Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ошто эл аралык жаштар форуму болдууда

Ошто эл аралык жаштар форуму болдууда

05 октябрь 2018, Пятница
72 923
0
Ош шаарынын күнүнө карата “Жаштар кербени 2018” жаштар форуму болууда. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын аймактарынан келген жаштар катышууда.
Форумда жаштарга тиешелүү болгон Миграция, адам сатууну алдын алуу темасында сөз болууда.
Форумда Ош шаардык Кеңешинин төрагысы, жаштардын демилгелери мындан ары да жыйынтык алып келүүчү иш чарага айланышы керек экендигине токтолду.
“Бүгүнкү форумдун жыйынтыгы менен бүткүл Кыргызстан, Казакстан мамлекеттериндеги жаштарга мигранттардын укугу, аларга болгон мүмкүнчүлүктөр туурасында жеткирүүчү акциялар, иш аракеттер көрүлүшү керек. Жаштардын мындай демилгелерин бийлик өкүлдөрү ар дайым колдоого даяр”, - деди Ж. Ормонов.
Форум, секциялар, талкуулар менен улантылды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)