Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү.

28 март 2019, Четверг
3 020
0
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаардын биринчи вице-мэри С.Турдуев жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда шаардык мэриянын коллегиялык жыйыны өткөрүлдү. Күн тартибинде жалпысынан үч маселе каралды. 
1. 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилинин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыктарды көрүү жөнүндө. 
2. КРнын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспексиясынын Ош шаары боюнча регионалдык башкармалыгынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө.
3. Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө.
 Коллегиянын жүрүшүндө Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине кетирилип жаткан кемчиликтери боюнча бир топ суроо-сунуштарын берди. Жыйынтыгында коллегиялык жыйындын мүчөлөрү тарабынан тийиштүү токтомдор кабыл алынды.     

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)