Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин 2018 – жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчету

Ош шаардык Кеңешинин 2018 – жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчету

23 январь 2019, Среда
3 447
0
Бекитилген иш планына ылайык, Ош шаардык Кеңеши жыл ичинде талаптагыдай иш алып барды. Жыл аралыгында Ош шаардык Кеңешинин кээ бир депутаттары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушкандыгына байланыштуу, алардын орду башка депутаттар менен толукталып, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын депутаты Ч.Аматовдун ордуна, О.Абдрахманов, «Бир бол» партиясынын депутаты А.Маметованын ордуна С.Курбаназаров, ушул эле партиянын депутаты А.Байгазаковдун ордуна Э.Кулназаров жана «Республика-Ата-Журт» партиясынын депутаты Ж.Азимовдун ордуна Т.Жунусовтор келишти. 
Ош шаардык Кеңешинин иш планына ылайык шаардык Кеңешинин депутаттары жана аппарат кызматкерлери тажрыйба алмашуу жана ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында Россия Федерациясынын  Новосибирск шаарында, Турция мамлекетинде, Германия демократиялык Республикасында жана мамлекетибиздин башка аймактарында болушуп, тажрыйба алмашуу менен бирге  шаардын өнүгүүсүнө багытталган бир нече долбоорлор жана сунуштар колго алынды.
           Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында түзүлгөн иш пландардын негизинде Кызыл-Кыя жана Бишкек шаардык Кеңештери менен тажрыйба алмашуу максатында шаарларды ар тараптан өнүктүрүү багытындагы пикир алмашуулар жүргүзүлдү. Мындан тышкары шаардык Кеңештин депутаттары спорт жаатын өнүктүрүү максатындагы иш чаралардын алкагында  Кара-Көл жана Бишкек шаарларында футбол боюнча өткөрүлгөн мелдештерге активдүү катышышып, байгелүү жеңиштерге жетише алышты. 
 Коомдук иш-аракеттерди жандандыруу максатында  “МЦ Интербилим” коомдук уюму менен биргеликте кол коюлган меморандумга ылайык, тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлдү. Ушул эле багытта “SmaiL.KG” коомдук уюму менен кызматташуулар жүргүзүлүп, биргелешкен социалдык долбоорлор ишке ашырылды. 
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Мамлекеттик протокол департаменти Баткен, Жалал-Абад  жана Ош  облустарынын жана Ош шаарынын  мамлекеттик жана  жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн  эл аралык иш-чараларды даярдоо жана уюштуруу, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын  тышкы саясат чөйрөсүндө  Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик органдарынын  өз ара кызматташуу  маселелери   боюнча  семинарлар өткөрүлүп, анда жаш эл өкүлдөрү жана аппарат кызматкерлери атайын окуудан өтүштү. 
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза, жоруктар, бузуулар, жазык аткаруу кодекстери боюнча кеңейтилген окутуу, усулдук семинары түштүк аймагы боюнча өткөрүлүп, ага Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, аппарат кызматкерлери активдүү катышышты. Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү жаңы кабыл алынган Кодексинин негизинде атайын жобо иштелип чыгып, Ош шаардык Кеңешинин №154 токтому кабыл алынды. 
Бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгон беренелерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда «Мамлекеттик жарандык кызмат  жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын алдындагы ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүү,  толуктоолорду киргизүүгө сунуштамаларды, ой-пикирлерди  кабыл алуу үчүн  жана тийиштүү маселелерди талкуулоо максатында усулдук жыйын өткөрүлдү. 
“Элдин күчү-күчтүү Кеңештерде” аттуу мэдиа планынын алкагында жыл башында шаардык Кеңештин ар бир  туруктуу депутаттык комиссияларынын мүчөлөрү ОшТВ телеканалында түз эфир аркылуу шаар тургундарынын суроолоруна жооп беришип, 2018-жыл ичинде кайрылуулардын жана аныкталган көйгөйлөрдүн негизинде иш жүргүзүштү. 
Бул багытта Ош шаардык Кеңешинин 6 туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү, эл өкүлү катары шаар тургундарына шаардык Кеңеште аткарылып жаткан иш-аракеттер жөнүндө кеңири маалымат беришип, түз байланыш аркылуу берилген ар бир көйгөйлүү маселени жеринде чечүү менен, алардын аткарылуусун көзөмөлгө алуу аракеттери ишке ашырылды. Жалпысынан 48 суроо берилип, анын ичинен 24 маселе аткаруу бийлигине ишке ашыруу үчүн милдеттендирилди. 
Ош шаардык Кеңешине жыл ичинде 1229 кат, кайрылуулар жана башка документтер келип түшкөн. Алардын ичинен 703ү мамлекеттик жана шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардан,  уюмдардан,   357си  башкаруу органдарынан  (Жогорку Кеңеш, КР Өкмөтү, Мамлекеттик агенттиктер, Ош шаарынын мэриясы) келген. Жарандардан 154 кат жана кайрылуулар  түшкөн. Алардын 40 пайызы  материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө,  20 пайызы турак-жай маселеси, коммуналдык шарттарды түзүү боюнча. Алар каралып, жыйынтыктары кат ээлерине билдирилди. Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын жеке кабыл алуулары уюштурулуп, жыл ичинде 170 жаран кабыл алынып, маселелердин чечүү жолдору аныкталды. 
Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын негизги милдеттери болгон шаар тургундары жана жалпы коомчулуктун кайрылуулары, сунуш-пикирлери боюнча иш жүргүзүүдө жеке кабыл алуулардан сырткары жалпы 1102 кирүү каттары кабыл алынып, 835 кайрылууга расмий жооп каттары берилди. 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы, депутаттары, аткаруу бийлиги менен биргеликте шаардагы “Жапалак”, “Туран”, “Манас Ата”, “Сулайман Тоо”, “Амир-Тимур” аймактык кеңештериндеги шайлоочулар менен жолугушушуп, аймактардагы көйгөйлүү маселелер менен таанышышты жана аларды чечүү жолдору  аныкталды.
       “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча  шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесине   жана   Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген   «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу  жөнүндөгү жобого»  ылайык, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын  резервине  документтер кабыл алынып, 38 кишинин документтери  тизмеге киргизилип,  ал боюнча   шаардык Кеңештин 2018-жылдын 7-февралындагы токтому  сурамжылоо   жолу менен кабыл алынды. Токтом жана ага тиркеме катары кеткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жолдонду.
         Жогоруда аталган «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө Жобого» ылайык, Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясынын  кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине   талапкерлердин документтери кабыл алынып,  талапкерлердин  тизмеси жана сапаттык курамы  түзүлүп,   аны бекитүү боюнча 2018-жылдын 21-ноябрында  сурамжылоо жолу  менен Ош шаардык Кеңешинин  токтому кабыл алынды. Токтом жана анын тиркемеси болгон участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкер 1223 кишинин тизмеси, сапаттык курамы шаардык аймактык шайлоо комиссиясына  тиешелүү документтер менен биргеликте  өткөрүлүп берилди.
       2017-2018-жылдары шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдор иликтенип, аткарылбаган токтомдордун себептери аныкталды. 2016-2017-2018-жылдары   депутаттар тарабынан  депутаттык наказ катары  коюлган маселелери  такталып,   шаардык мэрияга аткаруу үчүн  жөнөтүлдү.                
          Аймактык Кеңештерде аксалдар сотторун шайлоону өткөрүү графиктери түзүлүп, аксакалдар сотторун шайлоо боюнча түшүндүрмө берүү үчүн,  аймактык кеңештердин төрагаларынын катышуусунда  жыйын өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде шаардагы 12 аймактык кенештен жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар сотторунун курамы түзүлүп, алардын ичинен төрагалары шайланды. Шайланган аксакалдар сотторунун курамы жана төрагалары март айында шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде каттоодон өткөрүлүп, аларга расмий күбөлүктөр тапшырылды.  Аксакалдар сотторунун укук милдеттерин  мыйзам чегинде иш жүргүзүү  максатында,   алар үчүн  атайын усулдук семинарлар уштурулду. 
2018-жылдын 13-мартында, 20-июнунда, 28-августунда, 30-октябрында жана 26-декабрында өткөн XII, XIII, XV, XVI, XVIII сессияларынын күн тартиптеринин долбоорлору  шаардык Кеңештин 2018-жылга бекитилген  иш планы жана туруктуу депутаттык комиссиялардын сунуштары боюнча  түзүлүп, шаардык Кеңешинин сессиялары белгиленген мөөнөттө, регламентке ылайык өткөрүлдү. Өткөрүлгөн сессияларда каралган маселелердин жыйынтыктары боюнча шаардын турмушунда маанилүү деп эсептелген социалдык жана экономикалык түрдүү багыттагы 49 токтом кабыл алынды.
Шаардык Кенеште ар тармакты камтыган 6 туруктуу депутаттык комиссия шаардын социалдык-экономикалык тармактарын өнүктүрүү багытындагы түрдүү маселелерди талкуулашып, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты. Ош шаардык Кеңешине жарандардан, мекеме-ишканалардан жана Ош шаарынын мэриясынын кайрылууларынын негизинде бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна сунушталган каттарды кароо боюнча 2018-жыл ичинде 13 отурум өткөрүлдү. Аталган отурумда Ош шаарынын мэриясынан, мекеме-ишканалардан, шаар тургундарынан ар кандай маанидеги каттары каралып, отурумдун чечимине ылайык токтом кабыл алынып, алар боюнча тиешелүү иш-чаралар камсыздалынды. Жалпысынан аталган  туруктуу депутаттык комиссиясы тарабынан  Ош шаардык Кеңешинин сессияларына 16 маселе сунушталып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы 2018-жылга карата бекитилген иш-пландын негизинде максаттуу иш аракеттерин жүргүзүү менен 2018-жылы 10 жолу отурум өткөрүлүп, 41 токтом кабыл алынды. Туруктуу депутаттык комиссия тарабынан шаардык Кеңештин сессиясына материал даярдоо боюнча 3 жолу ишкана-мекемелердин аткарып жаткан иштери менен жеринде таанышуу уюштурулду. 2018-жылы жарандардан түшкөн 51, жогорку мамлекеттик органдардан түшкөн 106, ишкана-мекемелерден түшкөн 120, бардыгы болуп 277 кайрылуу кароодон өткөрүлдү. Алардын ичинен 28 кат боюнча маселе туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунда, 10 кат боюнча маселе шаардык Кеңештин сессиясында каралды. Ал эми 239 кат боюнча шаардагы тиешелүү муниципалдык кызматтар менен биргеликте иликтөө иштери жүргүзүлүп, кайрылуулар канааттандырылды. 
Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы 2018-жылы бекитилген иш-пландын негизинде иш аракеттерин жүргүздү. Жыл ичинде 8 жолу туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлүп, 23 токтом кабыл алынды. Отурумдарда иш-пландагы 10 маселе, пландан тышкары 15 маселе каралды. Шаардык Кеңештин сессиясына материал даярдоо боюнча 3 жолу ишкана-мекемелердин аткарып жаткан иштери менен жеринде таанышуу уюштурулду.
Туруктуу депутаттык комиссия тарабынан  жогорку мамлекеттик органдардан, ишкана-мекемелерден 103 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 15 маселе туруктуу депутаттык комиссияларда жана шаардык Кеңештин сессиясында каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды, ал эми 88 кайрылуу шаардагы муниципалдык мекеме-ишканаларга, мэрияга кароого жөнөтүлүп, кайрылуулар канааттандырылды. 
Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу,   инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери   боюнча туруктуу депутаттык   комиссиясы иш пландын негизинде иш жүргүзүштү. Жыл ичинде аталган комиссиянын 4 отуруму уюштурулуп, комиссиянын отурумунда  каралган 8 маселенин  ичинен 3 маселе Ош шаардык Кеңешинин сессияларына  сунушталып, тиешелүү токтомдору кабыл алынды. 
Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы жыл ичинде 5 отурум өткөрүп, 4 жолу жерине чыгуу менен иш алынып барылды. Алардын ичинен талкууга алынган 3 маселе Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталып, тиешелүү токтомдору кабыл алынды. Аталган туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү шаардын социалдык тармагындагы көйгөйлүү маселелери болуп эсептелген, жалпы билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн сапаты, кадр жана мектеп окуучуларынын китеп менен камсыздалышы, коомчулукта айтылып жаткан коррупциялык иш-аракеттер жана билим берүү башкармалыгынын бул багыттагы жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча жеринде маселелерди кароо менен, маанилүү чечимдерди чыгара алышты. 
Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы 2018-жылы бекитилген иш-пландын негизинде иш аракеттерин жүргүздү. Жыл ичинде 8 жолу отурум өткөрүлүп, 21 токтом кабыл алынды. Алардын ичинен 5 маселе шаардык Кеңешинин сессиясына кароо үчүн сунушталып, тиешелүү токтомдор чыгарылды. Туруктуу депутаттык комиссиясына жогорку мамлекеттик органдардан, ишкана-мекемелерден 30 кайрылуу келип, 20 кайрылуу шаардагы муниципалдык мекеме-ишканаларга жана аткаруу бийлигине жөнөтүлүп, кайрылуулар канааттандырылды. 
Жыл ичинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык, шаардагы мекеме ишканалар жана аткаруу бийлиги менен биргеликте шаардын ар тараптуу өнүгүүсү жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлүүсү боюнча Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, эл өкүлү катары биргелешкен иш-аракеттерди колго алышты. Бул багытта шаардын социалдык-экономикалык тармагынын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошушкан айрым мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин, коомдук уюмдардын, активдүү коомчулук өкүлдөрүнүн жигердүү эмгектери бааланып, мамлекеттик даталуу күндөргө карата Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды. 
Ош шаарынын мындан ары да ар тараптуу өнүгүүсү, социалдык шарттардын талаптагыдай түзүлүүсү жана экономикалык тармагынын калыптануусу максатындагы шаардык Кеңешинин жаңы 2019-жылга карата иш планы бекитилди.
           
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)