Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Төрага Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган маарекелик онлайн иш-чарасына катышты

Төрага Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган маарекелик онлайн иш-чарасына катышты

28 май 2020, Четверг
1 470
0

Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган маарекелик онлайн иш-чарасына катышып расмий куттуктоосун билдирди. 


Урматтуу Ош мамлекеттик Университетинин профессордук-окутуучулук жана студенттик жамааты!


Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан Сиздерди окуу жайдын 80 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктайм!

Ош мамлекеттик Университетинин мамлекетибиздин социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы өтө жогору экендиги талашсыз. 

Биз, окуу жайдын Орто Азиядагы өнүккөн университеттердин катарында турган бийик аброю менен сыймыктанабыз. 

Себеби, университеттин тарыхы бай жана баалуу. Сиздердин чыгармачыл аракетиңиздердин алдында санариптештирүү жана жаңы технологияларды пайдалануу боюнча республикада окуу жай биринчилерден болуп келе жатат. 

Акыркы жылдары заманбап окуу корпустары, бардык шарттары бар жатаканалар, китепканалар, клиникалар, спорт комплекстери курулуп шаарыбыздын инфраструктурасына байкалаарлык салым кошулду. 

Көп жылдык эмгек бааланып «Даңк» ордени, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында 1-орун, Кытай Эл Республикасынын дүйнөдөгү Конфуций институттарынын жыйынында «эң мыкты» деп табылып Алтын медаль, Кыргыз Республикасынын билим сапатын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Сапат» сыйлыгына татыктуу болдуңуздар.  

Окуу жайдын негизги дагы бир приоритеттүү багыттарынын бири болгон – жаштарды инсандык баалуулуктарга, адеп-ахлактуулукка жана улуттук маданиятка тарбиялоо аракеттери жакшы жолго коюлгандыгы коомубуз үчүн маанилүү.

Андыктан  ордолуу шаарыбызда көп жылдык жигердүү эмгеги менен сый-урматка ээ болгон окуу жайга, педагогикалык жамаатка -коомчулуктун алдында өзгөчө кадыр-баркка ээ болууну, чыгармачылык менен илим-билимге умтулган жаштарга - турмуштун ар тараптуу жолун татыктуу, талыкпаган аракетти, жоопкерчиликти жана улуу ийгиликтерди каалайм. 

Өлкөбүздүн илим-билимге умтулган келечектеги жаштардын тилегин орундаткан улуу инсандардын катарын дайыма толуктап жүрө беришиңиздерге тилектешмин. 

    Дүйнө жүзүндө болуп жаткан оор илдеттин айынан жарыяланган пандемиянын кесепети жергебизде да орун алып тилекке каршы аралыктан байланышып, салтанаттуу аземдерди шартка ылайык онлайн түрүндө өткөрүүгө туура келип олтурат. 

    Бирок биз мындай оор учурларды көп жолу баштан өткөрүп, жеңип чыкканбыз. 

Бул жолу да жакшы ой-тилектер менен, чымырканган аракеттер менен ишибизди токтотпой жакшы ийгиликтерге жете алдык деп айта алам.

Окуу жайдын кечээгиси, бүгүнкүсү, эртеңкисин ойлоп, тынчсызданып, жаңы идеялар жана жаңы көз караштар менен бийик деңгээлге көтөрүүдө профессордук-окутуучулук жамааттын баалуу эмгектери үчүн жалпы эл өкүлдөрүнүн атынан терең ыраазылык билдирем.

Мааракеңиздер кут болсун!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)