Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

10 июнь 2019, Понедельник
2 745
0
Отурумда Ош шаарынын мэриясынын А.Шакиров көчөсүнүн №22 дарегиндеги жалпы аянты 1700,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан мурдагы «Ош-Жибек» айыл чарба кооперативинин клубунун имаратын Ош шаарынын жергиликтүү маданият жана тарыхый эстеликтерди коргоо шарты боюнча түзүлгөн картасынын 39-пунктунун тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү каты каралды. 
 Туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан айтылган сунуштардын негизинде бул маселе Ош шаарынын мэриясына, кайрадан толуктап, иштеп чыгуусу үчүн жөнөтүлдү. 
 Жыйынтыгында каралган маселе боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү токтому кабыл алынды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)