Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Элибиздин саламаттыгы биринчи кезекте!

Элибиздин саламаттыгы биринчи кезекте!

22 март 2020, Воскресенье
1 668
0

Урматтуу Ош шаарыбыздын тургундары!


Дүйнө жүзүн каптап, жалпы адамзаттын жашоосуна дүрбөлөң салган коронавирус биздин да өлкөдө катталгандыгы өкүнүчтүү. Бул илдетке каршы күрөшүү жана анын алдын алуу милдети баарыбызга жүктөлүп турат. Мындай оор кырдаалда мамлекетибиздин башкы милдети-жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо экендигин Кыргыз Республикасынын Президенти  тарабынан баса белгиленди.

Коомчулукта илдеттин алдын алуу максатында мамлекеттик деңгээлде жана шаарыбызда атайын штаб түзүлүп, тиешелүү аракеттер жүргүзүлүп жатат. Айрыкча баса белгилеп кете турган саламаттык сактоо кызматкерлери, ички иштер органдарынын кызматкерлери тикеден-тике туруп элибиздин ден-соолугуна кам көрүү максатында түнү-күнү өз жумушун аткарып жатышат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аларга чоң ыраазылык айтамын. 

Бул илдетти жок кылууга биздин бардык мүмкүнчүлүгүбүз бар жана дараметибиз жетет. Андыктан, урматтуу шаардыктар, эң негизгиси - баарыбыз биримдикте жана ынтымакта болуп, илдетке каршы көрсөтмөлөрдү жарандык милдеттерибиз катары так аткарып, элди дүрбөлөңгө салган провокацияларга алдырбай, ар бирибиз өз үйүбүздө тазалыкты сактап, сабыр кылып, Жараткандан саламаттыкты тилеп, илдетке каршы аракеттерди аткарышыбыз керек. 

Урматтуу шаардыктар!

Өзгөчө үй карантининде отурган ар бир балага жана тууган-урукка карата ата-энелик кам көрүүнү, зарылчылыгы жок көчөгө чыкпай, талап кылынган нормаларды сактоого чакырам.  

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, сиздерди, урматтуу оштуктар жана шаарыбыздын коноктору, тартипти бекем сактап, жарандарга коюлган эрежелерди так аткарып, өздүк  гигиенаны сактап, бул жаман илдеттен арылууга ар бирибиз атуулдук парзыбызды аткарып, салым кошууга чакырабыз.


Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                        Ж.Ормонов

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)