Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

04 апрель 2019, Четверг
2 862
0
2019-жылдын 4-апрелинде Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2019-жылдагы биринчи отуруму болуп өттү.
            Отурумга аталган комиссиянын тутумуна кирген 9 депутаттын ичинен 7 депутат катышты. Алар: Рашев Н.Т.–комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөлөрү Камчы уулу К., Абдрахманов О.Э., Мамбетов К.А.,Алимбеков Н.К., Тажибаев Ж.Д., Хакимов Х.М.
            Отурумда профилдик комиссиянын иш планына ылайык 2018-2019-жылдардын кыш мезгилине жолдорду даярдоонун жыйынтыгы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан өрттүн алдын алуу багытында аткарып жаткан иштери, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маселелер каралды.
Мындан тышкары Ош шаарынын мэриясынын каттарынын негизинде «Ош шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу, Ош шаарындагы кээ бир аты жок көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу , Ош шаарынын Курманжан Датка
көчөсүнүн №256 дарегиндеги жана Ош шаарынын Ленин-Сүюнбаев-Курманжан Датка көчөлөрүнүн чегиндеги шаар куруу түйүнүнүн эскизин бекитүүгө макулдук берүү  жөнүндө маселелер каралып, сессиянын кароосуна жөнөтүлдү.
Ал эми Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти тарабынан аткарылып жаткан иштерди кароонун жыйынтыгы менен аталган департаменттин ишин жакшыртуу үчүн алты айлык мөөнөт берилди.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)