Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

17 декабрь 2020, Четверг
936
0



2020-жылдын 17-декабрында Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Каримбеков алып барды. Отурумга комиссия мүчөлөрү депутаттар, Б. Арзибаев, С.Анарбек уулу жана К.Уркунбаевдер катышышты. 

Отурумда шаардын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүктөрү, инвестиция тартуу, эл аралык жана коомдук уюмдар менен социалдык-экономикалык тармакты өнүктүрүүдөгү аткаруу бийлигинин жасап жаткан иштери боюнча талкуу жүргүзүлүп, эл өкүлдөрү тарабынан сын-сунуштар айтылды.    Отурумдун жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын мэриясына бир нече протоколдук тапшырмалар берилди.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)