Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди

01 июнь 2019, Суббота
4 158
0
Бүгүн Ош шаарында 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнура Алтыбаева, Шаардык Кеңештин депутаты Марс Исаев жана шаардагы иш кана жетекчилери катышышты. Иш чара “Ош облустук балдар ооруканасында”, “№12 көмөкчү жатак мектебинде”,”Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, ошондой эле “Дельфин” спорт мектебинде уюштурулду. Анда төрага жаш өспүрүмдөргө ден соолук каалап, бүгүнкү майрамы менен куттуктап, Шаардык Кеңештин депутаттарынын майрамдык белектерин тапшырды.
Майрамдык иш чара концерттик программалар менен коштолду.

Бүгүнкү жаштар эртенки биздин келечегибиз, биз аларга татынтуу тарбия, мыкты билим берип, аларга жаркын келечек түзүп берүү биздин милдетибиз  деди-Ж.Ормонов.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)