Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү

21 сентябрь 2018, Пятница
3 328
0
Бүгүн, 2018-жылдын 21-сентябрында Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү   өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча  туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Отурумду комиссиянын төрагасы А.Каримбеков алып барып, депутаттар  Х.Исмаилов, Б.Арзибаев, Т.Шаванов,  тиешелүү ишкана-мекемелердин жетекчилери катышышты.
Отурумдун күн тартибинде Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын III кварталынын  иш планына ылайык үч маселе каралып,  аталган маселелер боюнча мекеме ишканалардын жетекчилери депутаттарга   аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат беришти.
Жыйынтыгында депутаттардын  сунуштарын эске алуу менен отурумдун чечиминин негизинде, күн тартибиндеги маселелердин бири отурумда каралып, экөө Ош шаардык Кеңешинин кийинки кезектеги  сессиясына сунушталды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)