Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Төрага, Ж.Ормоновдун экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кесиптик күнүнө карата куттуктоосу

Төрага, Ж.Ормоновдун экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кесиптик күнүнө карата куттуктоосу

19 февраль 2019, Вторник
3 070
0
Урматтуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери!
       Сиздерди Кыргыз Республикасынын финансы полициясынын кызматкерлеринин кесиптик күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм! 
Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр алдыга коюлган максаттарга жетишүүгө өбөлгө болуп, мамлекетибиздин экономикасынын коопсуздугун камсыз кылуу менен финансы-экономикалык мыйзам бузууларга бөгөт коюп келүүдө. 
         Мамлекет башчыбыз белгилегендей, Өлкөбүздүн финансылык туруктуулугу жана мыйзам бузууларга бөгөт коюу элибиздин бакубатчылыгын жакшыртуунун жана республикабыздын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги фактору экендиги анык. 
Андыктан финансылык мыйзам бузууларды алдын алуу менен коррупцияга каршы иш жүргүзүүдө, жарандарыбыздын жашоо-турмушунун деңгээлин көтөрүүдө жана мамлекетибизди ар тараптан өнүктүрүүдө сиздердин салымыңыздар зор.  
           Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик кызматкерлердин өлкөбүздөгү кадыр-баркы — таза эмгек, ак ниет мамиле, мекенчилдик сезимдер менен   бааланган учур келди. Бул милдеттерди турмушка ашырууда сиздердин талкыпаган эмгегиңиздер аба менен суудай зарыл. 
Андыктан бардыгыңыздарга  чын ниеттен тынчылык, жакшылык,ден-соолук, бакубатчылык, мыйзамдуу укуктардын сакталышын жана келечекке зор ишеним каалайм!
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)