Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу комиссиянын отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу комиссиянын отуруму өткөрүлдү.

19 декабрь 2018, Среда
2 983
0
   2018-жылдын 19-декабрында Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу комиссиянын  отуруму болуп өттү.
Шаардык Кеңештин 2018-жылдын 30-октябрындагы №142 токтому менен Жобого өзгөртүү киргизүү сунушталган.  Аталган токтомдун аткарылышын касыздоо максатында шаардык Кеңештин төрагасынын 2018-жылдын 28-ноябрында №79 буйругу менен жумушчу комиссия түзүлүп, анын курамына шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы Б.Каналиев, “КСДП” фракциясынан депутат Р.Турдуев, “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Т.Жунусов, “Кыргызстан” фракциясынан Э.Өмүралиева, “Мекеним Кыргызстан” фракциясынан депутат А.Камалов, “Бир Бол” фракциясынан депутат С.Курбаназаров, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан С.Нуркамилова, шаардык Кеңештин аппаратынын айрым кызматкерлери  кирген. 
Отурумда комиссиянын мүчөлөрү тарабынан  “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылчылыгы талкууланып, Жобого киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү ар бир фракцияда талкуулоо чечими кабыл алынды.
Жумушчу комиссиянын кийинки отуруму 2019-жылдын 22-январына белгиленди.


Талкуулоо

Окшош жаңылыктар:

Пикир калтыруу
Пикирлер (0)