Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

13 декабрь 2018, Четверг
2 970
0
2018-жылдын 13-декабрында Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров алып барды. Отурумдун күн тартибинде жалпы 9 маселе кирип, бардык маселелер каралды. 
Атап айтканда, Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен 200,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын ар түрдүү иш чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө бөлүп берүү маселе. Бул маселе туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан колдоого ээ болуп, сессиянын кароосуна сунушталды.
Андан сырткары  Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдагы иш-планы каралып, сессиянын кароосуна сунушталды.
Жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)