Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз

Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз

04 май 2020, Понедельник
1 477
0

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан  5-май улуу мамлекетибиздин Конституциясынын күнү менен куттуктаймын! Мындан 27 жыл мурда өзүн эркин жана демократиялуу мамлекет катары дүйнө өлкөлөрүнүн катарында бекемдөө максатында мамлекетибиздин баш мыйзамы болгон Конституциябыз кабыл алынган. Конституцияга ылайык, Кыргызстандын эли бийликтин ээси, эркиндиктин алып жүрүүчүлөрү катары татыктуу жашоодо келе жатат. Андыктан баарыбыз ушул бейиштей жерибизде эркиндикте, көз карандысыз мамлекеттин биримдүү эли катары, кылымдарды каарытып ынтымакта жашайлы. Дайыма элибиз амандыкта, жерибиз тынчтыкта болсун! Улуу мамлекетибизде туруктуулук болуп, Кыргызстаныбыз өнүгүп өсө берсин! Асманыбыз ачык, пейлибиз кенен, дилибиз таза болсун! 

Майрамыңыздар кут болсун!

Урматто менен,

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы Жапарбек Ормонов

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)