Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында «Нооруз-2019» майрамына арналган салтанат өткөрүлдү.

Ош шаарында «Нооруз-2019» майрамына арналган салтанат өткөрүлдү.

21 март 2019, Четверг
3 252
0
Ош шаарынын борбордук аянтында «Нооруз-2019» майрамына арналган “Нарктуу, даңктуу, касиеттүү Ош шаарым, сени менен сыймыктанам ар дайым!” аттуу программа шаар тургундарына арналды.
Салтанатка КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана үч миңден ашуун шаар тургундары, коноктору катышышты.
 Өкмөт башчысы «Нооруз» майрамы менен шаардыктарды куттуктап. “Мамлекеттибиздин келечеги, өсүп –өнүгүүсү, элибиздин тынчтыгы жана биримдиги мындан ары да бекемдей беришине тилектеш экендигин билдирди”.
 Ноорузга карата бекитилген майрамдык программага ылайык улуттар аралык ынтымакты даңазалаган каада-салттар, уз-чеберлердин, улуттук тамак-аштардын, мөмө-жемиш, гүл жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жарманкеси менен улантылды. Төрага Ж.Ормонов “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинин  аянттында уюштурулган майрамдык салтанатта шаардыктарга каалоо-тилектерин билдирди.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)