Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду.

Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду.

29 май 2019, Среда
2 864
0
Бүгүн, 2019-жылдын 29-майында Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Отурумду туруктуу комиссиянын төрагасы Ашим Осмонов алып барып депутаттар, Т.Жунусов, С.Курбаназаров, Э.Омуралиева, Г.Эсенбаева, Е.Рузиева, С.Нуркамилова, А.Мадаминов жана шаардын вице-мэри Н.Кадыров, тиешелүү ишкана-мекемелердин жетекчилери катышышты. 
 Отурумдун күн тартибинде үч маселе каралды. 
 1.Ош шаарынын мэриясынын 2019-2020-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын бекитүү жөнүндө.
 2.«Келечек» балдар чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу.
 3.Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациалоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Ош шаарынын мамлекеттик залалсыздандыруу бекет мекемесинин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндөгү 2019-жылдын 19-февралындагы №159 токтомунун аткарылышы жөнүндө.
 Аталган маселелер боюнча депутаттар өздөрүнүн суроо талаптарын, сын-сунуштарын тиешелүү жетекчилерге беришип, кызуу талкуулоолордон кийин күн тартибиндеги биринчи маселени сессияга сунушташты. Ал эми калган эки маселенин маалыматтары комиссиянын отурумунда эске алынды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)