Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынында мугалимдер күнү белгиленди

Ош шаарынында мугалимдер күнү белгиленди

08 октябрь 2018, Понедельник
3 581
0
Ош шаарынында мугалимдер күнү белгиленди
Ош шаарынын күнүн белгилөө менен удаа эле мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мектеп мугалимдер , шаар тургундары катышышты. 
Анда Ош шаардык Кеңешинин төрагасы үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар мугалимдерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.
Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм!
Билим берүү – азыркы учурда Кыргызстандын татыктуу ордун камсыз кылып, өлкөнү алдыга өнүктүрүүнүн башкы факторлорунун негизи болуп калды. 
Биз келечек ээлерин окутуу жана тарбиялоодо болгон күч аракетибизди жумшап, балдарды турмуштун оор маселелерин жеңип, билимин иш жүзүндө пайдалана билүүгө үйрөтүшүбүз керек. Мындай жигердүү аракеттер бизди алдыдагы зор ийгиликтерге жеткирет деп ойлойм.
Мугалим– биз сыймыктанган, өлкөбүздүн уюткусун түзгөн, ыйык инсан. 
Мугалимдин Кыргызстандын өсүп келе жаткан мууну үчүн, жогорку жоопкерчилик сезими менен билим берүүсү, чыгармачыл мамиле жасоосу, коомубузду заман агымына ылайык жаңылоодогу баалуу эмгеги деп эсептейм.
Себеби, өлкөнүн келечеги – билимдүү жана күчтүү коомдо экендигин, күн сайын жаңыланып, өзгөрүп жаткан заманыбыз далилдеп жатат. 
Биз, шаарыбыздын бюджеттик каражатынын 36% билим берүү тармагына жумшайбыз. Мектептер, балдар бакчалары курулуп, алар жаңы жабдуулар менен камсыздалып, информациялык технологиялар өздөштүрүлүүдө.
Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан өлкөбүз мектеп мугалимдеринин жана балдар бакчаларынын айлык акысын жогорулатууга ар тараптан мүмкүнчүлүктөрдү табууда. 
Билим берүүнүн программалары, талап-нормалары, азыркы көз-караш менен айкалышып, окуучулардын жана студенттердин кызыкчылыктарына карата өзгөртүлүүдө.
Урматтуу билим берүү кызматкерлери!
Сиздерге мүнөздүү болгон күч-кайрат, кесипкөйлүк жана жаратмандыкка умтулуу аркылуу, сиздер билим берүү системасынын алдында турган милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатасыздар. 
Сиздердин коомубузду калыптандыруудагы, балдардын руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүдөгү салымыңыздар зор. 
Окуу жана билим аркылуу гана адамдардын дилин агартып, жакшылыкты жамандыктан, жарыкты караңгылыктан ажыратып, бейпил турмушка кеңири жол ачууга болот. Билим болгон жерде маданиятсыздыкка жана акылсыздыкка жол жок. 
Эгерде мен турмушта бир нерсеге жетишсем, мында ата-энемдин гана эмес, мугалимдердин дагы эмгеги зор экендигин баса белгилеп айткым келет.
Андыктан сиздердин жемиштүү, эмгегиңиздер, кесибиңиздерге жана өлкөбүзгө берилгендигиңиздер үчүн, чын дилимден терең ыраазылык билдирем! 
Дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайм! 
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөдөгү жакшылыктарды жана мекенибиздин жаш жарандарын тарбиялоо ишинде чыгармачыл ийгиликтерди каалайм! 
Чоң рахмат!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)