абдыкадыров көчөсү А.Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден Курманжан Датка көчөсүнө чейин;

- Асранкулов көчөсү, Токтогул паркынын кире беришинен Курманжан Датка көчөсүнө чейин.

№2-зона:

-Мажрүмтал көчөсү Навои көчөсү менен кесилишкен жерден «Кымыз-Бар» кафесине чейин;

-Б.Осмонов көчөсү Абдыкадыров көчөсү менен кесилишкен жерден «Олигарх» (Мундуз) рестораны «Нирвана» кафесине чейин;

-Курманжан Датка көчөсү М.А.Джиннах (Советский) көчөсү менен кесилишкен жерден Моминов көчөсүнө чейин;

-ОшМУнун медицина институтунун каршысындагы «И.Раззаков» атындагы сквери;

-В. И. Ленин атындагы борбордук аянт;

-Ленин көчөсү Ломоносов көчөсү менен кесилишкен жерден Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейин;

-Областык мамлекеттик администрация менен чиркөөнүн ортосундагы сквер;

-Кыргыз драма театрынын айланасындагы театралдык сквер;

-Амир-Темир (Калинин) көчөсү Г.Айтиев көчөсү менен кесилишкен жерден Мамыров көчөсүнө чейин;

-Мамыров көчөсү Курманжан Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Амир-Темир көчөсүнө чейин;

-Ош Кыргыз Өзбек университетинин району «Жетиген» кафеси жана анын айланасы, Ташкентский көчөсүнө чейин; -Жеңиш паркы;

-«Айкөл» кафесинин району, «Курманжан Датка» ( Юго-Восток) кичи районунун сквери, 2-маршруттун акыркы аялдамасын кошо камтыйт, Мирсаитов көчөсүнө чейин;

-Г.Айтиев көчөсү Алиев көчөсү менен кесилишкен жерден тартып «Сулайман-ТОО» АЗСине чейин;

-Абдыкадыров көчөсү Амир-Темур көчөсүнөн тартып Б.Осмонов көчөсүнө чейин;

-А.Шакиров көчөсү А.Монуев көчөсүнөн «Казына» ресторанына чейин;

№3-зона:

-А.Масалиев проспектиси «А.Масалиевдин» эстелигинен баштап Нурматов көчөсүнүн кесилишине чейин;

-«Сулайман-ТОО»сунун жака бели;

- «Токтогул» атындагы парктын аймагы, бассейндин айланасындагы аймакты кошо камтыйт;

- И.Раззаков проспектиси Артыков көчөсүнөн («KICB» банктан) «Гулкайыр» дүкөнүнө, Госрегистрге бурулган көчөгө чейин;

- Гренажный көчөсү Нурматов көчөсү менен кесилишкен жерден А.Шакиров көчөсүнө чейин (жибек) комбинатынын скверинин району;

- Р.Абдыкадыров көчөсү К-Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Алиев (Хохлов) көчөсүнө чейин;

- Мамыров көчөсү Амир-Темир көчөсү менен кесилишкен жерден Б. Осмонов көчөсүнө чейин;

- Абдыкадыров көчөсү Курманжан Датка көчөсү менен кесилишкен жерден  А. Темур көчөсүнө чейин; 

- Ленин көчөсү Водопроводный көчөсү менен кесилишкен жерден Нурматов (Голубев) көчөсүнө чейин;

- Асранкулов көчөсү  Курманжан Датка көчөсүнөн Алиев (Хохлов) көчөсүнө чейин;

-Г.Айтиев көчөсү «Сулайман-ТОО» АЗСинен тартып Б.Осмонов-Ахмедов көчөлөрүнүн кесилишине чейин;

- Т.Кулатов  кичи районунун ички кварталы;

- Күкүм-Бий көчөсү №113 маршруттун акыркы аялдамасынан тартып Ош-Араван трассасы Кеңеш айылынын бурулушуна чейин;

- Касымбеков көчөсү, шаардык МАИ нин айланасы жана терек базар ;

- Ленин көчөсү №551-үйдөн, Касымбеков көчөсүнүн  кесилишине чейин;

-К-Датка көчөсү 8-март көчөсү менен кесилишкен жерден тартып Касымбеков көчөсүнө чейин;

-Ленин көчөсү №551-үйдөн, Касымбеков көчөсүнүн кесилишине чейин; -«Амир-Тимур» кичи району ( С. Айни -Имам Ата көчөлөрү) ; 

-У.Салиева көчөсү, «KICB» банктан У.Салиева көчөсүндөгү №40 үйгө (гармошка үй) чейин;

-А.Шакиров көчөсү «Казына» ресторанынан тартып №2 «Карл-Маркс» мектебине чейин;

Туран кичи районунун аты аталбаган бардык аймактары;

- Ишматов көчөсү Төлөнов көчөсү менен кесилишкен жерден №9-жана №22-маршруттардын акыркы аялдамасына чейин, кичи базардын аймагын кошо камтыйт;

- Төлөнов көчөсү, Низами көчөсү менен кесилишкен жерден Ишматов (Южный)    көчөсүнө чейин;

- «Нуманжан» кичи базарынын району (Геологдор шаарчасы), Суюмбаев (Шахтерский) көчөсү, Низами көчөсү; 

- «Ак-Тилек» кичи району толугу менен; -Т.Турсунбаева (Привокзальный) көчөсү толугу менен;

№ 4- зона:

-М.Алымбеков (Фрунзенский) көчөсү Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден Курманжан-Датка көчөсүнө чейин;

-Нурматов көчөсү толугу менен Ленин көчөсүнөн А.Шакиров көчөсүнө чейин;

-Раззаков проспектиси «Гулкайыр» дүкөнүнөн Госрегистрге бурулган көчөдөн Касымбеков көчөсүнө чейин;

-Навои көчөсү К-Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Алебастров көчөсүнө чейиң;

- К-Датка көчөсү Суюмбаев көчөсү менен кесилишкен жерден М.Алымбеков (Фрунзенский) көчөсүнө чейин;

- А. Жунусов (Чапаев) көчөсү Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден Алиев көчөсүнө чейин;

- Ашимахунов көчөсү А.Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден эски нефтебазага чейин;

- Алиев көчөсүндөгү сквер М.А.Джиннах (Советский) жана Асранкулов көчөлөрүнүн ортосу;

-«Ата-Түрк» сквери, «Кыргызстан» кинотеатрынын аймагы, Г.Айтиев көчөсүнө чейин;

 - Областык төрөт үйүнүн аймагы Школьный, Шота-Руставели көчөлөрү, областык СЭСтин айланасындагы аймактар, Урицский көчөсү, Школьный көчөсүнөн Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейин;

- И.Раззаков проспектинен Касымбеков көчөсү «Кайнар»  заправкасына чейин;

- Касымбеков көчөсүнөн Салиева көчөсүндөгү №40 үйгө (гармошкага) чейин;

- Артыков көчөсүнөн М.Ахунов жана Темир жол көчөсүнүн аягына чейин;

- И.Раззаков проспектиси Касымбеков көчөсү менен кесилишкен жерден темир жол өтмөгүнө чейин; 

№5-зона:

-Р.Абдыкадыров көчөсү Алиев көчөсү менен кесилишкен жерден Амир-Темир көчөсүнө чейин;

-Ленин көчөсү «Төлөйкөн» айылынан баштап Водопроводный көчөсү менен кесилишкен жерге чейин;

-Касымбеков көчөсү Салиева көчөсү менен кесилишкен жерден К-Датка көчөсүнө чейин.

А. Мадумаров көчөсү толугу менен:

-Ош шаарынын аэропортунун жанындагы учак шаарчасы (авиагородок);

- Ош шаарынын ички кварталдык аймактары.

№ 6-зона:

№11 «Жибек-Жолу» Аймактык Кенеши.

№7-зона:

Ош шаарынын чет жактарындагы Амир-Тимур, Манас-Ата кичи райондорундагы аты аталбаган көчөлөр жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы. 

Ош шаардык Кеңешинин

аппарат жетекчиси                                                                                                    К.Камчиев.



КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ   КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

(IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

                                                                                                                              

Ош шаары                                                № 213                    2019-жылдын 25-декабры  

Ош шаарынын мүлкүнө сырткы

жарнак жана маалымат обьектилерин

орнотуу жана пайдалануу келишимдин

төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети

жөнүндө

            Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 5-декабрындагы №416/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №50 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

           -Ош шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

           -Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети 2-тиркемеге ылайык. 

2.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомунун  1 жана 2-тиркемелери  күчүн жоготту деп табылсын.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                     Ж.Ормонов



                                                                                                                      Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын                                                                                                                        25-декабрындагы кезектеги XXIV                                                                                                                                  сессиясыны  №213 токтомуна 1-тиркеме

ОШ ШААРЫНДАГЫ СЫРТКЫ ЖАРНАК ЖАНА МААЛЫМАТ

ОБЬЕКТИЛЕРИН ОРНОТУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Негизги жоболор

1.1. Ош шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери (мындан ары - Эреже) шаардын архитектуралык-көркөм жана маалымат чөйрөсүнүн туура калыптануу процессин көзөмөлгө алуу, сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин пайдалануу, Ош шаарынын мүлкүндө сырткы жарнак жана маалыматтарды жайылтуу максатында кабыл алынды.

Ушул эрежелер сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана аларды пайдалануу, шаардын мүлкүн сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуудагы шарттар, Ош шаарынын аймагында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотууга уруксат берүүнүн иретин жана эрежелерин сактоону көзөмөлгө алуу боюнча талаптарды орнотот.

1.2. Ушул эрежелерди сактоо бардык юридикалык жана физикалык жактарга, алардын ведомстволук жана жеке менчиктин формасына карабай жана жеке ишкерлер үчүн сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотууда жана пайдаланууда бирдей талап коюлат.

1.3. Эрежелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жарнак жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана башка укуктук нормативдик документтердин негизинде иштелип чыккан.

1.4. Сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын уруксатынын негизинде ишке ашат.

Сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу Ош шаарынын мүлкүнө, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

2. Сырткы жарнак жана маалымат обьектилери

Сырткы жарнак жана маалымат обьектилерине ар кандай обьектилер, ар түрдү жарнакты жана маалыматты жайылтууну көздөгөн,  Ош шаарынын аймагындагы жалпы жер участкаларында орнотулган, имараттарда, курулуштарда визуалдык кабыл алынуучу маалыматтар кирет.

Сырткы жарнак жана маалыматтар төмөнкү бөлүктөргө бөлүнөт:

- сырткы жарнак обьектилери (жарнактык конструкциялар);

- шаардык маалымат обьектилери;

- калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалыматтык жасалгалоо обөектилери.

2.1. Сырткы жарнак жана маалымат обьектилерине коюлуучу талаптар

2.1.1. Негизги талаптар:

- шаардын аймагында орнотулган сырткы жарнак маалымат обьектилери Кыргыз Республикасынын түштүк борбору – Ош шаарынын архитектуралык-көркөм визуалдык кабыл алуусуна тоскоол болбошу жана шаардын архитектуралык келбетин начарлатпашы керек;

мисалы:

1-сүрөттүн 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, имараттын үстүндө жайгашкан көлөмдүү тамга 3 метрден бийик эмес жана ошондой эле имараттын үстүнөн (чатырынан) бийик болбошу керек себептери; ар-кандай жаратылыш кырсыктарынан (шамал, жаан-чачын, чагылган ж.б.), жана архитектуралык-көркөмүн сактоо менен заманбап жаңы үлгүдөгү жарыктандыруу (светодиодду) менен жана талапка жооп бере турган конструкциясы менен жарандардын коопсуздугун эске алуу менен орнотулушу керек.

Имараттын сыртына фасадка баш-аламан сырткы жарнак жайгаштырууга тыюу салынат.

- сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин жол кыймылдарын иретке келтирип туруучу белгилерге орнотууга жана пайдаланууга болбойт.

- сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу белгиленген тартипте бекитилген концепт-программа болсо, ошол концепт-программанын негизинде орнотулат.

- сырткы жарнак жана маалымат обьектисинин конструкциясы техникалык нормаларга жана талаптарга жооп бериши керек. ГОСТ, ПУЭге, техникалык, регламенттик жана башка нормативдик актыларга ылайыкташтырылып коопсуз, долбоорлошкон, жана белгиненген тартипте макулдашуусу керек.

- сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу санитардык нормаларды жана эрежелерди (электромагниттик нурдануу ж.б.) бузбашы керек.

- сырткы жарнак жана маалымат обьектилери маалымат - кабарларсыз турбашы керек.

- сырткы жарнак жана маалымат обьектилери жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү нормативдик актыларга ылайык болушу керек.

- жалпы пайдалануудагы жерлерде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьектилери жөө жүргүнчүлөргө, көчөлөрдү жана тратуарларды тазалоодо тоскоолдук түзбөшү керек. Ызы-чууну, коогаланды, кубаттуу   электромагниттик же  башка нурданууну жана талааларды пайда кылуу булактары болгон сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин эл  жашоочу жайларга  орнотуу жана пайдаланууга тыюу салынат.

- сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин  тротуардан, гүл отургузуучу жайлардан 2 м алыстыкта орнотуу керек.

- имараттарда жана мекемелерде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьектиси ошол имараттын архитектурасын бузбашы керек. Сырткы жарнакты стационардык жана убактылуу архитектуралык ансамблдеги тосмолордо, сейилбактарда, скверлерде, илим, маданият жана билим берүү мекемелеринин аямагында орнотууга уруксат берилбейт.

- сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин маданий мурасты билдирүүчү обьектилерде  жана өз алдынча туруучу сырткы жарнакты тарыхий жана маданий мурастарды сактоочу аймактарга орнотууга, ошол турган маданий мурастык обьектти сактап турган шарттар түзүлүшүн камсыз кылуу менен уруксат берилет.

- жаңы орнотулуучу жарнактык конструкциялар, мурда орнотулган  жарнактык обьекттердин келбетин бузбашы керек.

- жаңы орнотулган конструкциялар үчүн, кичине форматтагы концтрукциялардан башка, бир багытта жайланышып (жолдордун, көчөлөрдүн, газондордун бир жагында), бир жактан көрүүгө ылайыкташтырылып, өз алдынча турган конструкциялар ортосундагы аралык 100 метрден кем болбошу керек.

2.1.2. Жол кыймылынын коопсуздук талаптары.

2.1.2.1. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттери жол кыймылын уюштуруу мекемелеринин долбоорлорун эске алуу менен орнотулат.

2.1.2.2. Сырткы жарнакты орнотуу иштери жол кыймылынын коопсуздугун негиздөчү нормативдик актынын талабына ылайык жүргүзүлүшү керек.

2.1.2.3. Сырткы жарнак жана маалыматты орнотуу жана тейлөө боюнча монтаж иштерин аткарууда, иш жүргүзүлгөн жерлерде жол кыймылынын коопсуздук талаптары сакталышы керек.

2.2. Сырткы жарнак обьекттери

2.2.1. Сырткы жарнак обекттерине жарнак калканчалары, стенддер, транспаранттар, электрондук табло жана башка аймактык жайгашылуудагы стабилдик техникалык обьекттер кирет жана алар жерде же сырткы дубалдарда, имарат чатырларында, башка конструктивдик имарат элементтеринде, курулуштарда, шаардык аялдамаларда, таксофондук кабиналарда, көчө ажатканаларында, киоскаларда жана башка шаардык инфраструктура обьекттеринде, Ош шаарынын аймагында сырткы жарнакты жайылтуу максатында орнотулат.

2.2.2. Сырткы жарнак обьекттери бир гана жарнакты же социалдык жарнакты жайылтуу үчүн гана колдонулушу керек.

2.2..3. Сырткы жарнак обьекттерин терезе жана эшиктерде, аркаларда көрсөтүлгөн эреженин негизинде орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилет,сүрөттө көрсөтүлгөндөй имараттын сыртын толугу менен сырткы жарнак менен тосуп көркөмүн бузууга тыюу салынат жана имараттын сырты 20%тен көп сырткы жарнак болбошу керек.

Мисалы:

       Имараттардын  жана чакан дүкөндөрдүн сыртында баш-аламан кылып архитектуралык-көркөмүн бузуп сырткы жарнак жайгаштырууга тыюу салынат, эрежелер сакталбаса атайын рейд учурунда бир ирет эскертүү менен алынып салынат.

           Имараттын  көрсөтүлгөн жайына заманбап үлгүдөгү (светодиодуу )  бирдей көлөмдүү тамга  орнотуу, эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

  

2.2.4. Курулуш аянттарын тосу милдетин аткарган тосулмаларга жана курулуш торлоруна сырткы жарнак обьекттерин орнотуу жана пайдалануу эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

2.2.5. Коомдук унаалар аялдамасындагы конструктивдик элементтерге сырткы жарнак обьекттерин орнотуу жана пайдалануу эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

2.2.6. Эгерде сырткы жарнак обьектисин жарык кылуу үчүн андан өз алдынча бөлөк турган ток булактарын пайдаланган учурда, жарык кылуучу лампалардын бекилмелери  декоративдик элементтер менен жабылып турушу керек.

2.2.7. Сырткы жарнак обьектиси, ээсинин аты жөнү, телефонунун номери жана шаардык реестрдеги саны көрсөтүлгөн маркировкага ээ болушу керек. Маркировканын талаптары Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аныкталат. Жарнак орундарын шаардык реестрге киргизүүнүн иретин Ош шаарынын мэриясы бекитет.

2.2.8. Сырткы жарнакты орнотуу (монтаждоо), пайдалануу, бузуп алып салуу (демонтаж, снос) иштери обьекттин ээси тарабынан сырткы жарнак обьектиси орнотулуп жаткан жердин, имараттын жана башка кыймылсыз мүлктүн ээси менен түзүлгөн келишимдин негизинде же болбосо бул мүлктөрдүн ээси тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу адам менен, анын ичинде ижарачы менен (эгерде ага ушундай укук берилсе) жүргүзүлөт.

2.2.9. Туруктуу сырткы жарнак обьекттери:

2.2.9.1. Калкан орнотмолор - жерде өз алдынча туруучу маалымат жайгаштыруу үчүн сырткы беттери бар жана фундамент, каркас, маалымат талаадан турган обьекттер.

Калкан орнотмолору бир беттүү маалымат талаасы боюнча төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:

            - чакан же шаардык формата сити формат,панно ж.б. (4,5 кв.м. чейин);

- орто форматта сити борд ж.б. (4,5 кв.метрден 10кв.м. чейин);

- чоң форматта билборд ж.б.( 10кв.метрден 18кв.мге чейин);

- өтө чоң форматта мега борд ж.б.(18кв.метрден өйдө).

Сити формат эскиздик долбоору тиркелет.



Сити борд эскиздик долбоору тиркелет.

Калкан орнотмолоруна коюулуучу талаптар:

- калкан орнотмолору негизинен эки беттүү вариантта жасалат.

- бир беттүү вариантта аткарылган калкан орнотмолордун арткы тарабы декоративдүү жасалгаланган болушу керек.

- өз алдынча турган орнотмолордун фундаменти жер бетинен чыгып турбашы керек. Фундаментти жер бетинин дэңгели менен бирдей кылып куюга мүмкүн болбогон  өзгөчө учурларда, фундаментти жер бетинен 5 см бийиктикте куюга мүмкүнчүлүк берилет. Бул учурда фундаментин чекелери жамбаш таш же жолдук тосмо менен бекитилиши керек жана ал шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын макулдугу менен декоративдик - көркөм жасалгаланышы керек.

-  каттуулук жана бирикмелердин конструктивдик элементтери (болттук бирикмелер, таяныч элементери ж.б.) декоративдик элементтер менен жабылышы керек.

- калкан орнотмолорунун конструкциясынын ар кандай бириктирүүчү бөлүктөрү көрүнбөй турушу керек.

2.2.9.2. Жарнак-маалыматтык белгилери жол чекесиндеги кууш профилдеги обөектилер жөнүндө маалымат берүү үчүн орнотулат (ашкана, дөңгөлөктү, карбюраторлорду, амортизаторлорду оңдоочу ишкана, кошумча тетиктер дүкөнү).

Жарнак-маалымат белгинин маалымат талаасынын аянты анын сырткы көлөмүнүн өлчөмдөрү аркылуу аныкталат.

2.2.9.3. Көлөмдүк-мейкиндик обөектилер - жарнактык маалыматты жайылтуу үчүн обөектинин көлөмү гана эмес анын бети да колдонулган сырткы жарнак обьектиси.

           Бул обөектилер жеке долбоор боюнча жасалат.

Обьекттин үлгүсү жана долбоору ар бир конкреттүү учур үчүн Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан каралат жана бекитилет.

Көлөмдүк-мейкиндик обьекттеринин маалымат талаасынын аянты эсеп жолу менен аныкталат.

2.2.9.4. Желек композициясы жана бастырмалар – негизи бир же бир нече флагштоктон (түркүктөн) жана жумшак кездемеден турган сырткы жарнак обьектиси.

Флагшток.


Желектер жарык кылуучу столбаларда, имараттарда жана курулуштарда орнотулушу мүмкүн.

Желектин маалымат талаасынын аянты анын кездемесинин эки жак аянтынан аныкталат.

Серенин маалымат талаасынын аянты анын бир бетинин көлөмүнөн аныкталат.

2.2.9.5. Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак обөектилери - имараттын карнизинин денгээлинен бийиктикте же имараттын чатырларында толугу менен же айрым жерлеринде орнотулуучу (көлөмдүк же жалпак беттик) обөекттер.

Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак обөектиси бышыктоочу элементтерден, конструкциядан жана маалымат орнотулуучу элементерден турат.

Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак обьекттери ток булагынан авариялык өчүрүү системасы менен жабдылып, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.

Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак обьекттеринин маалымат талаасынын аянты, төлөнүүчү сумманы аныктоодо анын сырткы көлөмү аркылуу аныкталат.

Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак обьекттерин шаардын өзгөчө маанидеги аймактарына орнотуу үчүн милдеттүү түрдө Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен макулдашуусу керек.

2.2.9.6. Дубалдык панно - имараттын дубалынын бетине орнотулуучу сырткы жарнак обьектиси. Алар төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт:

- дубал бетине түздөн түз тартылган сүрөттөр;

- дубалга орнотуучу элементтерден, каркастан жана маалыматтык талаадан турган обьект.

Дубалдык панно типтүү жана жеке долбоорлор менен аткарылат.

Дубалга бекитүү элементтери бар дубалдык паннолор үчүн, обьекттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн милдеттүү түрдө обьектти дубалга бекитүү долбоору иштелип чыгышы зарыл.

Дубалдык паннонун маалымат талаасынын аянты, анын каркасынан көлөмү аркылуу аныкталат.

Маданий мурас катарына киргизилген обьекттердин башкы фасадтарына, тарыхый эстеликтердин архитектуралык бүтүндүгүн кабыл алуусун бузуучу имараттын көпчүлүк бөлүгүн, айнек үкөк, терезе, архитектуралык бөлүктөрүн, декоративдик жасалгалоону жаап калуучу чоң көлөмдөгү калкан жана баннердик обьекттерди орнотууга уруксат берилбейт.

2.2.9.7. Кронштейн – эки тараптуу консолдуу жалпак сырткы жарнак обьектиси, алар имараттарга, столбаларга жана өз алдынча түркүктөргө орнотулат.

Мисалы:

Кронштейндер эки тараптуу вариантта, ички жарыктануусу менен жасалышы керек.

Кронштейндин типтик көлөмү (түркүктөргө тургузулгандары тик аткарылышта) 1,2 х 1,8м түзөт.

Имараттардын маңдайында орнотулуучу кронштейндердин көлөмү имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрүнө карай аныкталат.

Кронштейндерди коопсуз пайдалануу максатында 3,5 метрден кем болбогон бийиктикте орнотулат.

Имараттарда кронштейндер негизинен биринчи жана экинчи кабаттардын аралыгында жайгаштырылат.

Кронштейнди түркүккө орнотууда, алар жүргүнчү жүрүүчү бөлүктүн терс багытына карашы зарыл жана ээсинин идентификациялык жана телефонунун номери жазылган маркировкасы болушу керек. Түркүктө бирден ашык сырткы жарнак обөектисин орнотуу мүмкүн эмес.

Имараттарга бекитилген кронштейндер бекитилүүчү жайдан 1,5 метрден ашык чыгып турушу мүмкүн эмес.

Жарнактык маалыматтар алмашуучу кронштейндерди имараттардын фасадтарына жайгаштырууга тыюу салынат.

Кронштейндин маалымат талаасынын аянты анын эки бетинин аянты аркылуу аныкталат.

2.2.9.8. Транспарант – тартмалары - бекитилүүчү бөлүктөн, тартуу бөлүктөн жана маалымат сүрөттөн туруучу сырткы жарнак обөектиси.

Транспарант-тартмалар жарыкталган (анын ичинде гирляндалар) жана жарыкталбаган, жумшак кездемеден жасалуучу болуп бөлүнөт.

Жарыкталган Транспарант-тартмаларынын конструкциясы ток булагынан авариялык  өчүрө турган системасы бар болушу керек.

Транспарант-тартмалар жүргүнчү жүрүчү бөлүктөн 5 метрден ылдый эмес бийиктикте жайгаштырылышы керек.

Транспарант-тартмалардын бири-бири менен болгон аралыгы 100 метрден аз эмес болушу керек.

Транспарант-тартмалардын маалыматтык талаасынын аянты анын эки бетинин аянтынан аныкталат.

Ош шаарынын негизги көчөлөрүнө транспарант-тартылмалаларды жайгаштырууга тыюу салынат.

2.2.9.9. Шөкөт айнектер (витраждар) - имараттардын терезе жана эшик оюктарына орнотулуучу сырткы жарнак обьектиси. Конструкциясы боюнча шөкөт айнектер негизинен, каркастан жана тунук беттен турат.

Жарнак маалымат айнектелген шөкөт айнектин ички тарабына жайгаштырылат.

Шөкөт айнектер түнкү убакытта жарыктануусу керек.

Тейлөө мекемелердин шөкөт айнектеринде өзүнүн тиешелүү ишине дал келбеген жарнактык жасалгалоону орнотуу жана пайдалануу мүмкүн. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн жарнактык жасалгалоо шөкөт айнектин 20%дан ашуун аянтын ээлебеши керек.

Үй-тиричилигин тейлөө мекемелеринин шөкөт айнектеринде акысыз төмөнкү маалыматтарды орнотууга мүмкүн:

- үй-тиричилигин тейлөө жана тейлөө аймагындагы сапат системасынын, эркин тастыктоо системалык аймактык белгилер;

- мекеме иштетүүчү чыгым материалдарын өндүргөн фирмалардын аталыштары (товардык белгилер), жабдыктар, технологиялык процесстер;

Калкты тейлөө боюнча адистештирилген турмуш-тиричилик техникаларын; радиэлектроапаратураларды оңдоо жана тейлөө боюнча ишканалардын шөкөт айнектеринде өздөрү оңдогон турмуш-тиричилик техникаларды чыгарган фирмалардын товардык эн белгилеринин аталыштарын жайгаштырууга уруксат берилет.

Шөкөт айнектеги маалымат аянты, айнек үкөктүн тунук бетине түшүрүлө турган сүрөттөлүштүн көлөмүнөн (габаритинен) жана шөкөт айнектин ички тарабына түшүрүлө турган көлөмдүү   конструкциялардын  көлөмүнө карап (габаритинен) аныкталат.

2.2.9.10. Проектордук орнотуулар - жердин жана дубалдын бетине көлөмдүү сүрөттөлүштөрдү көрсөтүүгө ылайыкташтырылган сырткы жарнактык обьекттери.

Проектордук орнотуулардын конструкциясы, көрсөтүлө турган түзүлүштөн жана экрандан же маалыматтуу сүрөттөлүш түзүлгөн көлөмдөн турат.

Жалпак сүрөттөлүш үчүн маалымат талаасынын аянты көрсөтүлүүчү беттин көлөмүнөн аныкталат, ал эми көлөмдүү сүрөттөлүштөр үчүн, эсептөө жолу мене аныкталат.

2.2.9.11. Электрондук экрандар (табло) -  экрандын бетиндеги лампалардын, светодиодтордун, же башка жарык булактардын жарык нурданууларынын эсебинен чыгылдырылуучу сырткы жарнак обьекттери.

Маалыматтык талаанын аянты жарык нурдануучу беттин көлөмүнөн (габаритинен) аныкталат.

Өз алдынча турган электрондук экрандардын арткы тарабы декоративдүү  жасалгаланышы керек. Анын фундаменти жер бетинен чыгып турбашы керек.

Өзгөчө учурда фундаментти тереңдетүүгө мүмкүн эмес болсо, фундамент жамбаш таш менен же жолдук тосмолор менен жасалгаланып жер бетинен бийик деңгээлде орнотууга уруксат берилет. Ошол эле учурда бул декоративдик жасалгалоо үчүн Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен макулдашуусу керек.

Конструкциялык элементтер жана бекитүү элементтери (болттук бирикмелер, таяныч элементтери ж.б.) декоратив жасалгалоолор менен жабылышы керек.

Мекемелердин жана имараттардын чатырында орнотулган электрондук экрандар ток булактарынан авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы керек жана ал өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык болушу зарыл.

2.2.9.12. Маркиздер - мекемелердин жана имараттардын айнек үкүктөрүнө жана киребериштерине же имараттын оюктарына, козырек же бастырма түрүндө жасалып ага сырткы жарнактык маалыматтар сүрөттөлүп орнотулган обьекттер.

Маркиздер, кармап туруучу элементтерден, каркастан жана жумшак же катуу негизден жасалган маалыматтык аянттан турат.

Маркиздин маалыматтык талаа аянты түшүрүлө турган сүрөттүн көлөмүнөн (габаритинен) аныкталат.

2.2.9.13. Жөө жүрүүчү тосмолордогу сырткы жарнак обьекттер бул -  жөө жүрүүчү тосмолордун айнектелген же башка беттеринде орнотулуучу жарнак обьекттери.

Жөө жүрүүчү тосмолордогу конструкциянын маалыматтык аянты анын эки тарабынын аянтынан аныкталат.

Бул типтеги конструкцияларга жана аларды орнотуу эрежелерине, өз алдынча орнотулган калкандык орнотууларга тийиштүү болгон талаптар коюлат.

2.2.9.14. Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу унааларынын аялдама павильонундагы сырткы жарнак обеекттери – аялдама павильонунун айнектелген же башка бетине жайгаштырылуучу сырткы жарнак обөектилери.

Конструкциянын маалыматтык талаасынын аянты жарнактык конструкциялардын беттеринин аянты аркылуу аныкталат.

Бул типтеги конструкцияларга жана аларды орнотуу эрежелерине, өз алдынча орнотулган калкандык орнотууларга тийиштүү болгон талаптар коюлат.

2.2.9.15. Шаардык инфраструктура обөекттеринде жайгаштырылуучу  сырткы жарнак обьекттери - таксофондук кабиналардын, жолдогу туалеттердин, киосктордун жана жер астындагы өтмөктөрдүн павильондорунун  айнектелген же башка беттерине жайгаштырылуучу сырткы жарнак обьекттери.

Конструкциянын маалыматтык талаа аянты жарнактык конструкциянын беттеринин аянтынан аныкталат.

Бул типтеги конструкцияларга жана аларды орнотуу эрежелерине, өз алдынча орнотулган калкандык орнотууларга тийиштүү болгон талаптар коюлат.

Жарнактык конструкцияларды шаардык инфраструктура обьекттеринин чатырында орнотууга тыюу салынат (толугу менен фирмалык стилде жасалгаланган павильон жана киоскалардан сырткары).

2.2.10. Сырткы жарнактын убактылуу обьекттери:

2.2.10.1. Сыртка алынып чыгуучу калканча конструкциялары (штендерлер) – шаардагы мекемелердин иш убактысында коюлуучу убактылуу сырткы жарнактык обьекттер.

Штендерлер эки тараптуу, жеке жарык берүүсү жок, бир тарабынын аянты 1,5 кв.метрден ашпаган болушу керек. Штендерлер жөө жүрүү зоналарда жана тротуарларда мекеменин киреберишинен 5метрден ашпаган аралыкта коюлушу керек.

Штендерлерди тротуардын эни 3 метрден кем болгон жерлерде жана жөө жүрүүчүлөргө тосколдук кылган жерлерге орнотууга тыюу салынат.

Мекемелердин кире беришине экиден ашык штендерди коюга жана тратуардан жакшы көрүнгөн илинмелердин жана айнек үкөктөрдүн жанына кошумча жарнак обьектиси катары штендерди коюп пайдаланууга тыюу салынат (коомдук тамактануу жайларынан сырткары).  

2.2.10.2.  Курулуш аянттарындагы, убактылуу тосмолордогу жана жолдогу соода түйүндөрүндөгү (жайкы кафе, көргөзмө, жайма) жана башка убактылуу тосмолордогу сырткы жарнак обьекттери жогорудагы обьекттердин көркөм жасалгалануусун камсыз кылышы керек.

Бул обьекттерди өзүнчө калканчалар менен, жумшак жасалгалоолор же лента менен жасалгалоо сунуш кылынат. Калкандык конструкцияны колдонуу учурунда калканчанын бийиктиги, тосмо элементтеринин өлчөмүнүн ½ бийиктигинен ашпашы керек.

Эгерде курулуш аянтында курулуштар жана тосмо тору бар болсо сырткы жарнактын ушул эрежеде каралган башка обьекттин орнотууга мүмкүн. Курулуш аянтынын тосмосуна бийиктиги 10 метрден ашкан сырткы жарнак обьектти орнотууда, бул көрсөтүлгөн тосмо курулуш уюштуруу долбоорунда (КУД) көрсөтүлүшү   керек.

Курулуш аянтынын убактылуу тосмолорунда сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу ушул эрежеде бекитлгендей сырткы жарнак жана маалыматты орнотуу уруксаттынын негизинде курулуш-монтаждык иштери жүргүзүлүчү убакытта орнотулат.

2.2.10.3. Курулуш торлорундагы сырткы жарнак обьекттери – курулуш обөектисин тосуучу торлордогу сүрөт түрүндөгү убактылуу сырткы жарнак обьекттери.

Курулуш торлордогу сырткы жарнакты орнотуу жана пайдалануу, курулуш жана реставрациялоо жумуштары жүргүзүлгөн имараттын сырткы тарабында (фасад) курулуш ордеринин иштөө мөөнөтү ичинде орнотулат.

Убактылуу сырткы жарнак обьектттерин орнотуу жана пайдалануу уруксатынын иш кагаздарын ушул эрежеде көрсөтүлгөндөй жасоо керек.

Курулуш торлордогу сырткы жарнак обьекттин маалыматтык талаа аянты түшүрүлгөн сүрөттүн көлөмүнө карап (габаритинен) аныкталат.

2.3 Шаардык маалымат обекттери

2.3.1. Шаардык маалымат обьекттери болуп, калкка шаар турмушундагы окуялар, Ош шаарынын аткаруу бийлигинин органдарынын иши жөнүндө маалымат берүү, Оштун тургундарына жана меймандарына шаарда жүрүүнүн багытын көрсөтүп берүү жана сурап билүү кызматын өтөө максатында шаардын аймагына орнотулган конструкциялар эсептелет.

2.3.2.  Шаардык маалымат обьекттери төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:

- маалыматтык көрсөткүчтөр;

- электрондук сурап билүү терминалдары;

- мамлекеттик бийлик органдарынын илинмелери;

- калкка маалымат берүү жана коопсуздук максатында курулуш, жол, кырсыктык жана башка жумуштардын жүргүзүлүшү жөнүндө маалыматтык билдирүүсү менен стендтер (маалыматтык конструкциялар);

- Ош шаарынын мэринин буйругу жана токтомуна ылайык, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тапшырмасы менен тематикалык план боюнча жайгаштырылуучу, шаардын майрамдык жасалгалары.

2.3.3. Шаардык обьекттердин жайгашуусунун көчөлүк жана маалыматтык коммуникациялык көрсөткүчтөрү.

- көчө системасы (көчөлөрдүн, проспектилердин, аянттардын, жол кесилиштеринин ж.б.у.с. аттары) шаардык, аймактык жана муниципалдык, маанидеги мекеме жана ишканалардын жайгашкан жерлери, маданий – тарыхый эстеликтер, керектөө рыногунун мекемелери жана ишканалары, шаардык инфраструктуранын башка обьекттери жөнүндө маалыматы бар таянычка (өздүк таянычка, шаардык жарык берүү таянычына, карым-катнаш байланыш тармагы таянычына) орнотулган, ички өндүрүштүк менен эки тараптуу же бир тараптуу жалпак модулдук конструкция. Көчөдөгү маалыматтык коммуникациялык көрсөткүчтүн модулунун ченеми 1550х1550мметрден ашпашы керек.

2.3.4. Шаардык маалымат берүү обьекттерин орнотуу жана иштетүү үчүн уруксат берүүчү документтерди даярдоо талап кылынбайт.

2.4. Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык

жана жарнамалык жасалгалоо обьекттери

2.4.1. Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жасалгалоо обьектти болуп – товар же кызмат көрсөтүү жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо максатында турган жериндеги, аймактагы үйлөрдүн же башка имараттардын сырткы дубалына жайгаштырылган ар түрдүү жарнактар, дубал панолору, кронштейндер жана башка обьекттер эсептелет.

Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жана жарнамалык жасалгалоо обьекттери төмөнкүдөй түрлөргө бөлүштүрүлөт:

- жарнактар

- маалыматтык жасалгалар (маалымат берүү конструкциялары)

- жарнактык жасалгалар

2.4.2. Көрнөктөр даярдоочунун аталышын (аткаруучу, сатуучу), анын турган жери (дареги) жана керектөөчүнүн укугун коргоо максатында иш убактысы жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик жана официалдык тилде керектөөчүлөргө билдирүү үчүн илинет.

Көрнөктөр даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тарабынан алар жайгашкан имараттын көрүнүктүү жерине, оң же сол тарабына же киреберишине жана ошондой эле жарманкеге (ярмарка), күркөгө жана башка соода жүргүзүчү жайларга илинет.

Көрнөктөрдүн ченеми узундугу боюнча 60 сметрден, турасы боюнча 40 сметрден: тамгалардын жана сандардын бийиктиги 10сметрден ашпоосу керек.

Көрөнөктөрдү жайгаштыруу үчүн уруксат алуу талап кылынбайт.

2.4.3. Калкты тейлөөчү мекемелердин жана ишканалардын имараттарынын алдындагы аянттын көрүнүктүү жерине, ашканалардын тиби жана профили, керектөөчүлөргө багыт берүү үчүн чекене соода жүргүзү жана калкты тейлөө орду көрсөтүлгөн маалыматтарды мамлекеттик жана официалдык тилде жайгаштыруу үчүн маалымат конструкциясын орнотот.

Калкты тейлөөчү мекемелердин жана ишканалардын маалыматтык конструкциялары төмөндөгүдөй орнотулушу мүмкүн:

- имараттын ээси же ал тарабынан дайындалган укуктук ээси менен макулдашып, имараттын алдындагы аянтчага же имараттын киреберишине орнотуу;

- бир же эки кабаттуу же стилобаттык курулуштун имаратынын чатырына чатырдык конструкция орнотуу;

- бир же эки кабаттуу же стилобаттык курулушта имараттын бир бөлүгүнө орнотуу.

Имарат башка кишинин ээлигинде болсо, андан конструкцияны жайгаштырууга, жазуу жүзүндө макулдук алуу керек.

Керектүү техникалык, ошону менен бирге эле дизайн долбооруна тыянак болсо, керектөөчүлөр рыногунун жана тейлөөнүн тармактуу ишканасынын типтүү маалымат конструкциясын орнотууга уруксат алуу бекитилген тартипте жүргүзүлөт (ишке ашат).

Керектөөчүлөр рыногунун жана тейлөөнүн тармактык ишканасынын типтүү маалымат конструкциясын милдеттүү текшерүүчү техникалык экспертизасы алгачкы текшерүүдөн 5 жылдан кийин, конструкциянын электирдик бөлүгү 3 жылдан кийин жүргүзүлөт.

Калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалымат конструкцияларын орнотууга шаардык укуктук ишканалардын макулдугу уруксааттын мөөнөтү бүткөнгө чейин жарайт.

Бир нече бир типтү конструкциядагы – көркөм элементерден турган маалымат конструкциясына бир гана уруксат даярдалат.

Маалыматтык жасалганын тамгаларынын бийиктиги 15сметрден кем болбоо керек.

Маалымат конструкциясы күндүн түнкү мезгилинде жарыктын ички булагы аркылуу жарык кылынат.(светодиодный тамгадан болушу шарт)

Сүрөттө көрсөтүлгөндөй:

Сыртка чыгуучу дарбазасы негизги жөө жүрүүчү көчөлөргө чыкпаган имараттарда (подвалдар, жарым подвалдар, коргондун ичинде) жайгашкан калкты тиричилик жактан тейлөөчү мекемелерге уруксат берилет:

- алардын турган ордун билдирген типтүү жарык кылынган маалымат берүү аянты 2 кв.метрден ашпаган көрсөткүчтү имаратка акысыз орнотууга;

- керектөөчүлөрдү кызматы менен таныштырууга арналган милдеттүү маалыматы менен жылдырып жүрүүчү калкандык конструкцияларды (штендерлерди) сырткы жарнамалар жана маалыматтардын убактылуу обьекттерин көпчүлүккө көрүнүктүү жайларга акысыз орнотууга;

- бул конструкциялар унаа жолдорунан өтүүчү зоналарга ишканалардын кире беришинен 5м алыстыкта, тротуарларга орнотулат.

Маалыматтар жолдун унаа жүргөн тарабынан кабыл алууга багыталбашы керек, унаа жолдорунан жөө кесип өтүүчүлөргө тоскоолдук кылбаш керек, соода маркасын, башка кызмат өтөөчү юридикалык тараптардын аталыштарын жана белгилерин камтыбаш керек.

Көрсөтүлгөн конструкцияны орнотууга негиз болуп калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалымат конструкциясы жөнүндөгү эрежеде көрсөтүлгөндөй тартипте жасалган, сырткы жарнак жана маалымат обекттисин орнотууга алынган уруксат болуп саналат.

2.4.4. Калкты тейлөө мекемелердин жана ишканалардын маалымат конструкциясына жайгаштыруу жазуунун болжолду тизмеси:

Мисалы: төмөндөгүдөй сүрөттө

2.4.4.1. Азык-түлүк соодасын жүргүзүүчү чакан ишканалар үчүн: универсам, супермаркет, гастроном, азык-түлүк дүкөндөрү, атайын дүкөндөр.

2.4.4.2. Азык-түлүк эмес соода жүргүзүчү чакан ишканалар үчүн: универмаг, соода үйү, соода борбору, атайын дүкөн, арзандатылган дүкөндөр.

Эскертүү: профили адистештирилген соода мекемелерине (бир товардык группасынын соода аянты 50%дан чоң) маалымат конструкциясына жазууда аталыштарын жазууга уруксат берилет: «Балык», «Булочка», «Кондитердик булочка», «Кондитердик товарлар», «Сүт», «Жашылча жемиштер», «Кийимдер», «Бут кийимдер», «Булгары кийимдер» ж.б. Ал эми айрым керектелүүчү белгилери боюнча топтоштурулган товарларды сатууда:

- «Диеталык азыктар», «Балдардын тамак ашы», «Эркектер үчүн товарлар», «Аялдар үчүн товарлар», «Белектер», «Жаңы үйлөнгөндөр үчүн товарлар», «Спорттук товарлар» ж.б.

2.4.4.3. Коомдук тамактануу мекемелери үчүн: ресторан, бар, кафе, бистро, кафетерий, ашкана, кулинардык дүкөн ж.б.

Эскертүү: коомдук тамактануу мекемелеринин адистештирилген профилдик мекемелерди белгилөөдө: «Шашлык», «Пирожки», «Жаштар кафеси», «Балдар кафеси» ж.б. аталыштарды колдонууга уруксат берилет.

2.4.4.4. Калктын тиричилигин тейлөө мекемелери үчүн: турмуш тиричилик кызматы, бут кийим оңдоо, кийим тигүү (баш кийим, парда, жүн, булгары жасалгалары ж.б.), турмуш тиричиликтик техниканы оңдоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: радио-электрондук жабдуулары, турмуш-тиричиликтик машиналардын, муздаткычтардын, тигүүчү машиналардын, сааттардын ж.б.) ачкыч, зергер, буюмдарды жасоо, үй эмеректерин жасоо жана (же) оңдоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: жумшак эмерек, ашкана эмеректери, токулган эмеректер ж.б.), химиялык тазалоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: кийимдерди, килемдерди, тыбыт буюмдарын жууш, чачтарач (толуктоо мүмкүн: косметика, моникюр), фото сүрөткө тартуу (толуктоо мүмкүн: сүрөт даярдоо) мукабалоо (толуктоо мүмкүн: брошюларды чыгаруу), ижарага берүү (адистигин көрсөтүү мүмкүн: спорттук каражаттар, күндөлүк керектелүүчү үй буюмдары, музыкалык аспаптар ж.б.), ритуалдык кызматтар (толуктоо мүмкүн: үрп адат кызматы), эстелик жасоо (мүрзө курулмалары, тосмолор ж.б.), ломбард, жыю жана тазалоо кызматы (имараттарды, батирлерди, кеңселерди ж.б.) ж.б.

Мекеме тиби: ателье, мода үйү, салон-адистигин көрсөтүү менен, техникалык борбор, кабыл алуу пункту (адистигин көрсөтүү менен), химиялык тазалоо, кир жуугуч жай, фото ателье, фотография, бюро (түрдүлөр) мультисервис: тейлөө үйү.

Кызматтардын аталышын кыскартууга уруксат берилет: «Метало-ремонт», «Химтазалоо», «Фото» ж.б.

Мекеме тейлеген кызматтарды бириктирүүгө болот: «Химтазалоо – кир жуугуч жай», «Саат оңдоо жана зергерчилик» ж.б.

2.4.4.5. Автозаправкалык станциялар жана автоунаа жуучу жайлар үчүн: автозаправкалык станция (АЗС), автозаправкалык комплекс (АЗК), «Бензин», «Автожуугуч» ж.б. аталыштарды колдонууга уруксат берилет.

Бөлүнгөн аймакта автозаправкалык станциялардын, жуучу посттордун имараттарында жана курулуштарында күйүүчү майлардын баасы жана унааларды жууш кызматынын баасы жөнүндө маалыматтарды жайлаштыруу үчүн конструкцияны орнотууга жана иштетүүгө уруксат берилет. Автозаправкалык станциянын жана жуугуч посттун өзүнчө турган конструкциясын станцияга же постко бөлүнгөн аймактын чегинен 100метрден ашпаган аралыкка унаанын багытына каратып, жолдун четиндеги сызыкка орнотуп иштетүүгө уруксат берилет.

2.4.4.6. Оюндук бизнес мекемеси - кире беришке мекеменин профилин көрсөтүү менен маалыматтык конструкциясын орнотуп, иштетүүгө укуктуу. Мында, потенциалдык кардарлар (стробоскоптор, жарык-динамикалык түзүлүштөр ж.б.) жана ошондой эле ишканалар тематикасы боюнча декоративдик элементтер үчүн бул мекеменин өзүнө тартуучулугун күчөтүүчү кошумча техникалык түзүлүштөрдү, ыкмаларды жана жабдууларды колдонууга жол бербөө керек.

2.4.5. Калкты тейлөө боюнча мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жасалгалоо обөектилерине жазуу мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт.

Товардык жана тейлөө белгилери катары кабыл алынган тартипте каттоодон өткөн декоративдик элементтерди маалыматтык конструкцияларга жайгаштырууга уруксат берилет. Мындай маалыматтык конструкциянын ээси товардык белгини жана тейлөө белгисин колдонууга мыйзамда белгиленген тартипте катталган укукка ээ болушу керек.

Мындай декоративдик элементердин, товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин сүрөттөлүшү керектөөчүлөрдү багыттоо максатында жайгаштырылган маалыматтардан ашып кетпөөсү керек.

2.4.6. Калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалыматтык жана жарнактык жасалгалоо обөектилеринин көрнөктөн башкасын орнотуу ушул эрежеде каралган тартипте даярдалган уруксаттын жана архитектуралык-техникалык тыянактын негизинде ишке ашырылат. Мында маалыматтык жасалгалоо обөектисин орнотууга менчиктин түрүнө карабастан Ош шаарынын мүлкүн пайдалануу боюнча келишимин түзүү талап кылынбайт.

2.4.7. Калкты тейлөө мекемелери маалыматтык конструкцияга кошумча жарнактык маалыматты (жарнактык жасалгалоо) орнотууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамына ылайык катталган товардык белгилерден жана тейлөө белгилеринен башка жарнактык жасалганын тексти мамлекеттик тилде аткарылуусу керек. Мекеменин профилин жана тибин ачык көрсөткөн кыргызча текст болгондо гана катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери англис тилинде оригиналдык түрдө аткарылышы жана жайгаштырылышы мүмкүн.

Бул учурда товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин жазган тамгалардын бийиктиги, мекеменин профилин жана тибин ачып көрсөткөн кыргызча тексттин негизги шрифтинин бийиктигине салыштырмалуу аз дегенде 2 эсе кичине болууга тийиш. Товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин чет тилинде сүрөттөлүшүн ишке ашыруу усулу жана саны мекеменин ишинин профили жөнүндөгү маалыматтын текстинен басымдуулук кылбаш керек.

2.4.8. Мекемеге жакын жайгашкан мүлктүк обьекттерге жеке долбоор боюнча түзүлгөн, өндүрүш мекемелеринин, маданият, спорт, элге кызмат көрсөтүү мекемелеринин жана ишканалардын маалымат-жарнак көрсөткүчтөрүн орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилет.

2.4.9. Элге кызмат көрсөтүү мекемелеринин жана ишканаларынын жарнактык жаслгалоо максатындагы сырткы жарнак жана маалымат обьекттери ушул эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жасалгаланууга тийиш.

3. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотууга

жана пайдаланууга уруксат иш кагаздарын даярдоо

3.1. Иш кагаздарын даярдоонун жалпы талаптары

Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотууга жана пайдаланууга уруксат берүүчү иш кагаздарга, сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотууга уруксат же калкты тейлеген ишкана жана мекемелердин маалыматтык жасалгалоо обьекттерин орнотууга алынган уруксат кирет. Сырткы жарнак обьекттин орнотууга уруксаттын формасы (мындан ары техникалык паспорт, 3-тиркеме) белгиленген тартипте бекитилет.

Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотууга уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо боюнча ыйгарым укукту ишкана Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы болуп саналат.

Менчик ээсинин же кыймылсыз мүлккө тиешеси бар башка мыйзамдуу адамдын орнотмого техникалык паспорту болсо Ош шаарынын аймагындагы сырткы жарнак обьекттерин орнотуу жана пайдаланууга уруксат берилет.

3.2. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотууга уруксат берүү

3.2.1. Менчик ээси же кыймылсыз мүлккө тиешеси бар мыйзамдуу адам, же болбосо сырткы жарнак жана маалымат обьекттинин ээси Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына көрсөтүлгөн формада (2-тиркеме) кайрылышат. Арызда сырткы жарнак жана маалымат обьекттинин техникалык өлчөмү, аймактык жайгашкан жери жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.

Арыз берүүчү талап кылган иш кагаздарды берүү үчүн, арызга уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоодо макулдашууга керек болгон иш кагаздардын тиркелиши зарыл.

Жогорудагы иш кагаздары көрсөтүлбөгөн учурда арыз кабыл алынбашы мүмкүн.

3.2.2. Уруксат берүү арызын кабыл алып жана карап чыкандан кийин Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы техникалык паспортту берүү үчүн керек болгон тиешелүү толук ыйгарымдуу органдар (Ош ш. АжШКБ, Ош ш. МАКБ, Ош ш. ИИБ ЖККБ жана о.с.) менен макулдашууларды өз алдынча жүргүзөт. Аларды алгандан кийин, техникалык паспортту берүүнү же макулдук бербөө чечимин чыгарат. Арыз берүүчү толук ыйгарымдуу органдар менен болгон макулдашууларды өз алдынча алууга жана аларды Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына көрсөтүүгө укукту.

3.2.3. Техникалык паспортту берүү же макулдукту бербөө жөнүндөгү Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын чечими арыз берилген күндөн баштап бир айдан кечиктирбей кабыл алынат жана уруксат берүү жөнүндөгү чечим арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.

3.2.4. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан техникалык паспортту бербөө жөнүндөгү чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүйөлөштүрүлгөн жана кабыл алынган болушу керек. 

3.2.5. Техникалык паспорт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ош шаарынын жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышы мүмкүн.

3.2.6.   Техникалык паспорт Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын дооматы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими менен жараксыз деп табылышы мүмкүн.

3.2.7. Техникалык паспорт тиешелүү кызматтардын жана обьекттин мыйзамдуу ээсинин катышуусунда депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышы мүмкүн.

Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсү, Курманжан-Датка көчөсү жана Ленин көчөлөрүнө мындан ары «П» же «Арка» жана «Г» үлгүсүндөгү сырткы жарнак жана маалымат обекттьерин орнотууга уруксат берилбейт.

3.3. Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат

обьекттерин орнотуу жана пайдалануу үчүн келишим

3.3.1. Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу, келишимдин негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу сырткы жарнак жана маалымат обьекттеринин ээсине (мындан ары жарнак жайылтуучу) жер участкаларда жана башка Ош шаарынын мүлкүндө, анын ичинде оперативдик жана ишеним берүүчү башкармалыгынын, чарба жүргүзүүгө берилген жалпы пайдалануучу жерде сырткы жарнакты жайылтуу максатында обьект орнотуу жана пайдаланууга төлөм аркылуу мүмкүнчүлүк түзүп берет.

3.3.2. Келишим боюнча төлөмдүн өлчөмү ушул эреженин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн тартиптеги эсеп кысаптын негизинде аныкталат.

3.3.3. Келишим түзүлгөндөн кийин жарнак жайылтуучу Ош шаарынын кыймылсыз мүлкүндө сырткы жарнак жана маалымат обьекттин макулдашылган долбоордук иш кагаздардын негизинде 30 күндүн ичинде орнотууга милдеттүү. Техникалык татаал сырткы жарнак жана маалымат обьектьин орнотуу мөөнөтү, жарнак жайылтуучунун арызынын негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармачылыгынын макулдугу менен узартылышы мүмкүн.

3.3.4. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат обьекттин жарнак жайылтуу же социалдык жарнак максатында гана пайдаланууга милдеттүү. Социалдык жарнак материалдары Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүп, мыйзам чегинде жарнактык конструкцияга жарнак жайылтуучу тарабынан жайгаштырылат.

3.3.5. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат обьекттин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана пайдалануу келишиминде аныкталган Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана  маалымат обьекттин орнотуу жана  пайдалануу тартибинин негизинде жүргүзөт.

3.3.6. Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьекттин орнотуу жана пайдалануу жарнак жайылтуучу менен түзүлгөн келишим Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бир жылдык мөөнөт менен түзүлөт.

3.3.7. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен түзүлгөн, Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьекттин орнотуу жана   пайдалануу келишимисиз Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьекттин орнотууга  жана пайдаланууга уруксат берилбейт.

3.3.8. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы шаардын башка мекемелери менен биргеликте сырткы жарнак жана маалымат обьекттинин техникалык абалын жана пайдалануусун көзөмөлгө алат.

3.3.9. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бир тараптуу тартипте төмөнкү учурларда келишим бузулушу мүмкүн:

3.3.9.1. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттинде социалдык жарнакка же жарнакка тиешесиз маалыматтар жайгаштырылса же сырткы жарнак жана маалымат обьектти максатсыз багытта пайдаланылса;

3.3.9.2. Келишимде көрсөтүлгөн 20 календардык күн ичинде төлөм жүргүзүлбөсө;

3.3.9.3. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттин орнотууга уруксат мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылса же жараксыз деп табылса;

3.3.9.4. Жарнак жайылтуучу социалдык жарнакты жайгаштыруу боюнча милдетин аткарбаса;

3.3.9.5. Уруксат алуу үчүн жазылган арызда көрсөтүлгөн обьект, орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьекттинин техникалык иш кагаздары менен дал келбесе;

3.3.9.6. Берилген типтеги обөектилерге көрсөтүлгөн, сырткы жарнак жана маалымат обьектти техникалык талаптарга туура келбестигин жоюуга коюлган талаптарды жарнак жайылтуучу бир нече ирет аткарбаса;

3.3.9.7. Шаар куруу абалынын өзгөрүшү, сырткы жарнак жана маалымат обьектти орнотулуучу аймакта сырткы жарнак орнотуу концепт-программасын ишке ашырууда;

3.3.9.8. Архитектуралык-техникалык тыянактын убакыт мөөнөтү бүткөн учурда;

3.3.10. Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жарнама жайылтуучу 10 күн ичинде сырткы жарнак жана маалымат обьекттин ажыратып алууга (демонтаж) милдеттүү. Чоң жана артыкча чоң сырткы жарнак жана маалымат обьекттери үчүн мөөнөт Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан көрсөтүлөт. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттин ажыратып алуу (демонтаж) боюнча милдеттенме өз мөөнөтүндө аткарылбаса сырткы жарнак жана маалымат обьектти мажбурлоо жолу менен ажыратып алууну Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ишке ашырат жана ажыратып алууга кеткен чыгымдарды жарнак жайылтуучудан талап кылууга укуктуу;

3.3.11. Өз убагында төлөм жүргүзбөгөндүгү үчүн келишим боюнча жарнак жайылтуучу мөөнөтү өткөн ар бир күнүнө, мөөнөтү өткөн төлөмдүн 0,05%ыз өлчөмүндө айып төлөмүн төлөйт;

3.3.12. Ош шаарынын мүлкүн сырткы жарнак жана маалымат обьектин орнотуу жана пайдалануу үчүн колдонуу келишимсиз жүргүзүлсө, Ош шаарынын мунципалдык менчик башкармалыгы бул конструкцияларды ажыратып алууга жана накта сырткы жарнак жана маалымат обьекттин орнотууга төлөнгөн төлөмдүн өлчөмүндө чыгым төлөөнү талап кылууга, ажыратып алууга кеткен чыгымдарды талап кылууга, зарыл учурда ажыратылган обьекттердин калдыктарын жок кылууга (утилизация) укуктуу.

4. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин ажыратып алуу (демонтаж)

4.1. Уруксатсыз, келишимсиз же мөөнөтү бүткөн келишимдин негизинде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин ажыратып алуу жарнак жайылтуучунун эсебинен жүргүзүлөт.

4.2. Көрсөтүлгөн талап аткарылбаса, сырткы жарнак жана маалымат обьекттери көрсөтүлгөн тартипте мажбурлоо жолу менен ажыратып алууга дуушар болот.

4.3. Ээси аныкталбаган, жок болсо, же ажыратып алууну өз эсебинен жүргүзүүдөн баш тарткан сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин ажыратып алуу ыйгарым укуктуу органдардын (Ош ш. ММБ, Ош ш. МАКБ, Ош ш. АжШКБ жана о.с.) катышуусундагы комиссиянын актысынын негизинде Ош шаарынын бюджетинин эсебинен тиешелүү чыгымдар беренеси аркылуу Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тапшырмасы менен жүргүзүлөт. 

4.4. Эреже бузуулар менен орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин ажыратып алуу, ташып чыгаруу, кампаларда убактылуу сактоо, материалдык баалулуктарды ташып чыгуу актысы жана жоопкерчиликтүү сактоого берүү актысынын негизинде ажыратып алуудан кийин бир айлык мөөнөткө кампаларда сактоого берилет.

4.5. Жарнак жайылтуучу тараптан ажыратып алууга, ташууга, сактоого жумшалган чыгымдар төлөнгөндөн кийин ажыратылган обьект көрсөтүлгөн тартипте ээсине кайтарылат. 

4.6. Ажыратып алуу, ташуу, сактоо, калдыктарын жок кылуу боюнча буюртманы аткаруу иштери үчүн аткаруучу уюмдарга акысын төлөө, Ош шаарынын бюджетинен жумшалат. Жарнак жайылтуучу кеткен чыгымдарды бекитилген тартипте кайтарып берүүгө милдеттүү.

4.7. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын талабы боюнча мажбурлоо жолу менен ажыратып алуу иштерине жумшалган чыгымды көтөрүү, өз эркинче орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьекттисин жайгаштырган жарнак жайылтуучунун эсебинен болот.

5. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу

жана пайдаланууда макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар

5.1. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы Ош шаарынын аймагында сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу менен байланышкан функцияларды ишке ашырууга укуктуу Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. 

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы:

- тийиштүү кыймылсыз мүлктүн ээлери же башка мыйзамдуу ээлеринин арыздарын кабыл алуу жана карап чыгуу функцияларын аткаруучу, сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдаланууга уруксат алуу жөнүндө маалымат берүү, керектөө рыногунун мекемелеринин маалымат конструкцияларын орнотууга уруксат берүү функцияларын аткарат;

- ыйгарым укуктуу органдар менен бирге уруксат берүүдөгү чечимди кабыл алууда зарыл болгон макулдашууну ишке ашырат, уруксатты даярдайт жана берет; 

- уруксатты жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алат;

- Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу боюнча келишимдерди түзөт;

- төмөндөгү жумуштарды аткарууда кардалчынын функциясын аткарат: 

Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу долбоорун жана концепт-программаларын иштеп чыгуу боюнча;

социалдык жарнак материалдарын даярдоо боюнча;

шаардык маалымат обьекттерин куруу боюнча;

Ош шаарынын мүлкүнө өз алдынча орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин ажыратып алуу боюнча.

5.2. Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы макулдашат:

- долбоордук-сметалык иш кагаздарын;

- сырткы жарнак обьекттин орнотуу концепт-программасынын долбоорун;

- шааркуруу абалдарын жана имараттардын, курулмалардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн, визуалдуу анализдөөнүн негизинде орнотууга мүмкүн болгон орунга бекитүү менен сырткы жарнак жана маалымат обьекттердин баардык түрлөрүнүн дизайн-долбоорун жана кайрадан орнотулуучу конструкцияларга мөөнөтүн узартуу шартында архитектуралык-техникалык корутунду (АТК) берет жана орнотулгандарга жыл сайын АТКнын мөөнөтүн узартат.

5.3. Ош шаарынын ИИБ ЖККБ – сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотууда алардын жолдо жүрүү коопсуздугу боюнча нормативдик укуктук актыга туура келүүсү боюнча макулдашууну жүргүзөт.

6. Кайрадан орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьекттеринин

долбоордук иш кагаздарга дал келүүсүн текшерүү

6.1. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу боюнча курулуш-монтаждоо, электрдик иштерди жүргүзүү үчүн лицензиясы бар мекемелер тарабынан макулдашылган долбоордук иш кагаздар менен дал келгендей аткарылышы керек.

6.2. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттеринин фундаменттик курулушу жана башка   жер иштери Ош шаарынын мамлекеттик архитектура курулуш башкармалыгынын милдеттүү түрдөгү актысынын жер иштетүү өндүрүшүнүн ордеринин негизинде жүргүзүлөт.

6.3. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттин орнотуудан 15 күн мурун Ош шаарынын ИИБ  ЖККБгө көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн же тилке четин ээлөө жана кыймылды чектөө же убактылуу жабуу заарылчылыгы боюнча маалымат берилүүсү керек.

6.4. Имараттарда жана курулмаларда сырткы жарнак жана мааалымат обьекттерин куруу (монтаждоо) ээлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда же анын иш жүргүзүүсү жөнүндө маалыматты кабарлоодон кийин гана жүргүзүлөт.

6.5. Курулуш-куруу (монтаждоо) жана электротехникалык иштерди аткарганда төмөндөгүдөй иш кагаздар болушу талап кылынат:

- сырткы жарнак жана маалымат обьекттин орнотууга белгиленген тартипте жасалган уруксаат;

- архитектуралык-техникалык тыянак;

- жер казуу иштерин аткаруу үчүн ордер (ал жүргүзүлгөн болсо).

6.6. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат обекттин орноткондон кийин айлананы төмөндө белгиленген мөөнөттө калыбына келтирүүгө милдеттүү:

- тарыхый мурастар тилкесинде жана шаардык өзгөчө маанидеги аймакта 2 күндөн ашпаган мөөнөттө;

- жалпы шаардык маанидеги көчөлөрдө 4 күндөн ашпаган мөөнөттө;

- жалпы шаардык маанидеги кварталдар ичиндеги аймактарда 7 күндөн ашпаган мөөнөттө.

6.7. Жарнак жайылтуучу ар кандай коопсуздук эрежелеринин бузулушуна жооп берет. Ошондой эле бузулуулар жана кырсыктын болу учурлары үчүн, сырткы жарнак жана маалымат обьекттин куруу жана пайдалануу учурундагы кетирген каталыктар боюнча  жооп берет.

6.8. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттисин орнотуу боюнча курулуш куруу иштери аяктагандан кийин 3 жумуш күн ичинде жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат обьекттисинин пайдаланууга берилгендиги жөнүндөгү актысын түзүп, аны Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына берүүгө милдеттүү.

6.9. Кайра орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьекттисинин долбоордук иш кагаздарга жана техникалык эрежелердин жана шарттардын талаптарына дал келүүсүн текшерүү, СНиП, ПУЭ жана башка нормативдик иш кагаздар көз карандысыз эксперттик уюмдар тарабынан өткөрүлөт. Кайра орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьекттин текшерүүгө болгон өтүнүч кат, пайдаланууга берилгенден кийин 10 күндөн ашпаган мөөнөттө, жарнак жайылтуучу тарабынан берилет. Жарнак жайылтуучунун өтүнүч катын алгандан кийин 14 жумуш күн ичинде көз карандысыз уюм, тиешелүү протокол түзү менен көрсөтүлгөн обөекттин изилдөөсүн жүргүзөт.

6.10. Обьектти пайдаланууга берген текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча сырткы жарнак жана маалымат обөектисинин долбоорунун иш кагаздарына дал келгендиги жөнүндө эксперттик тыянак Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы бекиткен форма боюнча түзүлөт. Эгерде сырткы жарнак жана маалымат обьектти долбоорго дал келсе, эксперттик тыянакка биринчи пландык текшерилүүнүн убактысы көрсөтүлөт. Ал эми долбоорго дал келбесе же коопсуздук талаптарга жооп бербесе, кемчиликтерди жоюу тизмеси көрсөтүлгөн эксперттик терс тыянак берилет.

Коопсуздук талаптарына дал келбеген маалыматтар ай сайын (ал эми кырсык учурларында кечиктирилбестен) Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына,   Ош ш. ИИБ ЖККБнө билдирилет. 

Сырткы жарнак жана маалымат обьекттинин ээси табылган кемчиликтерди четтетүүгө шарты же калоосу болбогон учурда укуктуу эксперттик уюм обьектти ажыратып алуу (демонтаж) сунушун Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына жиберет.

7. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин

пайдалануу жана иликтөө

7.1. Пайдалануудагы сырткы жарнак жана маалымат обьекттин пландуу иликтөө үчүн жарнак жайылтуучу Ош шаарынын мамлекеттик архитектура курулуш башкармалыгына кайрылат, пландуу иликтөөнү өз эсебинен жылына бир жолу жүргүзөт. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттин маалымат аянты 140 чарчы метрден (м2) ашкан учурда кошумча иликтөөдөн өткөрүү үчүн эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формада мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнак жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат. Тыянактын мөөнөтү бүткөндөн кийин кезектеги иликтөө жүргүзүлөт.

7.2. Пландуу иликтөө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- конструкциянын механикалык-температуралык, коррозиялык жана башка таасирлердин натыйжасынан бузулуш абалын жана деңгээлин текшерүүнү;

- нормативдик иш кагаздарга дал келүүсүн, сырткы жарнак жана маалымат обьекттин электр жабдууларынын абалын текшерүүнү;

- долбоордук-конструктордук иш кагаздары жок учурунда же бузулган учурда, обөектини алып жүрүү мүмкүнчүлүгүнө контролдук эсеп-кысап жүргүзүлөт. Контролдук эсеп-кысап байкалган бузулууну эске алып, обьект болжол менен минималдуу бышык материалдардан жасалган деп, накта өлчөмү жана көлөмү менен жүргүзүлөт.

- электротехникалык иш кагазы жок (жоголгон) учурда электр жабдыктардын көлөмдөрүнүн көзөмөл эсеп-кысабы электр жабдыктардын орнотулгандыгын эске алуу менен жүргүзүлөт.

7.3. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен обьектти андан ары пайдалануу мүмкүндүгү боюнча жыйынтыктарды жана кийинки иликтөө мөөнөтүн, нормадан четтөөлөрдүн кыскача мазмуунун камтыган Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бекитилген формада эксперттик тыянак түзүлөт.

7.4. Иликтөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн эксперттик тыянакта көрсөтүлгөн кемчиликтерди жарнак жайылтуучу бир айлык мөөнөттө (кырсык учурунда - токтоосуз) жоюга жана сырткы жарнак жана маалымат обьекттин анын электрожабдыктарын тийиштүү абалда кармоого милдеттүү.

7.5. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин иликтөө жөнүндөгү чечим Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан төмөндөгү учурларда кабыл алынат: кырсык учурунда, техногендик катастрофаларда, жаратылыш кырысыктары болгондо (чагылган, бороон ж.б.), пайдалануу учурунда конструктивдик кемчиликтер байкалганда, өндүрүштүк жараксыздык жана башка учурда, тийиштүү буйрук менен катталат.

Көзөмөлдүк иликтөө көз карандысыз эксперттик ишканалар  аркылуу жүргүзүлөт.

Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин көзөмөлдүк иликтөөдөн өткөрүүгө негиз болуп төмөндөгүлөр саналат:

Авариялык жагдайлар же алардын белгилери, кырсык кырдалдарды жою боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иликтөө жана орнотууга уруксаттын же сырткы жарнак жана маалымат обьекттеринин техникалык регламенттин талаптарына туура келбестиги көз карандысыз эксперттик ишканалар же кызмат адамдары тарабынан аныкталган белгилер.

Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин көзөмөлдүк иликтөө обьект ээлерине сөзсүз түрдө расмий кабар берүү менен жүргүзүлөт жана кабар берүүдө пландалган көзөмөлдүк иликтөөнүн  мөөнөтү, иликтөөдөн өтө турган обьекттин дареги, иликтөөнү жүргүзө турган ишкананын аталышы көрсөтүлөт. Көзөмөлдүк иликтөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн эксперттик тыянакта көрсөтүлгөн кемчиликтерди жарнак жайылтуучу бир айлык мөөнөттө (кырсык учурунда токтоосуз) жоюга милдеттүү.

 Ош шаардык Кеңешинин

 аппарат жетекчиси                                                                                             К.Камчиев


                                                                                Ош шардык Кеңешинин 2019-жылдын  

                                                                                25-декабрындагы кезектеги 

                                                                                XXIV сессиясынын №213 токтомуна 2-тиркеме


ОШ ШААРЫНЫН МҮЛКΥНӨ СЫРТКЫ ЖАРНАК ЖАНА МААЛЫМАТ ОБЬЕКТИСИН ОРНОТУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ КЕЛИШИМИ БОЮНЧА 

ТӨЛӨМДҮН ӨЛЧӨМҮН АНЫКТОО ИРЕТИ

Бул ирет Ош шаарынын сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежесинин (мындан ары - Эреже) негизинде сырткы жарнак обектилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмүн аныктоо үчүн колдонулат.

1. Ош шаарынын сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмү төмөндөгү формула менен аныкталат (бир жылга сом менен):

Т=БСхSхПхК1хК2хК3хК4хК5,

мында:

БС – базалык өлчөм, анын өлчөмү 50 сомго барабар (кошумча баа салыгы кошулбаганда);

S – сырткы жарнак обьектисинин маалымат талаа аянты (кв.м.);

П – сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин орнотуу мезгили (өлчө бирдигин – жыл, мезгилди ай боюнча эсептегенде бир айдын 1/12 базалык өлчөмү колдонулат, мезгилди күн боюнча эсептегенде бир күндүн 1/365 базалык өлчөмү колдонулат)

К1 – ушул тиркеменин 2 пунктунун негизиндеги аймактык жайланышын эсепке алуучу коэффициент:

Зонасы

К1 коэффициентинин мааниси

1

2,6

2

2,2

3

1,8

4

1,4

5

1,0

6

0,8

7

0,5

К2 – сырткы жарнак жана маалымат обьектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын бир тарыбындагы маалымат талаасынын аянтына көз карандуулугун чагылдыруучу, төмөндөткүч коэффициент (ички жарыктаннуусу бар имаратардын чатырындагы сырткы жарнак обьектилеринен башка сырткы жарнак обьектилерине колдонулат):

Маалымат талаа аянты

К2 коэффициентинин мааниси

Чектөөсүз

1,0    

К3 – сырткы жарнак жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын унаа айдоочуларынын көрүү шарттарынан көз карандуулугун чагылдыруучу, төмөндөткүч коэффициент (бир бетинин аянты 10м.кв кем болбогон өз алдынча турган обьекттерге гана колдонулат):

- жол кыймылы учурунда көрүү шарты бар Арка(П) түрүндөгү сырткы жарнак обьектиси менен унаа каражатынын ортосунда карама-каршы тилке багыты бар жак үчүн К3=0,7;

- жол кыймылдын багыты боюнча көрүү шарты бар учурда имараттын чатырындагы жана дубалындагы сырткы жарнак обьектиси үчүн

К3=0,9;

- жол кыймылы учурунда көрүү шарты бар Г, Т түрүндөгү сырткы жарнак объектиси менен унаа каражатынын ортосунда карама-каршы тилке багыты бар жак үчүн

К3=1;

- жол кыймылынын бир багыттуу учурунда көрүү шарты мүмкүн болбогон жак үчүн К3=0,3 (бир багыттуу көчөлөр үчүн);

- башка учурларда К3=1;

К4 – заманбап татаал технологияларды киргизүүнү стимулдоочу коэффициент (сырткы жарнак объектилер үчүн колдонулат):

- жарыктануусу жок учурда (Эрежеде эске алынган жарыкты чагылдыруучу материалдардан жасалган обьекттерден жана учурлардан сырткары) К4=2;

(зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан кронштейндер жана чакан форматтагы калкан орнотмолору үчүн бир айга 300 сом эсептелинет);

- жалпы шаардык маанидеги зоналарда орнотулган ички жарыктануусу менен автоматаштырылган алмашуу экспозициясы  бар объектилер үчүн К4=1,7 колдонулсун

(зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан кронштейндер жана чакан форматтагы калкан орнотмолору үчүн бир айга 225 сом эсептелинет);

- башка учурларда К4=1;

К5 – айрым типтеги сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу өзгөчөлүгүн эске алуучу коэффициент:

Сырткы жарнак жана маалымат обьектилеринин типтери

К5 коэффициентинин мааниси

Унаа каражаттарынын жол жүрүү тилкесинин үстүнө жана четинде орнотууга ылайкташтырылган сырткы жарнак жана маалымат обьектилери (кыймылдын багыты боюнча көрүү шарты бар учурда)   

150м.квга чейин

1,6

151м.кв - 300м.квга чейин

2

300м.квдан жогору

4

Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак жана маалымат обьекттерине        

0,9

Убактылуу курулуш тосмолоруна жана курулуш торлоруна орнотулуучу сырткы жарнак жана маалымат обьекттерине

0,9

Жөө жүрүү тосмолорунда          

0,5

Бир ээси бар шаардык маалымат обекттери менен конструктивдүү бириктирилген сырткы жарнак жана маалымат объектилерине   

0,5

Жер бетиндеги паннолорго                  

0,4

Башка учурларда             

1,0

2. Ош шаарынын аймагындагы күйүүчү май куюу жайлардын (АЗС) баа көрсөткөн маалымат стеллаларына зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан бир айга 1000 сомдон эсептелинсин.

3. Ош шаарынын аймагындагы электрондук свето-диоддук экрандар үчүн зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан бир айга 3000 сомдон эсептелинсин.

4. Муниципалдык аялдамалардагы жарнама лайт-бокстордун ижара акысы   базар баасына жакындаштырылып келишим баада ижарага берилет, бирок 1 даана жарнама лайт-бокстун ижара акысы айына 1000 сомдон кем болбош керек.

5. Муниципалдык 6х3 көлөмдөгү жарнама калканчалардын ижара акысы базар баасына жакындаштырылып келишим баада ижарага берилет, бирок 1 тарабынын ижара акысы айына 3000 сомдон кем болбош керек.

6. Муниципалдык Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин Ош шаарынын мүлкүнө орнотуу жана пайдалануудагы келишимдер боюнча акыны аныктоо максатында төмөндөгүдөй аймак зоналарына бөлүнгөн (депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 10.02.2016-ж. №323 токтому)

7. Ош шаарынын мүлкүндөгү сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрү, транспарант-тартмалардан сырткары келишимдеги көрсөтүлгөн мезгилдер үчүн алынат жана алар жылдар, айлар (1/12 жылга), күндөр (1/365 жылга) боюнча эсептелинет. Транспарант-тартмаларды орнотуу үчүн акы жарнактык сүрөттөрдү орнотудагы убакыт боюнча алынат, жана ал күн боюнча эсептелинет.

8. Ош шаарынын мүлкүндөгү сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмү, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.

Ош шаардык Кеңешинин

аппарат жетекчиси                                                                                                    К.Камчиев

КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ   КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

(IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары                                                    № 214                         2019-жылдын 25-декабры

Ош шаарынын экономикалык-пландоо

зоналарын жана Кз зоналдык 

коэффициентинин маанисин бекитүү 

жөнүндө

            Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 5-декабрындагы №418|/08-6, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2019-жылдын 6-сентябрындагы №032-03/39370, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктунун негизинде Ош шаарында үй жанындагы короо жай, багбанчылык жер участокторун жана айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык салуунун зоналдык коэффициентерине экономикалык-пландоо зоналарды өзгөртүү боюнча маселени карап берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы отурумунун №26 токтомун, ошондой эле  сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,  Ош шаардык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

 1.Ош шаарында калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн, салык салуунун зоналдык коэффициентинин мааниси жана экономикалык-пландоо зоналарынын чектери тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2.Бул токтом 2020-жылдын 1-январынан тартып жер салыктардын эсептөөлөрүнө таркатылары белгиленсин. 

3.Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы №296 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 

4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

         

            5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.

Ош шаардык  Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                       Ж. Ормонов


 




Ош шаардык Кеёешинин









2019-жылдын 25-декабрындагы кезектеги 









XXIV сессиясынын №214 токтомуна тиркеме















 Ош шаарында калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн  салык салуунун зоналдык коэффициентинин мааниси жана экономикалык-пландоо зоналарынын чектери 












Зоналдык коэффициенттер

Сүрөттөлүшү

Кыймылсыз мүл бирдигинин техникалык паспортунун     коду, жер участогунун актысынын номери






I

1,2

Шаардын борбордук аймагы. Түндүк тараптан Джим көчөсү. Чыгыш тараптан Як-Калик каналы, А. Шакиров көчөсү; Түштүк тараптан Нурматов көчөсү, М. Али-Джиннах көчөсү;  Батыш тараптан Ашхабад көчөсү, Молдониязов көчөсү, К-Датка көчөсү “Алай”мейманканасына чейин, Ленин көчөсү менен Шайит-Дөбөгө чейин борбордук базарды кесип өтөт, Яшлар көчөсү аркылуу андан ары Джим көчөсүнө чейин.

47,48,49,50,51,52,53,54,55,67,66,68,69,70,71,72,73,74,75,78,79,81,85,87,88, 195,196,197,198,210,211,212,213,214,216, 94,93,96,97,98,99,100,101,102,103,104,106,107,109,111,112,113,114,115,116,117,118,119,120,121,122,123,124,125,126, 127,128,129,130,131,132,133,135,136,137,139,141,147,150, 153,158,159,160,161,162,163,164,165,166,167,168,170,171,172,173,174,175,176,177,178,179,180,181,185,183,184,185,186,187,188,215,231,232,  1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,13,14,15,16,17,18,19,20,21,22,23,24,25,26,27,28,29,30,32,33,34,35,36,37,38,39,40,41,42,43,44,45,46,56,57,58,59,61, 189,190,191,192,193,194,198,199,200,201,202,203,204,205,206,207,208,209,217,218,219,220,221,222,223,227,228,229,230,233,234,235,236,237,238,241, 329,328,1005,1008






Геологдор шаарчасы Фрунзе базары. Резиденция. Түндүк тараптан Мамыров көчөсү,  Ашхабад көчөсү аркылуу М.Али-Джиннах көчөсүнө өтөт, Ак-Буура дарыясы "Жеткинчек” лагерине чейин; Түштүк тараптан "Жеткинчек” лагеринен Ак-Буура- Араван каналына чейин, каналды бойлоп Учар айылына чейин; Батыш тарабы Папан айылдык округунун аймагы менен чектешет.






Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы, мурдагы Жибек комбинатынын аймагы. Түндүк тараптан Гүлчө көчөсү: Чыгыш тараптан “Шарк” айылдык округу: Түштүк тараптан Ташкент көчөсү; Батыш тараптан Ак-Буура дарыясы Нурматов көчөсүнө чейин, Шакиров көчөсү. ОшТУдан Озгурдун көпүрөсүнө чейин, каналдын алдынан Ак -Бууранын жээгине чейин.






Аэропорт аймагы (авиа шаарчасы кирбейт) Батыш тараптан Ош районуна Салиева көчөсүнө чейин, Карасуу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн чектешкен жерине чейин, Түштүк тараптан Салиева көчөсүнө чейин, түндүк тараптан Мамлекеттик каттоо ишканасына чейин, И.Раззаков көчөсүнүн эки тарабы, Курманжан-Датка кичи районунун түндүк тарабындагы Ак-Буура дарыясынын жээги, ОшМУнун медицина факультетинин айланасы Ражапов жана Э. Ташполотов көчөсүнө чейин, Кабыл уулу Абий жана Автодорожник көчөлөрү Памир     тракт 1 км. Түштүк тараптан Ош-Бишкек көчөсү, облустук оорукананын  айланасы Батыш тараптан №2902 Автобазанын айланасы, аркадан Памир Алай АЗСне чейин 






II

1,1

Исанов көчөсү, Исанов туюк көчөсү. ОшТУдан Озгур айылына чейин.  Тутовая көчөсү Черемушка” аймагы Түндүк тараптан “Сулайман-Тоо”; Чыгыш тараптан Молдониязов көчөсү, Түштүк тараптан Мамыров көчөсү, Фергана көчөсүнө чейин. Андан ары Төлөйкөн айылдык округунун аймагы менен чектешет; Батыш тараптан “Төлөйкөн”, “Анар” кичи райондору. Шейит-Дөбө аймагы Түндүк тараптан “Достук” бажыканасы, өзбекстан Республикасынын чек арасына чейин; Чыгыш тараптан Ак-Буура дарыясы; Батыш тараптан Кызыл-Кыштак айылы 8-март көчөсүнө чейин; Түштүк тараптан Сулайман-Тоо,  Ак-тилек кичи району

62. 63, 64, 65,76,77, 80,82,83, 84,86. 89,90, 91,92, 93,94,95,96,104, 105,106,107,108,110, 239,                                                                                         240, 241, 242, 243, 244, 245, 246, 247, 248, 321, 134,137,138,140,142,143,144,145,146,148, 149,155,156,157.






III

1,0

“Анар”,”Төлөйкөн”, Кулатов кичи райондору, Көкүм бий көчөсү, Жапалак унаа базары

325, 326, 327, 330






IV

0,9

Манас-Ата аймактык муниципалдык башкармалыгы     жана өнөр-жай зонасы: Түндүк тараптан мурдагы Текстиль комбинаты жана ЖЭБ; Батыш тараптан магистралдык трубопровод Нариман айыл округунун жерлери менен областык балдар клиникалык ооруканасына чейин; Түштүк тараптан Джим көчөсү жана Беш-Көпүрө көчөсү; Чыгыш тараптан Т.Турсунбаева  көчөсү, темир жол жана Керме-Тоо кичи району. Авиа шаарчасы, Гулкайыр универмагынан Кара Суу районуна чектешкен жерине чейин

150, 151, 152, 153, 154, 169, 332, 328






V

0.8

Түштүк ,“Туран”кичи райондору: Түндүк-чыгыш-батыш тараптан Араван-Ак-Буура каналы; Түштүк тараптан Папан айылдык округунун "Керме-Тоо "айылы. Түндүк тараптан Айтиев көчөсү; Чыгыш тараптан Батыш көчөсү; Түндүк тараптан Төлөйкөн айыл өкмөтү менен чектешет; Батыш тараптан Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы менен чектешет. Калинин массиви: Түштүк тараптан “Южный” каналы; Чыгыш жана Батыш тараптан Шарк айыл өкмөтнүн жерлери менен чектешет.

224, 249,250,251,252,253,254, 286, 308, по 320,322,331






VI

0.7

Аэропорт аймагы: Түштүктөн Нариман айыл өкмөтүнүн жерлери; Түндүктөн Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүнүн жерлери. Амир-Темир аймагы: Түндүктөн “Южный” каналы, Чыгыштан “Шарк”айыл өкмөтүнүн жерлери; Батыштан“Муян” каналы, СМУ-ТТ аймагы. Керме Тоо айылы, Озгур айылы, Саргалчаев көчөсү

323, 324, 337






VII

0.3

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөйкөн, Озгур айылдары. Түштүк тараптан Төлөйкөн айылдык округунун жерлери; Түндүк тараптан Ош шаарынын жерлери, Ленин көчөсү; Батыш тараптан Араван-Ак-Буура каналы; Чыгыштан Ак-Буура дарыясы. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы. Чыгыштан Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн, Папан айыл өкмөтүнүн жана Ош шаарынын жерлери; Түштүктөн Ноокат районун жерлери менен чектешет; Батыштан Араван районунун жерлери менен чектешет, Түндүктөн атайын багыттагы жерлер чектешет. Эдельвейс дачасы, Горная поляна дачасы , Мады       6 км, Ачы, Жибек -жолу аймактык муниципалдык башкармалыгы менен Шарк айыл  өкмөтүнүн жана Амир-Темур кичи районунун   чектешкен жерине чейин 

60, 225, 335, 338, 339, 340, 341, 344,1007, 1008 1001, 1002, 1003, 1004, 1005, 1006, 1008, 1009, 1010, 1011, 1012, 1013
























Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси:                                                                                                                      К.Камчиев



























КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ   КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

(IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

                                                                                                                              

Ош шаары                                                 № 215                      2019-жылдын 25-декабры  

Ош шаарынын А.Шакиров 

көчөсүнүн №108/2 дарегиндеги

жалпы аянты  3073,56  чарчы   метр

жер тилкесинин фукционалдык

чөлкөмдөштүрүүсү жөнүндө

            Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 5-декабрындагы №1308/08-4 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №51 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын А.Шакиров  көчөсүнүн №108/2 дарегиндеги жалпы аянты  3073,56  чарчы   метр жер тилкесинин Ош шаарынын башкы планындагы “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактар” функционалдык чөлкөмүнөн “Көп кабаттуу турак жайлар” функционалдык чөлкөмдөштөрүүсүнө өзгөртүүгө, мыйзам талаптарын аткаруу шарты менен, макулдук берилсин.

2.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):

- аталган маселе боюнча Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтуна сунуш жөнөтүү;

- курулуштарга уруксат берүүдө аталган жер тилкесинин шаар куруу түйүнүн эске алуу тапшырылсын.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык 

жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                   Ж.Ормонов


КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ   КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

(IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары                                                 № 216                       2019-жылдын 25-декабры

Ош шаарындагы аты жок

көчөгө аталышты ыйгаруу

жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 2-августундагы №275/08-6 катын, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү атуулдардын жана эмгек жамааттарынын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2017-жылдын 1-мартындагы №4 протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө»     мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 28-августундагы №42 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1.Ош шаарынын Тээке айылындагы аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Токо Балтабаевдин ысымы ыйгарылсын (карта тиркелет).

2. Көчөнүн аты жазылган көрнөк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) тапшырылсын.

            3. Көчөлөрдүн аттары жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) тапшырылсын.

4.Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (И.Сансызбаев), шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Токошов) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.

5.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                   Ж.Ормонов


КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ   КЕНЕШ

               ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ХXIV СЕССИЯСЫ

(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

Т О К Т О М

Ош шаары     № 217     2019-жылдын 25-декабры

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 

кошумча акча каражаттарды бөлүп 

берүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын, жашоочулардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы отурумунун №25, 2019-жылдын 11-декабрындагы №28 жана 2019-жылдын 18-декабрындагы №31 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

1.Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин. 

2.Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №306 дарегинде 7 бөлмөлүү муниципалдык имаратта жайгашкан “Жамгыр балдары” коомдук кайрымдуулук фондун 2020-жылга карата ижара акысынан  бошотууга макулдук берилсин. 

3.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарды мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу жүктөлсүн. 

4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин  бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин

төрагасы                                                                                                  Ж.Ормонов

Ош шаардык Кеңешинин
2019-жылдын 25-декабрындагы    кезектеги  XXIV  сессиясынын 
№217 токтомуна  тиркеме
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы   отурумунун №25 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
Ош шаарынын мэриясына:
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну, физик ойлоп табуучу А.Пирматовдун ойлоп тапкан жаңы техникасынын макетин жасаганга жана Кыргызпатенттен катталууга жардам иретинде;
-100,0 миң сом акча каражатын Озгур айылынын тургуну А.Эркебаевге Индия мамлекетине боорун алмаштырууга баруусу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн 3-8 үйүнүн тургуну Б.Кадырованын кызынын жана неберелеринин дарылануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн №22 «Б» үйүнүн №38 батиринин тургуну А.Кадырованын баласынын дарылануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын тургуну С.Шарипованын дарылануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Бабур атындагы көчөнүн №14 үйүнүн тургуну К.Сабиржановдун үйүнүн өрттөнүп кеткендигине байланыштуу турак-жайын калыбына келтирүү үчүн материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Бабур атындагы көчөнүн №16 үйүнүн тургуну А. Каримовдун үйүнүн өрттөнүп кеткендигине байланыштуу турак-жайын калыбына келтирүү үчүн материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Бабур көчөсүнүн №18 үйүнүн тургуну М.Садыковдун өрттөнүп кеткен үйүн калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Калмурзаев көчөсүнүн №5 үйүнүн тургуну, I топтогу майып Ш.Пазыловага жергиликтүү бюджеттен материалдык жардам иретинде. 
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалына:
-60,0 миң сом акча каражаты Кеңеш айылынын Р.Ташкулов көчөсүндөгү электр мамычаларга траверс  алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде.
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 11-декабрындагы   отурумунун №28 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Жергиликтүү бюджеттин  2019-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен Ош шаардык билим берүү башкармалыгына:
-150,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын №33 балдар бакчасынын эскирген терезелерин пластик терезелерине алмаштыруу үчүн;
-80,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын №16 балдар бакчасынын короосунун айланасына суу лотокторун орнотуу үчүн. 
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 18-декабрындагы   отурумунун №31 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетиндеги өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатынын эсебинен 1 500,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор муниципалдык ишканасына, Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү жолдун курулуш иштери үчүн.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат
жетекчиси                                                                                                     К.Камчиев                                                                                            

КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ

(IV  ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары                                                   № 218                  2019-жылдын 25-декабры

Ош шаардык Кеңешинин

аппаратынын түзүмүн 

жана штаттык санын 

бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын                    23-октябрындагы №730 “Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Ош шаардык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмү 1-тиркемеге жана штаттык санына  2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы №194 “Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

            3.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

            4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиевге жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                 Ж.Ормонов 

                                                                                                                    Ош шаардык Кеңешинин 

                                                                                                                   2019-жылдын 25 -декабрындагы   

                                                                                                                     кезектеги  ХХIV сессиясынын №218

                                                                                                                   токтомунун  2-тиркеме

Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын аппаратынын штаттык саны

Кызматтык орундардын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны


Саясий муниципалдык кызматкерлер 


1.

Төрага

1

2.

Төраганын орун басары

1

3.

*Туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы

2


Бардыгы:

4


Административдик муниципалдык кызматкерлер


1.

Аппарат жетекчиси

1

2.

Бөлүм башчы

3

3.

Башкы адис

5

4.

Жетектөөчү адис

5

5.

Адис

1


Бардыгы:

15


Техникалык тейлөө персоналы


1.

Башкы эсепчи

1

2.

Кабылдаманын катчысы

1

3.

Чарба башчысы

1

4

Инженер-программист

1


Бардыгы:

4


Кичи тейлөө персоналы


1.

Тазалоочу

1


Бардыгы:

1


ЖЫЙЫНТЫГЫ:

24

*Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине ылайык шаардык Кеңештин чечими боюнча туруктуу комиссиялардын экиден ашпаган төрагалары өз ишмердүүлүгүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзө алышат. Акы төлөнүүчү төрагалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

Ош шаардык Кеңешинин 

аппарат жетекчиси                                                                                              К.Камчиев


 
КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕЁЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ   КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

(IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары                                                    № 219                         2019-жылдын 25-декабры

Ош шаардык аймактык шайлоо

комиссиясынын резервине

талапкерлерди көрсөтүү

жөнүндө

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна” ылайык жана мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 18-декабрындагы  №19 токтомун эске алуу менен, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмеси тиркемеге ылайык көрсөтүлсүн. 

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиевге жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин

төрагасы                                                                                                     Ж.Ормонов


                                                                                                                                                                                                                                                                  Ош шаардык Кеңешинин  

2019-жылдын 25декабрындагы

                                                                                                                                                                                              № 219- токтомуна тиркеме

Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин 

ТИЗМЕСИ

Фамилиясы, аты, атасынын аты 

Туул-ган жылы, айы, дата-сы

Билими

Улуту

Жынысы

Иштеген жери, ээлеген кызмат орду

Шайлоо системасын-да иштеген тажрыйбасы 

(жыл, ай)

Ким тарабынан көрсөтүлгөн

Жашаган дареги, 

уюлдук телефон номери

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

1.

Мурзакулова Чолпон  Алимжановна

14.04.

1970

Жогорку

кыргыз

аял

ОГПИ, окутуучу

катышкан эмес

Курманжан Датка көч. 142 үйүнүн тургундарынын атынан

Ош шаары, Курманжан Датка көч.142-29

0770 310437

2.

Абдрасулова Жыпар Анарбековна

02.03.

1986

Жогорку,

кыргыз

аял

Убактылуу иштебейт

катышкан эмес

Мамыров көч 107-үйүнүн тургундарынын атынан

Ош шаары, Мамыров көч.

107үйү,26-батир

0778 008668

3.

Матмуратова

Хурматай Юнусовна

03.03.

1982

Жогорку

кыргыз

аял

№27 орто мектебинин  мугалими

 катышкан,

2 жыл 

Салиева көч.18-үйүнүн тургундарынын атынан

Ош шаары, Салиева көч.

18-үй-15 батир

0778 570352

4.

Жунусбаева Апиза

16.07

1957

Атайын-орто 

кыргыз

аял

ОшМУ, тарбиячы

катышкан эмес

№4 «Манас Ата» муниц.аймактык башкармалыгынын жамааты

Ош шаары, Раимбеков көч.

15-үйү, 1 батир

0551-160657

5.

Азимова Гулирана Ахматовна

07.04.

1985

Жогорку

өзбек

аял

№53 орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары

катышка 

2 жыл

№ 53 орто мектебинин эмгек  жамааты

Ош шаары, 

Массив Калинин 170 үйү, тел:0550101204

6.

Исакова Шохида Иргашбаевна

28.10.

1982

Жогорку

өзбек

аял

№1 Федченко орто мектебинин тарых мугалими 

катышкан эмес

№1 Федченко жамаатынан

Ош шаары, 

Айни көч.170 үйү, 

0555 822882

7.

Мирзаев Замирбек Абидович

12.09.

1978

Орто

кыргыз

эркек

Кварталдык комит.төргасы

катышкан 

1 жыл

№6 «Курманжан Датка» муниц.аймактык башкармалы-гынын жамааты

Ош шаары, Ташкент көч.6

Тел:0778 689541

8.

Сатыбалдиева Аида Амангелдиевна

09.05.

1976

Жогорку

кыргыз

аял

“Аранко” Коомдук фонду

катышкан эмес

“Аранко” Коомдук фондунун жамааты

Ош шаары, Панфилов көч.

31-үйү,

Тел:0770 439676

9.

Илиязов Мухамед Кубанычбе-кович

22.04.

1990

Жогорку

кыргыз

эркек

Ош кырг-өзбек университети, окутуучу

катышкан эмес

№3 «Керме Тоо» муниц.аймактык башкармалыгынын жамааты

Ош шаары, Салиева көч.44б-2

0558 188117,

0772 310194

10.

Камчыбек уулу Амантур

28.08.

1991

Жогорку

кыргыз

эркек

Ош шаардык Кеңеши

катышкан эмес

Ош шаардык Кеңешинин эмгек жамааты

Ош шаары, Гулбаар-Төлөйкөн айылы, Малабеков көчөсү №жок

Тел:0553 909015

11.

Аматов Жоомарт Талантбекович

05.05.

1994

Жогорку

кыргыз

эркек

Жеке ишкер

катышкан эмес

№3 «Керме Тоо» муниц. аймактык башкармалыгынын жамааты

Ош шаары, 

Анар 19-26

0773 765590

12.

Барынбаев  Санжарбек Мусаевич

24.09.

1991

Жогорку

кыргыз

эркек

Убактылуу иштебейт

катышкан эмес

Жапалак муниц. аймактык башкарм. Орке айылы,Орке көч. Тургундарынын жамааты

Ош шаары, Жапалак муниц. аймактык башк. Орке айылы,Орке көч.№6. тел.0222 200035

13.

Исмаилова Авазхан

11.04.

1956

Орто

кыргыз

аял

Убактылуу иштебейт

катышкан эмес

Орке айылы, 

Орке көч. тургундарынын жамааты

Ош шаары, Жапалак муниц. аймактык башк.Орке айылы, Н.Казыев  көч.№6. 

тел:0773 273592

14.

Хафизова Хилола

Хикматиллаев-на

31.01.

1972

Жогорку 

өзбек

аял

Убактылуу иштебейт

катышкан эмес

С.Рахимов көч. жашоочулардын атынан

Ош шаары, С.Рахимов көч. 

№60-үйү

Тел:0706 310172

15.

Мадазимова Ыкболай Номанжановна

06.03.1959

Орто

өзбек

аял

Убактылуу иштебейт

катышкан эмес

М.Ишматов көч. тургундарынын атынан

Ош шаары, М.Ишматов көч.1в

Тел:0554 564646

16.

Шерматов Элдос Олжобаевич

17.12.1994

Жогорку 

кыргыз

эркек

№1 “Туран” МАБ -юрист

катышкан 

1 жыл

№1 «Туран» муниц.аймактык башкармалыгынын жамааты 

Ош шаары, Төлөнөв көч.12-3

Тел:0773 111235

17.

Нурмамбетова

Миргуль Сапарбаевна

30.07.

1980

Жогорку

кыргыз

аял

 №27 орто мектебинин  мугалими

катышкан эмес

Салиева көч.

18-үйүнүн тургундарынын атынан

Ош шаары, Салиева көч.18-үйү, 35 батир

0779 173347

18.

Нурматова Гүлүмкан Чөкөйевна

25.10.

1968

Жогорку

кыргыз

аял

Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси

катышкан эмес

Ош шаарынын мэриясынын эмгек жамаатынын атынан

Ош шаары, Т.Атабаев көчөсү, 154-үйү, 307-батир

0555 115 288

19.

Пайзилдаев Муктар Пайзилдаевич

21.12.

1953

Жогорку

кыргыз

эркек

Ош облустук балдардын чыгармачылык 

Борборунун  усулчусу

катышкан

 5 жыл

Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун  эмгек жамаатынан

Ош шаары, Бекбалаев көч. 11-үйү, 1 батир

Тел:0772 918105;

0551 474636

20.

Кадыров Расулбек Шеркулович

20.03.

1958

Жогорку

кыргыз

эркек

КР БШКсынын атайын өкүлү

катышкан 

5 жыл

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын жамаатынан

Ош шаары, Карасу району,Төлөйкөн айылы, Коргон участогу,

0772 600857;

0552 035170

21.

Арынбаев Эралы Калилович

01.07.

1978

Жогорку

кыргыз

эркек

ОГПИ, бөлүм башчы

катышкан

 2 жыл

ОГПИ эмгек жамаатынан

Ош шаары, Бадыгин көч. 10 үй, 13 батир

Тел:0772 728050

22.

Омурбекова Каныкей Мыктыбековна

07.09.

1974

Жогорку

кыргыз

аял

 “Келечек мекени” коомдук фондунун аткаруучу директор 

катышкан 

5 жыл

“Келечек мекени” коомдук фондунун жамаатынан

Ош шаары, Масалиев кең көч. 95-8 тел: 0551 579005;

0770 722306

23.

Муратов Абдижалил Абдыразакович

20.01.

1959

Жогору

кыргыз

эркек

ОшГУ, Жалпы хирургиянын кафедра башчысы

катышкан 

5 жыл

Кафедра жамаатынан

Ош шаары, Ул.Ынтымак 10; тел: 0773 983547, 0559 060657

24.

Мадалиев Таланбек Таирбекович

24.09.

1987

Жогорку

кыргыз

эркек

Ош шаардык     клиникалык ооруканасынын, хирургия бөлүмүнүн  врач-хирургу

катышкан эмес

Ош шаардык клиникалык оорукананын, хирургия бөлүмүнүн жамаатынан

Ош шаары, Анар 10-19 

тел: 0557 181719

25.

Мамажанова Зарина Шакарбековна

26.02.

1995

Жогорку

башкырт

аял

Дене тарбия жана спорт комитети, тренер

катышкан эмес

Дене тарбия жана спорт комитетинин эмгек жамаатынан

Ош шаары, Раззаков көч.20-31, тел: 0559092659

26.

Касымбеков Бөрүбай

Кадырович

30.10.

1962

Жогорку

кыргыз

эркек

ОГПИ, ага окутуучу

катышкан эмес

ОГПИ эмгек жамаатынан

Ош шаары, Достук кичи району 45 көч, 24 үйү, 

тел: 0773 477442

27.

Уразалиева Бусалияхон Ураимовна

25.08.

1957

Орто

кыргыз

аял

пенсионер

катышкан 

2 жыл

Мушкетов көч. жашоочуларынан

Ош шаары, Мушкетов көч. 1а, 1батир

Тел: 0558 368836;

0707 592017

28.

Кадыров Жыргалбек Ибрагимович

27.05.

1988

Жогорку

кыргыз

эркек

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы, уюштуруу усулдар иштери боюнча директордун орун басары

Катышкан 

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын эмгек жамааты

Ош шаары, Матор көч.12 үйү, 2-батир, тел:0556 613661

Аппарат жетекчиси                                                                                                                               К.Камчиев 


КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ   КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

(IV   ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары                                                    № 220                      2019-жылдын  25-декабры

Ош шаардык Кеңешинин

2020-жылга карата иш 

планын бекитүү жөнүндө

Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын жана сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуштарынын эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиевге жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин

төрагасы                                                                                                     Ж.Ормонов


                 Ош шаардык Кеңешинин                                                                                                                                                                   

2019-жылдын 25-декабрындагы

кезектеги XXIV сессиясынын

     №220 токтомуна тиркеме  

Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылга карата 

ИШ  ПЛАНЫ

                         Маселелердин аталышы

 Мөөнөтү

          Аткаруучулар жана жооптуулар

  1.   КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯЛАРДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕР

  1.

Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жыл-дарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө

I квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

  2.

Ош шаардык мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун аткарып жаткан иштери жөнүндө

I квартал

Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

  3.

Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматтарын угуу

I квартал

Мыйзамдуулук,  укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

  4.

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жана А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунун  ишмердүүлүгү жөнүндө

I квартал

Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

  5.

«Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

I квартал

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

  6.

Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин     алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош филиалынын аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу

I квартал

Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

 7.

Ош шаарын 2019-2020-жылдарда өнүктүрүү  “Туруктуу өнүгүүгө багыт” программасынын 2019-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчетун угуу

II квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

  8.

Атайын адистештирилген «Ош-Тазалык» жана «Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканаларынын аткарылган жана аткарып жаткан иштери жөнүндө

II квартал

Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

  9.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча аткарып жаткан профилактикалык иш чаралары жөнүндө

II квартал

Мыйзамдуулук,     укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

 10.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун Ош аймактык башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

II квартал

Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

 11.

Ош шаардык мэриясынын шаардагы  инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө

II квартал

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

 12.

Ош  шаарынын мэриясынын ипотекалык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

II квартал

Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

 13.

Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы жана мамлекеттик салык кызматынын Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө

III квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

  14.

Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгын кароо жөнүндө

III квартал

Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба  жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

  15.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  патрулдук милиция бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери боюнча маалыматын угуу

III квартал

Мыйзамдуулук,     укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

16.

Ош шаардык маданият башкармалыгынын жана Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын     аткарган иштери боюнча маалыматын угуу

III квартал

Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

 17.

Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндө

III квартал

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

  18.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу, алып салуу багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө

III квартал

Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

  19.

“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун Ош облустук филиалы жана шаардагы мобилдик байланыш мекемелеринин аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарын угуу

IV квартал

Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба  жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

  20.

Ош шаарынын мэринин 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчетун угуу

IV квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

  21.

Ош шаардык Кеңешинин 2019-2020-жылдардагы     мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча  туруктуу депутаттык комиссиясынын токтоморунун аткарылышы жөнүндө

IV квартал

Мыйзамдуулук,  укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

  22.

Ош шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын ишмердүүлүгү жөнүндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматын угуу

IV квартал

Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

  23.

Ош шаардык мэриясынын шаардагы ички жана тышкы мигранттарды каттоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө

IV квартал

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

  24.

Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө

IV квартал

Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы

II. ПРАКТИКАЛЫК ИШ ЧАРАЛАР

  1.

Сессияда карала турган материалдарды  жерине чыгуу менен сапаттуу жана өз убагында даярдоо

 Иш план боюнча

 Туруктуу депутаттык комиссиялар,

 Шаардык Кеңештин аппараты

  2.

Ош шаарын     2018-2020-жылдарда өнүктүрүү «Туруктуу өнүгүүгө багыт» программасынын  аткарылышын көзөмөлдөө  

Ар бир жарым жылдыкта

Туруктуу депутаттык комиссиялар

  3.

Башкаруу органдары,     эл аралык жана  өкмөттүк эмес  уюмдар  уюштурган     семинарларга жана тегерек столдорго активдүү катышуу

Чакыруу боюнча

Туруктуу депутаттык комиссиялар,

 Шаардык Кеңештин аппараты

  4.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча  Кыргыз Республикасынын  шаардык

кеңештери  жана чет өлкөлөр менен  тажрыйба алмашуу

 Жыл ичинде

Туруктуу депутаттык комиссиялар,

 Шаардык Кеңештин аппараты

  5.

Эң маанилүү  деп эсептелген  маселелер боюнча коомдук угууларды уюштуруу

Зарыл

болгондо

 Туруктуу депутаттык комиссиялар

 Шаардык Кеңештин аппараты

  6.

Шайлоочулар менен     жолугушууда айтылган     кайрылууларды жана сунуштарды, алардын аткарылышы  жөнүндөгү маалыматтарды  шаардык Кеңештин  веб-сайтына     жайгаштыруу

Ар бир жолугушуудан кийин

 Депутаттык фракциялар,

 Шаардык Кеңештин аппараты

  7.

Сессиянын жүрүшүндө айтылган  сын пикирлерди  жана сунуштарды  жалпылоо, аткаруу үчүн аларды  шаардык мэрияга жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жөнөтүү

Ар бир сессиядан кийин

  Шаардык Кеңештин  аппараты

  8.

Шаарда өткөрүлө турган     маданий массалык жана спорттук     иш-чараларга активдүү катышуу

Ар дайым

  Шаардык Кеңештин  депутаттары

  Шаардык Кеңештин аппараты

  9.

Шаардык Кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдорду  шаардык Кеңештин веб-сайты,  массалык маалымдоо каражаттары аркылуу  калкка жеткирүү

Ар дайым

  Шаардык Кеңештин аппараты

 10

Шаардык Кеңешке келип түшкөн кайрылууларды, каттарды жана арыздарды өз убагында  кароо жана  жыйынтыгын     ээлерине  билдирүү

Мыйзам

чегинде

  Туруктуу  депутаттык     комиссиялар,

  Шаардык Кеңештин аппараты

11.

Шаардык Кеңештин кабыл алган токтомдорунун аткарылышы боюнча маселелерди  отурумда  кароо

Ар бир жарым     жылдыкта

Туруктуу депутаттык комиссиялар

12.

Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү

Графикке ылайык

Депутаттык фракциялар

                     Аппарат жетекчиси                                                                                                                                 К.Камчиев                                        


 КЫРГЫЗ   РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                      ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ

(IV  ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары            №221                    2019-жылдын 25-декабры

Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын

коомдук башталыштагы орун басары   

Э.С.Туленбаевди  ээлеген кызмат 

ордунан бошотуу жөнүндө  

       Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары Туленбаев Эмиль Советбекович ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө  өз арызын  бергендигине   байланыштуу,  Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 32-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

     1.Туленбаев Эмиль Советбекович Ош шаардык Кеңешинин   төрагасынын  коомдук башталыштагы орун басары кызматынан  бошотулсун.

       2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына  жарыялансын (С.Маматалиева).

     3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин   аппарат жетекчиси   К.Камчиевге тапшырылсын.

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                     Ж.Ормонов


 КЫРГЫЗ   РЕСПУБЛИКАСЫ  КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                      ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ

(IV  ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары                                                     №222                     2019-жылдын 25-декабры

Ош шаардык Кеңешинин

төрагасынын коомдук

башталыштагы  орун басарын

шайлоо  жөнүндө

       Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин  26-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун  сунушун  карап жана талкуулап,  Ош шаардык Кеңеши

                                          Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

       1.Ош шаардык Кеңешинин «Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Касымов Равшанбек Осмоналиевич Ош шаардык Кеңешинин  төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп  шайлансын.

       2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына  жарыялансын (С.Маматалиева).

     3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси   К.Камчиевге  жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                     Ж.Ормонов


КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ   КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ 

(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

ТОКТОМ

Ош шаары                                                     № 223                     2019-жылдын 25-декабры  

 «Ош шаарынын Ардактуу атуулу»

наамын ыйгаруу жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы    №386/08-6 катын, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу»  наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2019-жылдын 28-майындагы №2 протоколун карап жана талкуулап, депутаттардын Ош    шаардык  Кеңешинин   2007-жылдын    15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №52 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгынын 2019-жылдын 25-декабрындагы №2 протоколун эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаарынын төмөндөгү атуулдарына «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын: 

-Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы Алимбеков Давлетбек Каарыевичке;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы, милициянын полковниги  Анарбаев Гуламжан Сатвалдыевичке.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                      Ж.Ормонов                                                                                                                                                                                     

                                                                                         

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)