Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү

24 октябрь 2018, Среда
3 423
0
2018-жылдын 23-октябрь күнү Ош шаардык Кеңешинин транспорт,жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумга шаардык Кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов катышып, отурумду комиссиянын төрагасы Бакыт Шоноев алып барды жана депутаттар Гүлмира Турдубаева, Равшанбек Касымов, Ашим Осмоновдордун катышуусунда күн тартибиндеги Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маселе талкууга алынды. Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери маалымат беришип, отурумдун жыйынтыгында аталган маселе Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.
 
 


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)