Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

24 январь 2019, Четверг
3 152
0
         2019-жылдын 24-январында шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.
         Отурумга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, комиссиянын төрагасы Б.Шоноев, депутаттар Р.Турдуев, Г.Турдубаева, Р.Касымов, С.Назылбеков, Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
        Отурумдун күн тартибине 2019-жылга карата иш-пландагы 1 маселе, пландан тышкары 2 маселе киргизилген. Алар Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө окуучулар үчүн негизги жол акынын 50 пайызын төлөө жана автобус, троллейбустарда электрондук билети жок жүргүнчүлөр үчүн 10 сом кылып белгилөө жөнүндө, «Ош шаарында коомдук транспортту жакшыртуу» долбоорунун 2-фазасын улантуу үчүн 3-линияны ачуу жөнүндө, Ош шаарындагы көчөлөрдүн, парктардын, сейил бактардын тазалыгы, арыктардын ирригациялык иштери боюнча «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маселелер каралды. 
         Отурумда жогорудагы маселелер боюнча ар бир ишкана-мекемелер тарабынан маалыматтар угулуп, талкууланып, депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынып, бир маселе мэрияга кайтарылып, Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө окуучулар үчүн 5 сом, автобус, троллейбустарда электрондук билети жок жүргүнчүлөр үчүн 10 сом кылып белгилөө жөнүндө жана көчөлөрдүн, парктардын, сейил бактардын тазалыгы, арыктардын ирригациялык иштери боюнча «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маселелер жерине барып таанышып, жолугушууларды өткөрүп, андан кийин жогорудагы аталган маселелер Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталат.




         
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)